«Супарадагы» «Бешбармак FEST»

21 мартта саат 14:00дө «Супара» этнографиялык комплексинде «Нооруз» майрамына арналган «Бешбармак FEST» аталышындагы фестиваль өтөт.

Фестивалдын программасында:
1. «Сүмөлөк» жана «Алас» ритуалдары
2. «Супара» этнографиялык комплексинин конокторунун арасында «Аркан-тартыш», «Жоолук-таштамай»,  «Жаа атуу», «Ордо», «Макал-лакап айтыш» оюндары өткөрүлөт – жеңүүчүлөргө сыйлыктар каралган!!!
3. «Ташчайнар» – Супер-шоусу. «Ташчайнар» Гиннес Рекорддор Китебине кириш үчүн ТИШИ менен 5 цинктелген темир листтерди айрымакчы.
4. «Туран» фольк-тобунун концерти
5.Ташка бышырыла турган «Таш Кебек» тамагын жасоо жолу көрсөтүлөт.
6. «Бозо ичмей» мелдеши – жеңүүчүгө 3 000 сом!
7. «Балбан Бешбармак» мелдеши – бир койду жалгыз жеген кишиге – жылкы!!!

Бул күнү бешбармактын бардык түрлөрүнөн: «Нарын бешбармагы», «Талас бешбармагы», «Өзгөчө бешбармак», «Балбан бешбармак» (атайы заказ боюнча) жана «Таш кебектен» даам татып көрсөңөр болот.

Конокторду «Күлчоро» менен «Каныкей» тосуп алат!

Тел.: 0 555 465051, 312 465051, 0551 356383

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.