Эльмира Кайып кызы, ырчы: “Элмирбектин “Булбулу” мени пенсияга чыгарат окшойт”

“Булбулумду” булбулдай ырдаган Эльмира айым жакында Астана шаарында өткөн “Түрк элдеринин маданий борбору-2012-жыл” деп, “Түрксой” уюму уюштурган түрк тилдүү элдеринин эл аралык фестивалына барып катышып келгенин айтып, ыр-сапарынан алган таасирлери менен бөлүштү.

– Бул фестивалга 12 мамлекеттин өкүлдөрү келип катышты. Өнөрпоздор Алтайдан, Хакасия, Тува, Азербайжан, Түркмөнстан, Түндүк Кипр, Башкырстан ж.б. келишти. Ар өлкөнүн өнөрпоздору менен бир сахнага ырдап чыкканым, дегеле фестивалдан алган жалпы таасирлер менин чыгармачылыгымды мындан ары өркүндөтүүгө кандайдыр бир стимулду пайда кылды.

Ар кайсы өлкөнүн программаларын көрүп отуруп өз өлкөң менен салыштырат экенсиң. Мисалы, хакастар тамагы менен ырдашат да, “горловое пение” деп койот орусча. Буларда ал аябай күчтүү. Кыздарынын ырдаганы күлкүлүү угулду же биз көнбөгөнгөбү, билбейм. Көбүнчө эркектери ырчы болушат экен ал жакта. Ар кимдин музыкалык аспабы ар башка. Көбүнүкү эки кылдуу экен. Бизден барган музыкант Жусуп Айсаев кайсы өлкөнүн аспабы болсо да оңой эле ойноп коюп атты. А биздин комузду бири да ойной алышкан жок. Ошондон улам комуз чын эле абдан ойногонго оор аспап окшойт деп ойлоп койдум. Болбосо ал жакка баргандар музыканы терең түшүнгөн, аспаптарда кол ойното билген, эмгек сиңирген, эл артисти наамын алган артисттер болушту да.

Мага казактардын “Улуу тоо” деген этно-рок группасы жакты. Барабан черткени канттык орус жигит экен. Алар менен мен бир жылдары Германиядагы чоң көргөзмөдө сахнага чогуу чыккан элем. Анан Карагат аттуу айым жетектеген “Жетигенчилер ансамбли” жакты. Жалаң кичинекей кыздар, жетиген деген аспапта ойношот экен. Бул аспап мурда анда-санда эле болсо, азыр кеңири жайылтылып, музыкалык мектептерге сабак катары киргизилиптир. Түндүк Кипрден “Евразия жылдызына” катышкан Сойхан келиптир. Ал бизге жакын болуп, чогуу жүрдү. Гүлжигитке салам айтты. Гүлжигит аткарган “Сагынганда бир келерсиң,/ саргайганда бир келерсиң,/ Ала-Тоону көргөнү/” деп бизге ырдап берсе, сүйүнүп алганбыз тимеле (күлүп).

-А Кыргызстанды алар кандай кабыл алышты?
-Мактангандай болбоюн бирок, биздики баари бир өзгөчө болду. Айтып өткөндөй, башка өлкөлөрдө чоң-чоң артисттер барышса, бизден Жусуп Айсаев жетектеген музыкалык мектепте окуган кичинекей таланттуу балдар катышып, күү ойношту. Ырчылардан мен жана Нурбек Дайырбек уулу бардык. Биринчи күнү балдар “Күкүк” күүсүн чертип, анан мен Элмирбек Иманалиевдин “Булбулун” ырдадым. Экинчи күнү балдар “Машботойду” чертип, Нурбек Майра Керим кызынын “Мага жар керек” деген ырын аткарды. Эки күн репетиция кылдык да. “Булбулумду” кээ бир солисттер кыңылдап ырдап, жаттап алышыптыр. “Такая душевнай песня” дешип. Менин көйнөктөрүмө аябай кызыгып атышты. Чыксам эле ар кимиси тамга такап сүрөткө түшүп калышат (күлүп). Казак-кыргыз бир тууган деген сөз чын окшойт, башкаларга көп кол чаппаган казактар биз ырдап атканда кол чапмак турсун, “айт-уйт” деп сүрөп да атышты. Ошентсе демге-дем кошулуп калат экен. Фестиваль Астана шаарында өттү да. Андыктан фестивалдын гимнни “Ак ордом Астана” деп аталат экен. Аны Роза Рымбаева аткарып, ар өлкөдөн барган солисттер коштоп турдук. Берки “Түрксойдун” өзүнүн гимннин да аткардык. Түрк тилинде. Студияда жаздырдык да, мен ырдап чыксам, Нурбек айтат: “Эльмира эже, сизди үн режиссерлору мактап атышты, “жакшы ырдайт экен, деп” дейт. Сойхан дагы “сиздин үнүңүз түрк ырларына абдан ылайык келет экен. Түркчө ырдабайсызбы?” деди эле, келер замат түркчө, казакча ырларды репертуарыма кошууга бел байладым.

