«Сен сүйгөн кыргыз макалы» жаштардын эссе сынагы жарыяланды

«Кыргыз улутунун руханий кайра жаралуусу үчүн» жаштар кыймылы, «Тынчтыкты коргоо борбору» коомдук фонду, республикалык «Манас» жаштар ордосу, Руханий биригүү демилгеси жана «Акипресс» маалымат агенттиги менен биргеликте «Сен сүйгөн кыргыз макалы» жаштардын эссе сынагын жарыялайт.

Конкурстун максаты – кыргыздын салттуу баалуулуктарын коомчулукка популяризациялоо, коомдо бул баалуулуктарды терең түшүнүү жана аларды жаштардын күндѳлүк турмушунда колдонуу.

Сынакка жаш курагы 16 жаштан 35 жашка чейин, билимине жана башка параметрлерине карабастан, Кыргызстандын бардык жаш атуулдары катыша алат. Сынактын шарты боюнча макал-лакаптардын бирин тандап эссе жазуу керек жана ал тѳмѳндѳгү суроолорго жооп камтышы шартка ылайык:

  • Макал-лакаптын жеке жашооңузга тийгизген таасири
  • Макалдардын бүгүнкү күндѳгү актуалдуулугу
  • Коомдук жана жеке турмуштагы кѳйгѳйлѳрдү ачып берүүдѳ макалдын күчү канчалык
  • Ийгиликке жетүүдѳ макалдардын оорду канчалык
  • Макалдын пайдасы тууралуу жеке жашооңуздан мисал айта аласызбы
  • Элдик акылмандуулукту (макалдарды) колдонуу кандай жыйынтыкка алып келет деп ойлойсуз

Эссени тѳмѳнкүдѳй форматта калыпка салуу керек:

  • Тил: кыргызча же орусча (эки тил тең кабыл алынат)
  • Кѳлѳмү: 2-4 бет, А4
  • Стиль: 12 шрифт Times New Roman, сап арасындагы интервал 1,5.

Сынакка эсселерди ушул электрондук почтого жиберүү керек:

Makal.Kyrgyz@gmail.com

Сынак 2012-жылдын 30-мартына чейин жүргүзүлөт. Сынактын жыйынтыгы 2012-жылдын апрель айында чыгарылат. Жеңүүчүлѳргѳ тѳмѳндѳгүдѳй белектер тапшырылат:

  1. Биринчи орунга – iPad
  2. Экинчи орунга- iPhone
  3. Үчүнчү орунга (интернет добуш берүүнүн негизинде) – Kindle

Мыкты деп табылган эсселер «Акипресс» маалымат агенттигинин сайтында (атайын рубрикада) чыгарылат жана ошондой эле кыргыз макал-лакаптыр боюнча эсселер жыйнагынан жарык кѳрѳт.

«Баракелде», 29.02.2012-ж.

ДАГЫ БАШКА СЫНАКТАР

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.