Улут ар-намысына башын сайган Түкөм

Бул  жалган дүйнөгө кимдер келип, кимдер кетпеген. Калкка кадыры өтүп, эмгеги сиңген адамдар элдин эсинде калат, бирок «өлүү кадырын тирүү сыйлабаса», анда тирүүлөрдүн деле адамдык кунарына шек кетет.

Ар замандын өзүнүн атактуу адамдары бар. Алар — өз мезгилинин залкарлары. Көзү өтсө да көңүлдөн кетпеген андай адамдардын өмүр-өрнөгү – кийинки муундар үчүн сабак. Шум ажал эки-үч жылда эле арабыздан кыйла даанышман, даңазалуу адамдарыбызды шыпырып кетти. Дүйнөлүк атак-аброю бар, адабиятыбыздын асман тиреген опол тоосу Чыңгыз Айтматов баштаган искусство, адабият майданынын залкарлары: Асанкан Жумакматов, Дооронбек Садырбаев, Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Төлөгөн Касымбеков, Уркаш Мамбеталиевдер кыргыздын кабыргасын кайыштырып, о дүйнө кетишти. Жазмыш тагдыры ушундай, ал колдон келгис нерсе, бирок алардын элге жасаган эмгегин, мурасын муундан муунга сактоо парз.

Арабыздан аз эле жылдар мурда көзү өткөнсүгөн атактуу жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбековдун эске алынбай жатышын эмне деген парз деп түшүнсөк болот? Быйыл — жүз жылдыгы.  Бу киши да кыргыз адабиятынын бир чоң тоосу эмес беле! Манас менен Чыңгызга коюлган айкелдер борборубузга шаң берип, жарашып турат.  Көзүнүн барында эле «Түгөлбай ата» атанган, «Кыргыз Бакайы» болгон бул адам калкыбыздын кадыр-сыйына бөлөнгөн, кут конгон кутман карысы эмес беле. Ошол кезде андай атка арзуу арзан эмес болчу. Кезегинде Сталиндик сыйлыкты кыргыз адабиятында алгачкы алган жазуучу Түкөм экени ар кимге аян. Ал кишинин арааны жүрүп турганда, караанын көрүп калууга канчалар куштар эле!

Кыргыз адабиятынын тарыхындагы анын орду козголгус бекем. Түкөмдүн романы ынабаса, улуу Чыңгыз да аялуу убактысын коротуп, аны орусчага котормок эмес. Кыргыз адабиятынын патриархы болгон Түкөм адабият менен гана айланышпастан, кыргыз маданияты, кыргыз тили боюнча да ошол мезгилдин улуттук дөөлөттөрүн сактоого, өнүктүрүүгө башын сайып, депутаттыгынан да, урмат-сыйынан да кечип, чындык үчүн күрөшкөн. «Мен миң жыл жашадым», — деп өзү айткандай, ал тарыхка сүңгүп кирип, байыркы кыргыз турмушу менен бүгүнкү күндө туруп жашады. Тарыхый булактарды казып окуп, кыргыздын илгерки изине сереп салып, өткөн, өчкөн байыркы кыргыздардын тирүү элестерин жаратууга, кыргыздын кыргыздыгын даңазалоо аракетин көп жасады. Орхон-Енисей эстеликтеринин тилине, Махмуд Кашгаринин «Дивани лугатит түрк» сөздүгүнө өз көз карашын таасын-таамай айткан окумалдыгын эске албай коюуга болбойт. Эски муундардын ичинде эң сабаттуусу, эң билимдүүсү эле Түкөм боло турган.

Анын кыргыз тилин коргоо, кыргыз адабий тилинин тазалыгы, улуттук бөтөнчөлүгүн сактоо жөнүндө айткан жөндүү, адилет пикирлери ал мезгилдин шовинисттик саясатына карама-каршы келип, улутчул адам катары кабылганы да ырас.

Түкөм – улут ар-намысы, чындык үчүн саясы агымга каршы аккан алгачкы кыргыз жазуучусу. Касым Тыныстанов, Молдо Кылычты коргогондордун бири. Түкөм партияда да, кызматта да жоктугунан ошол мезгилдин токмогунан сыртта калганы менен, жазгандары чыкпай, далай запкы тарткан. А.Токомбаев экөөнүн кыргызчылык тирешүүсү экөөнө тең чыгармачылык жагынан тескери таасир тийгизген.

Түкөмдүн кайсы бир юбилейлик жылында Кыргыз ССР илимдер академиясынын жыйынында Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы Төрөбай Кулатов «Ардак грамота» тапшырганда: «Төрөбай, аны сен ал, мага кереги жок!» — деп албай койгон көйкашкалыгына таң калганбыз. Өз улуулугу, даңктуу, барктуу орден менен сый көрө турган адамга бул жорук басынтып, шылдыңдагандык катары көрүнгөн.

