“Ак илбирстин тукуму”

okeyev.kg сайтынан

Кино индустриясында кыргыз керемети аталган “Ак илбирстин тукуму” тасмасы көрүүчүлөрдүн кызыгуусун бүгүнкү күнгө чейин арттырып келет. Операторсуз кино тартылбайт. Аталган тасманын тартылышы туурасында мыкты оператор, актер жана режиссер, Кыргыз эл артисти Нуртай Борбиев баяндап берди.

“Операторлукка Төлөмүш Океев өзү сунуш кылган”
“Кожожаш” киносу 1983-жылы тартылган. Кинодо оңой-олтоң кадр тандоо болбойт. Чыгармачыл адамда изденүү болуш керек. Бир чети кино тартканыма өзүмдү бактылуу деп эсептейм, себеби, режиссер Төлөмүш Океев мени мурда эле билчү. Режиссерлор деле ким менен иштешүү керектигин издешет эмеспи. Ал мени үйүнө алып барып, чай үстүндө “Кожожаш” менен “Карагул ботом” кенже эпосторун бириктирип, кино тартайын деген ниетин сунуштап калды. “Кожожаш жөнөкөй эле бүгүн бар эртең жок тасмалардын бири эмес. Бул эл оозунда кылымдан бери айтылып келе жаткан чыгарма. Эгерде уят болбой тургандай кылып тартсак, анда мен өзүмдү чыгармачылыгымдагы эң бир жетишкендигим катары баалайм” деп ойлоп, тартууга макул болдум. Ошентип “Ак илбирстин тукуму” тасмасын тарта баштадык.

“Ак илбирстин тукуму” Кыргызстандын төрт жеринде тартылган
Тасма атактуу Хан-Теңири чокусунда тартылды. Караколдон Хан- Теңириге чейин тик учак менен 40 мүнөттө жетесиң. Жөө басса үч күндүк жол. Ал жакка барганда да, тоого чыга алган альпинисттерди баштап баруу керек. Аталган чокунун бийиктиги 6, 995 метр. Деңиз деңгээлинен 5 миң метр жогору. Биз албетте чокусуна жете алган жокпуз, бирок, андан бир аз төмөнүрөөк жагында болдук. Ал жерде муздун үстүндө он беш күндөй туруп калдык. Күн абдан суук. Жаңы барганда ар он-он беш мүнөттүн ичинде “дүңң” деген үн угулуп жаткан эле. Көрсө, муз бири-бирине урунуп, “дүңң” деген үн угулуп жатканы ошондон экен. Анан алар акырындап сынып, эрип, суу болуп агып келет тура. Андан кийин Казакстандын Моюн-Кум талаасына бөкөндөрдү тартуу үчүн бардык. Ал жакка февраль-март айларда барганбыз, сөөктөн чучукка өтө турган суук. Жигиттерибиздин муруттары да муз болуп тоңуп калган эле. Биз баргандан кийин бөкөндөргө 300 метрдей алыс аралыкта жайгашып, жардамчы операторлорум менен тарта баштадык. Алар бизди көрүп калса, акырын жылып качып жөнөйт. Мен болсо бөкөндөр көрбөсүн деп аппараттар менен кыймылдабай гана олтурам. Моюн-Кумда бир ай жүрдүк. “Ак илбирстин тукумун” Кыргызстандын төрт жеринен тарттык. Андан кийин Ала-Арча капчыгайында, Ат-Башыда бир- эки айдай жүрүп калдык. Мундузбайдын айылын, тойлорду жана ойроттор менен салгылашкан жери бар эле аны тартабыз деп Ат-Башыда эки ай жүрдүк. Негизинен тасманы тартканга бир жарым жылдай убакыт кетти. Моюн-Кумдан келгенден кийин ооруп калдым. Муз үстүндө жүргөнүм жана Казакстандын талаасындагы суук зыянын тийгизбей койбоптур. Анан бир күнү Төлөмүшкө: “досторуң бар го, эптеп бир сауна таап берсең боло” деп айттым. Ал макул болуп, бир саунага бардык. Андан келгенден кийин бир ай ооруп үйдө жаттым. Көл-шал болуп абдан тердедим. Колум мурдума жетпей абдан кыйналган учурум болгон.

Операторсуз тасма тартылбайт
Мен тарткан кадрлар болбосо, мыкты кино болот беле, болбойт беле ким билет? Тартууга ылайыктуу жер тандап жатканда Төлөмүш экөөбүздүн ортобузда талаш-тартыш жаралган. Кожожаш болсо тоонун арасында жашаган мергенчи. Андан тышкары дагы бир учур Кожожаш менен Касендин тоодо кетип бара жаткан жери бар эмеспи. Аларды “бери жактан эле тарта бер” деп Төлөмүш болбойт. А мен тээтиги аскалардын фонунда көчкүнүн келе жатканын да кошо тарткым келди. Эгер андай тартпасам мыкты эффект жаралбайт болчу. Анан тырышып, айтканыман кайтпай туруп алып тарттым. Тасмада абдан бороон болуп жаткан жери бар. Дагы бир айта кетчү нерсе ошол бороондор жасалмасыз болчу. Мурда бороонду атайын канат-куйругу жок учактын моторун иштетип карды учуртчубуз. Мында чыныгы бороон болуп жатканына карабай мыкты тасманы тартууга аракет жасадым. Жыйынтыгында мыкты тасма аталып, бет ачаары Германиянын Берлин шаарында болду. Анда “Ак илбирстин тукуму” “Күмүш аюу” номинациясына ээ болуп бизди сыймыктандырган. Экинчиси, Москвада өткөрүлдү. Оператордук билимим жок болуп туруп эле, ушундай зор ийгиликке жетиштим.

