Рысбек Жабиров, продюсер: “Ак калпак кыргыз элине көрк берет”

Былтыр 5-мартты “калпак күнү” деп белгилегенбиз. Мындай идеяны коомчулук да кош колдоп кабыл алышканы маалым болгон. Эгер эсиңизде болсо, 5-мартта мырзаларыбыз калпак кийип, улуттук баш кийимдин баркын дагы бир жолу көрсөтүшкөн. “5-март калпак күнү болсун” деген сунушун коомчулукка жарыялаган продюсер, кинорежиссер Рысбек Жабировго азын-оолак суроо менен кайрылдык.

-Рысбек мырза, былтыр 5-мартты “калпак күнү” деп белгиледик, бул күндүн максаты тууралуу айтып берсеңиз?
-Бизде жалпы коомчулук түп көтөрүлүп белгиленип жаткан, керексиз майрамдар көп. Ошолорго каршы “улуттук майрамдарды көбөйтсөк, адамдарды патриоттуулукка үндөсөк” деген максатта, бул идеяны ишке ашырууга аракет кылганбыз. Ак калпак Кыргызстандын “БРЕНДИ” болуш керек. Жаштар элде жок улуттук баш кийимибизге болгон көз карашын жаңыласа, ак калпактын кадырын, улуулугун, тарыхын билишсе” деген максат. Кээ бирөө “Рысбек Жабиров атын чыгарыш үчүн бул нерсени жасап атат” деп ойлошу мүмкүн. Эгер мен атымды чыгаргым келсе, мындан башка жолдор толтура.

-Бул идеяңызды коомчулук кандай кабыл алды деп ойлойсуз?
-Менимче, көпчүлүгү жакшы кабыл алышты. Көптөгөн окуу жайларда калпак күнүнө карата атайын иш-чаралар өттү, жаштар министрлиги колдоого алды. Бир жылдын ичинде жакшы көз караштар пайда болду. Мисалы, “Кыргыз эл” коомунан Айдай деген чебер кыз калпак көргөзмөсүн уюштурганга жетишти. Көргөзмөдө калпактын бир нече түрүнө күбө болуп, улуттук баш кийимибиз өзүнүн оригиналдуулугу, баалуулугу менен айырмаланып турарына дагы бир жолу ынандык.

-Ал эми быйыл 5-мартка кандай даярдык көрүп атасыздар?
-Быйыл 5-мартта “Мурас” партиясынын жаштар канатынын жана “Кыргыз эл” коомунун колдоосу менен Тарых музейинде көргөзмө жана жарманкелер болот. Кошумча, концерттик программалар уюштурулууда. Жогорудагы колдоочулардын демилгеси менен ак калпак – кыргыздын улуттук баш кийими катары ЮНЕСКОГО жөнөтүлүп жатат.

-Сиздин жеке пикириңизде, 5-мартты жалпы кыргыз эли кандай майрамдашы керек?
-Былтыр калпак күнү биринчи жолу белгиленип атканына карабай, көчөдө жалпы мырзалар улуу-кичүүсүнө карабай, баштарына ак калпак кийишип, бир башкача сезим пайда болгонун байкаган элек. Өзүңдү кадимкидей кыргыздын өлкөсүндө жүргөндөй сезесиң. Ушунун өзү эле чоң майрамды, салтанатты жаратат. Мен ойлойм, быйыл дагы 5-мартты мүмкүн болушунча жакшы майрамдаганга аракет кылабыз. Менимче, ар бир мырза бул күнү башына калпак кийип, башкаларга дагы үлгү болот. Балким, келечекте калпак күнү жаңы идеялар менен коштолуп, чоң майрам катары белгиленип калаар.

-Күн сайын калпак кийип жүрсө болбойбу?
-Ыңгайы келсе, күн сайын калпак кийип жүргөнгө не жетсин?! Азыр заман өзгөрүп, “жүз жылда жер жаңы, элүү жылда эл жаңы” дегендей, саркечтик башка агымга ыктап жатабыз. Бирок, ошого карабай калпакты башынан түшүрбөй, баалап-барктап кийип жүргөн мырзалардын саны арбын.

-Бул майрамга мамлекет башында тургандардын оюу кандай экенин байкай алдыңызбы? Алар тараптан колдоолор болуп атабы?
-Мен аларга кайрылган жокмун. Болгону, элге жага турган саамалыктын демилгечиси болуп калдым. Андыктан, мындан ары өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулабы же бурулбайбы (?), бул нерсе жалпы коомчулуктун көз карашынын негизинде ишке ашат деп ойлойм.

Айнура Касымова, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.