Оролу келгенде айта кетели. Кыргыз тилинин проблемасы канча жылдардан бери эле чечилбей келаткан түйшүктүү маселе. Кыргыз тили үчүн Түкөм да, Чыңгыз да ошол саясы мезгилдин каардуу, катаал шартына карабай, ар кимиси өз аброюна жараша чоң тобокелдикке барышкан.

1987-жыл шовинизмдин курчуп турган жылы эле. «Совет эли бир тилге – орус тилине өтүү керек!» деген чуулгандуу, арты үрөйдү учурган кооптуу ураанды көтөрүп чыгышкан. Улуттук тилдерди коргогондор улутчул катары кара тизмеге алынган. Бул коркунучтуу конференция улутчулдарга сокку катары Кыргызстанда өткөрүлүп закондоштурулмак. Конференцияда СССРдеги орус эмес улуттардын тагдыры чечилмек. Жүрөктүн үшүн алган бул окуя 1937-жыл жыттанып турган. Тил тагдыры бычактын мизине коюлган ушул шартта, бардык тозокко бел байлап, өзүнүн дүйнөлүк аброю менен, интеллектуалдык зор кубат-күч билим бийиктиги менен аргументтүү, далилдүү, жагымдуу да, жалындуу да сүйлөп, улуттук тилдердин келечегин Чыкем коргоп калган. Бул чыныгы эрдик болгон. Чыкемдин ошондогу сөзүнүн логикасынын күчү каптаган үйөр-селди кара тоону уратып, тосуп салгандай эле таасир калтырган.

Маселенин талуу жеринен кармап: «Өз балдарын өз тилинде тарбиялоого бардык элдердин укугу бар. Ошону да жогору жактан уруксат сурап жасоо керекпи?.. Көппүзбү, азбызбы – кеп анда эмес, кеп – биз жердеп турган кыргыз деген түптүү элдин чок борбору экенинде. Мына ушул жерде гана бизге мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Элдин санына, проценттик катышына карап иш чечкен учурда да мына ушуну унутпоо зарыл. Биздин улуттук маданиятыбыздын муктаждыктары жөнүндө сөз болгондо, биерде силерден башка да улуттар жашайт деген маанидеги мотивдерди каршы койгон адамдар да кездешет… Бирок алардын тилдери сакталып, өнүккөн, кубаттуу, негизги маданият борборлору бар. Немистердин аркасында бир эмес, эки Германия турат, өзбектердики болсо – бала бакча жана мектептер менен толук камсыз болгон коңшулаш Өзбекстан бар, дуңгандардыкы – бүткүл Кытай, корейлердин да эки Кореясы бар.

А эгер кыргыз маданияты ушу өз жеринде өнүгө албаса, башка эч жерде өнүгө албайт… А биз болсо, республикабыздын борборунда жөнөкөй, эч кимге зыяны жок бала бакча менен мектептерди ача албай отурабыз», — деп, далилди дал ортого таштаган.

Эгемендик келип, кыргыз тили мамлекеттик тил статусун алганда кубанычыбыз койнубузга сыйбай кубанганбыз. Эми тилибизди өнүктүрө албай өкүнүп отурабыз. Ага эч ким күнөөлүү эмес. Күнөө — өзүбүздөн, кыргыздардан. Патриоттук, улуттук ар-намысыбыз жок. Өз тилибизди өзүбүз өгөйлөйбүз. Өсүшүнө кам көрө албайбыз, кыргыз тилинин өркүндөшүнө кам көрө албайбыз, кыргыз тилинин өркүндөшүнө өзгө бирөөлөр өбөлгө түзүп бербейт, баары — өзүбүздөн. Анын механизмдерин иштеп чыгып, чечкиндүү чаралар менен бекемдеш керек, талапты катаал, катуу коюу керек. Тил мыйзамын ишке ашыргыдай иштиктүү чара көрбөсөк, иш бир орундан жылбайт.

Үмүт – үзүлбөгөн нерсе. Жакында «Рух кенчи» газетасынан (январь, 2012-жыл) «Кыргыз тилин колдоо жана өнүктүрүү Улуттук партиясынын программасын», анын төрагасы Сыртбай Мусаевдин болгонун окуп алып, көптөн күткөн бул иш акыры ушуга алып келмек деп, дем байлап калдык. Ылайым тилибиздин тирлигине Кудай кубат берсин! Тилибизге күйбөсөк, тилибизди сүйбөсөк эмне деген элбиз, эмне деген улутпуз!?

