Сиздин пикириңизде ар-бир адам кайсы китептерди сөзсүз окуп чыгышы керек?

Китептер  – жан дүйнөнүн азыгы. Анткени китептерде адамзатттын  тарыхы, топтогон тажрыйбасы, акыл-эси, руханий байлыгы камтылган. Ушуга байланыштуу көп учурда адамдын кандай экендигин анын окуган китептери боюнча баамдасак болот.

“Кыргыз маданият борбору” ушундай суроо менен окурмандарына кайрылат. Анын жыйынтыгында баарынан көп сунушталган 100 китептин аталышын камтыган тизмекти сунуштамакчыбыз.

Мындай сурамжылоонун жүргүзүп жатканыбызыдын себеби – ушуга окшош тизмектерди Интернеттен көп кезиктирсек болот. Бирок алар негизинен орус, англис ж.б. тилдүүлөрдүн арасында жүргүзүлгөн жана бул тизмекте негизинен ушул тилдерде жарыяланган гана чыгармалар аталган. Биз кыргыз тилдүүлөрдүн тандоосун сунуштап көрөлү дедик. Бул тизмек жаштар үчүн пайдалуу болот деген тилектебиз.

Сурамжылоо блогдун Фейсбуктагы баракчасында жүргүзүлүүдө. Катышыңыздар!

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.