-Уюштуруучулар жакшы кабыл алышса керек?..
-Ал жагына эми сөз жок. Мыкты уюштурушуптур. Режиссерлору да аябай дыкат иштешет экен. Фестиваль бүткөн соң конокторду Маданият министри менен “Түрксойдун” жетекчиси ресторанга мейман кылышты. Ал жактан да ар бир өлкөдөн бирден номер аткарылды. Бизден кичинекей Жанарбек күү чертти (а фестивалдын өзүндө кыл-кыяк черткен эле). Күүнү кулактарына абдан куйду эми, Маданият министри өзү тура калып кол чаап турду. Бүткөндө жанына чакырып алып, кол алышып, бетинен сүйүп, сүрөткө түштү. Негизи Жанарбек абдан таланттуу анан активдүү бала экен. Кыргызстанга келип, фестиваль боюнча радиого чогуу барып интервью берип калдык. Ал жакта чопо-чоор чертсе, “азамат!” – деп таңгалып калыптырмын. Анан банкетте бизден Нурбек “18 жашты” ырдады. Ырдап атса, Азербайжан, Башкырстан, Туркиядан келген ырчы кыздар ийиндерин сонун кылып солкулдатып, Нурбекти тегеректеп алышкан. Тимеле жакшы көрүнөт десең…

-Бул фестивалга ким аркылуу, кандай негизде барып калдыңар?
-“Тагдыр, мезгил, жашоо” деген коомдук фонд бар экен. Жетекчиси Мира Токтоганова деген эже ар кандай конкурс, фестивалдарга чет-элден келген чакырууларды алып, бизден таланттарды жиберүү менен алектенет экен. Ошол эженин сунушу менен барып калдым. Ал атайын мени ылайыктап, издептир. Жолукканыбызда, “Кайда эле көрүнбөй жүрөсүң? Жакшы ырдайсың, бирок жалкоолонбой иштешиң керек!” деп, фестивалдын жол-жобосун айтты. Бул жактан бир топ ырларымды, сүрөтүмдү интернет аркылуу салып жибергем. Көп эле ырчылар ошентип жөнөтүшүптүр. Бирок, ал жактын уюштуруучулары Нурбек Дайырбек экөөбүздү тандашыптыр. Мен аткарган ырлардын арасынан баягы эле “Булбулумду” жактырышыптыр. Алтынбек Сапаралиев “Ыстаканда кантың бар” ыры менен пенсияга чыгат окшойм” дегендей, Элмирбектин “Булбулу” мени элге таанытып, эми пенсияга чыгарат окшойт (күлүп). Уюштуруучулар үндөн тышкары аткаруучунун кастюмдарына, өң-келбетине көңүл бурушат экен. Алар деле кооз фестиваль өткөргүсү келет да. Кээде Кудайга ушундай өң-түс, талант берип койгонуна абдан ыраазы болуп кетем. Талантымдын аркасынан көп өлкөнү кыдырдым, эл көрдүм, жер көрдүм дегендей. Бирок, чындыгында акыркы жылдары жалкоолуктун таразасынын ташы көбүрөөк басып кеткен. Ал үчүн да Кудайдан “берген талантыңды жалкоолонуп бапестебей жүрөм, мени кечире көр” деп кечирим сурайм.

Эльмира МадиеваУчур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.