Китеп чыгаруу статистикасы: Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында акыркы орунду алды

Көз карандысыз мамлекеттердин Китеп таркатуучулар ассоциациясы (КТАС) жүргүзгөн изилдөө боюнча, Кыргызстан китеп чыгаруу иштери боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң акыркы орунду алды. Мисалы, 2010-жылы (2011-жылдын жыйынтыктары али даяр эмес) Орусиянын ар бир жаранынын башына 4,61 китеп чыгарылса, Беларуста – 4,55, Украинада – 0,986, Казакстанда – 0,94, ал эми Кыргызстанда – болгону 0,161 китеп.

Эгер Европада бир китеп дүкөнү орточо алганда 13-15 миң адамга туура келсе, Казакстан менен Украинада бир дүкөн 32 миң адамга, Орусияда – 47 миң адамга, Кыргызстанда – 266 миң адамга туура келет.

Ошондой эле 2007-жылга салыштырмалуу Кыргызстанда басмалардын саны 3 эсе кыскарган – 71ден 26га чейин.

Толугураак маалыматты “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайтынан бул жерден көрө аласыздар.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.