“Кар” темасына арналган бир ырдын сынагынын жеңүүчүлөрү

«Кар» темасына арналган бир ырдын сынагы аягына чыгып, жеңүүчүлөрү да аныкталды.

Жыргалбек КасаболотовОлжобай Шакир, Марат Токоев жана Жумадин Кадыров курамына кирген жюринин пикиринде, “Кар” темасына арналган эң мыкты ырдын автору – Зайырбек Ажыматов.

Таңкы бурганак

Экинчи орунда Жылдызбек Турсунбаев. Белгилей кетсек, ал мындан мурдакы эки сынактын жеңүүчүсү болгон.

Кар бүртүк

Үчүнчү орунда сынагыбызга биринчи жолу катышып жаткан, алыскы Финляндиядан ырын жиберген Асыран Айдаралиев.

Бурганак

Ал эми блогубуздун окурмандарынын сыйлыгынын ээси – Мырза Саматов.

Кар жана Кыш

Жюриге жеңүүчүнү аныктоо – жеңил болбоду, анткени сынакка катышкан ырлардын дээрлик баардыгы мыкты жазылган ырлар эле. Ушуга байланыштуу алар алган баалар бир-бирине эң жакын болуп, ар-бир жюринин баасы абалды кескин өзгөртүп жатты. Эми сынактын жайы ушундай болот экен – сөзсүз бирөөсүн жеңүүчү катары аныкташ керек.

Ал эми сынакка катышкан ырларга түшкөн окурмандардын жылуу пикирлеринин саны боюнча Мырза Саматовго эч ким тең тайлаша албады.

Ушуну менен бир жыл аралыгында жылдын төрт мезгилине арналган бир ырдын сынагы аягына чыкты. Биз бул сынакты уюштуруп жатып кыргыз поэзиясынын өнүгүшүнө, жаңы ысымдарды ачууга колубуздан келишинче жардам берели деген максаттарды койгонбуз. Аны канчалык аткара алдык, айтыш кыйын, бирок жюринин мүчөлөрү өздөрү үчүн көптөгөн мыкты жаш акындарды ача алды.

Биз убадалагандай, сынактардын жеңүүчүлөрүнүн ырлары жана да ар бир сынактын сыйлыкка жетпей калган, бирок жакшы таасир калтырган ырлар кирген китепти басып чыгарууну сынактын негизги демөөрчүсү “Бийиктик” басмасы моюнга алат.

Эми болсо бир жыл аралыгында биздин сынакка катышкан ырлар менен кайрадан таанышып чыксак:

Көктөм

Аптап

Күз

Кар

“Кыргыз маданият борбору” мындан ары да ушуга окшош адабий сынактарды өткөрүп турмакчы. Жакынкы аралыкта анын шарттарын жарыялайбыз!

 

Соц тармактар:

2 thoughts on ““Кар” темасына арналган бир ырдын сынагынын жеңүүчүлөрү

  • 07.03.2012 at 09:34
    Permalink

    Урматтуу Кыргыз маданият борбору! Сынагыңардын жыйынтыгы чыгып, андан да ырым үчүнчү орунду ээлегени мен үчүн күтпөгөн жаңылык болду. Ыраазычылык билдирем! Кыргыз маданиятына, ар кандай колдоо муктаждыктарга суусап турган “чымыны” бар чыгармачыл жарандарга кылган кызматыңардын, ак дилдүү аракетиңердин арымы узара берсин! Уюштуруучуларга жана калыстар тобунун иштерине ийгилик! Ар дайым бар болгула! Асыран АЙДАРАЛЕВ, Финляндиядан.

    Reply
    • 07.03.2012 at 09:46
      Permalink

      Рахмат! Мындай сөздөрдү угуу биз үчүн чоң кубаныч!

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.