Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун жылдык бюджети 23 млн сом болушу мүмкүн

1-мартта Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмазбек Касенов билдиргендей, аталган борбордун жылдык бюджети 23 млн сомду түзүшү мүмкүн, деп кабарлайт “Вечерний Бишкек”. Анын 3 млн сому – кызматкерлердин айлык акылары.

Аталган каражатка ар бир аймакта бирден методист жана машыктыруучу айлык акы менен камсыздалып турмакчы. Ошондой эле жылына 7 жолу бардык улуттук оюндар боюнча комплекстүү оюн-мелдештерди өткөрүп туруу пландаштырылууда. Аны менен катар курама командалар түзүлүп, ар бир федерация өздөрүнүн башкы машыктыруучуларын дайындашмакчы. “Ар бир спорттун түрүндө өзүлөрүнүн бирдиктүү спорттук формалары болуш керек”, – дейт А.Касенов.

Эскерте кетсек, Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору КР Өкмөтүнүн токтому менен быйыл февраль айында Спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында түзүлгөн болчу. Ага учурда тогуз коргоол, ордо, көк-бөрү, ат-чабыш, кыз-куумай, тай-тебиш, кулатуу, эр-таймаш ж.б.д. улуттук оюндар федерациялары кирет. 1-мартта аталган борбордун биринчи жыйыны болуп өттү.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.