Кене каптаган Сур эчки
Кинону өтө кыйынчылык менен тарттык. Бир жолу мындай окуя болду. Төлөмүш Океев “кайберендерди тартыш керек, кийин убакыт болбой калат” деп калды. Анан тоо кийиктерин тартуу үчүн Кегети деген жерден дагы өйдөрөөк токойдун арасына бардык. Анда май айы эле. Кадимкидей эле бир чатыр тиктик. Бир маалда 50-60тай кайберенди көрдүк. Алар турган жер өтө бийик экен. Аларга жакын барабыз деп күйүгүп, демибиз кыстыгып араң жеттик. Жетип эле аппаратты койгучакты жыт сезип тура башташты. Ошол учурда кайберендер качып бара жаткан жерин шашып тартып калууга үлгүрдүк. Аларды тартып, кайра кайтып келе жатсак, жол боюндагы суу жээгинде бир кайберен турат. Сур эчки экен. Ага акырын жакындадык. Ал же качпайт, ошол жерде эле турат. Көрсө, кене каптап, денесин жеп коюптур. Ошондуктан ал жүдөп, башы айланып араң турган экен. Анан “Кудай мындай бербеспи” деп ары жагынан да, бери жагынан да сүйүнүп тартып жатам. Ошондо да качып койбоду. Анан кийин аны унаабыздын багажына салып койдук. Кийин үйүмө келгенде аны да кошо ала келдим.

Кайберендерди тартабыз деп жүрүп, кызыктуу окуяларга туш болдук
Атайын биз жалдаган мергенчилер кайберенден онду атышкан экен. Туюк Ала-Арча деген капчыгайдан болчу. Теке абдан оор жана мүйүздүү болот эмеспи. Аны беш-алтоолоп араң он-он беш метрдей жерге чейин көтөрүп барып, анан ылдый көздөй кулатышкан. Мен ошолорду тарттым. Текенин салмагы 150 килограммдай эле. Өлгөн кайберендердин этин таштап салмак белек? Аны союп, этин мергенчилерге берип, калганын аябай ачка элек, казанга салып бышырдык. Бирок биз менен барган балдардын бирөөсү ичип, мас болуп калган эле, ал байкоосуздан сорпого солярканы куюп салган экен. Бышкандан кийин эти да, сорпосу да керосин жыттанат. Ошентип кайберендин этин жей албай калганбыз. Бир жолу дагы бир кызык окуя болгон. Менин жанымда тасманын директору да бар эле. Адаттагыдай эле кайберендердин артынан кетип бара жатканбыз. Колубузда оор аппараттар бар. Тоонун абасы демибизди кыстыктырып араң жол жүрүп келе жатсак, бир жерде эки-үч ат байланып турган экен. Анын жанында кайтарып, бир жаш жигит туруптур. Жакын барып, “бизди баланча жерге аттарың менен жеткизип кой” деп сурансак, кашайып болбойт. Ошондо абдан жиним келип, “сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң?” десем “мергенчилик кылып жүрөм” деди. “Силерге теке атууга ким уруксат берди, лицензияңар барбы?” деп опузалап, телевидениеге чыгарам деп, пленкасы чыгарылган камера менен калп эле тарта баштадым. Ал жигит ары качат, бери качат, болбой эле тарта бердим. Анан бир учурда бир аксакал келип калды. Ал киши совхоздун директору экен көрсө. Обкомдун экинчи катчысын коноктоо үчүн теке атып жүргөнүн айтып калды. Ошол жерден эле уруксаты жок текени атууга болбой тургандыгын айтып, аны да коркута баштадым. Анан эле ошол аксакал киши жанагы жигитти опузалап урушуп кирди. Ошентип алар бизди жетээр жерибизге чейин аты менен жеткирип келишти.

“Тарткан тасмам начар болуп калды деп” маанайым түшкөн
Салмагы 20-30 килограммдай болгон оор камераларды көтөрүп, сууктан калкалап, көтөрүп жүрүү оңой эмес. Ал учурда тасманы тартып бүткөндөн кийин пленканы түз эле Ленинградга жөнөтчүбүз. Алар карап көрүшүп, печатталгандан кийин бизге жөнөтүшөт. Биз ошондо гана кандай тартылгандыгын көрө алабыз. Анан бир күнү эле Ленинграддан келген пленканы сүрөтчүлөр менен бирге карап жатсак, анын кээ бир жерлери күңүрт чыгып, начар болуп калган экен. Аны көрүп эле маанайым түштү. Көрсө, пленканын күңүрттөнүп калган жерин акырын тешип коюш керек экен. Анан ал жараксыз болуп, киного жарабай калат да, ал жерин алып таштаса болот экен. Ошентип кээ бир жараксыз жерлерин алып салып, мыкты тасманы жараттык. Биздин аракетибиздин текке кетпегени ушундан эле байкалат. Бир күнү тасма туурасында билген окшойт атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов колумду кармап “сен мыкты оператор турбайсыңбы?” деп мактаган эле.

Самара Кабылбекова, “Заман-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.03.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on ““Ак илбирстин тукуму”

  • 22.03.2012 at 22:42
    Permalink

    абдан кызыктуу маек болуптур.чоң рахмат силерге.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.