Мамлекеттик тилди мамлекеттин ар бир атуулу билгидей шарт түзүп, талап коюу зарыл. «Кыргыз Туусу» газетасы «Кыргыз туусун көтөргөндөр» деген рубрика менен конкурс жарыялап, ага «Көрбөгөндөр тоону да көрбөйт» деген Түкөм жөнүндө 1-сыйлыкка татыган макалам чыккан соң, Ысык-Көл областынын мурдагы губернатору Э.Өмүралиев макалага маани берип, Каракол шаарынын мэри, Түп районунун акими, областтык телевидениенин башчысы, ректор д.у.с. тиешелүү адамдарды чакыртып: иш-чараларды тез иштеп чыгып, бул олуттуу маселенин акырына чыгарасыңар деп катуу тапшырма берген. Ал киши кызматтан кеткен соң, козголгон иш ошол бойдон ордунан жылбай, ойдон чыгып, унут кала берди. К. Исаев деген жаңы губернатордун ал иштен ныпым да кабары болбоду, башкача жолду жолдоду, акыры өзү да оңбоду, Көлдөн көз далдоо жоголду. Апрель алааматы болду…

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу болсо өз алапайын таба албай, өкмөткө же өгөй эмес, же өз эмес, материалдык колдоо ала албай, алардын да Түкөм менен жумушу жок. Бул адамдын урматын, убал-сообун унутпай, кол жазма мурастарына көңүл буруп, архивге өткөрүү камын да көрүү керек. «Колдо бар алтындын баркы жок», — дейт. Атанын жазганын окуй албай, орусча сүйлөп калган балдардан эмнени сактап, эмне баалуулуктарды жасап берет деп күтсө болот!? Чаң баскан кол жазмаларды бир күнү чар учкандай сапырып таштаса, аларга ким күнөө кое алат!? Андай болуш кыйынбы?! Бир заматтык эле иш. Ага ким күйөт?

Кайран Алыкул Осмоновдун да кол жазмаларынын күйөөрү жогунан аягы эмне болуп «бүдөмүк» бүткөнү да өкүнүчтүү дүнүйө! Табышмак!.. Залкар адамдардын өз заманында баркка алынбай калышы замандаштарын кападар кылат. Алар – элдин адамы. Бир эле аймактын кишиси эмес. Жакшылар – жалпыга таандык.  Атаганат, колдон келсе, Жазуучулар үй-музейи уюштурса, көзү өткөндөрдүн кол жазмалары ошол жерде катталып топтолсо, иргелип ишке киргизилсе, маданият, рухий кенчибизге кандай сонун болор эле! Бул эми азыркы акча чечкен заманда биринин колу жулуп, биринин колу куруп турганда, орусча айтканда, тим эле «мечта».

Түкөмдүн наамында көчө, мектептер коюлса, сыйлык белгиленсе жарашпайбы!? Борбор солк этпесе, Ысык-Көл областынын администрациясы, Каракол шаар мэриясынын, Түп райакиминин бул колдон келер эле, жан кыйналбас маселеге кийлигишип койгону абзел болор эле. Каран калган кайдыгерлик качан калар экен!? Түкөмдүн публицистикалык макала, интервьюлары — өз заманынын летописи. Борборубуздагы коюлган эстеликтерди көрүп туруп, Түкөмдүн эстелиги түгүл, көчөгө аты-жөнү коюлбаганына кабатыр болот экенсиң.

Бишкектин Эмен паркында казак элинин улуу жазуучусу Мухтар Ауэзовдун жападан жалгыз айкели турат. Ал эстелик — кыргыз элинин «Манас» эпосу боюнча диссертация коргогон, эпостун элдигин кыйын кезеңде идеологиялык кара добулдан сактап калгандардын башында турган, «Абай» эпопеясын жазган, боордошубуздун кыргызга жасаган ак кызматы сиңгенден, аны урматтагандан коюлган эстелик. Ошол эстеликти жалгызсыратпай, Мукаңдын эң жакын досу болгон Түкөмдүн эстелиги жанаша коюлса, казак-кыргыз элдеринин боордоштук, туугандыгынын символундай болуп куп жарашып калмак. Ушуну жасоо ушунчалык эле кыйынбы!? Бул эки улуу адам көздөрүнүн тирүү кезинде эле өтө ынак-ысык достор, азилдешкен тең курбу, замандаш, кесиптеш адамдар болушкан. Дал Мукаңдын жанында Түкөмдүн катар турган оруну жетишпей жатат! Ушул жерде: «Өз агасын агалай албаган киши, … агасын сагалайт», — деген кыргыз макалы эске түшөт.

Түкөмө муштумдай ташыңды ыраа көрбөгөн кылык —  Кудай-арбакка да жага турган иш эмес, кыргыз! Бул баягы «кыргызбайлык» деп демиңди ичиңе тартып тим болосуң. Премьер-министрлерди алмаштыруу кол жоолук алмаштыргандай эле иш болгон. Айрымдарын айкел коюуга арзый электе деле кое салышчу. Эстеликти да борборго жайната бербей, чебердеш керек. Мыктынын мыктысы коюлсун. Борборду эстеликке каптаткандай ал көрүстөн эмес го!? Анте берген болбойт. Борбор – маданий, ыйык жай. Балким, көзү өтсө, «кыргыздагы эгемен алгандан кийинки биринчи орус премьер-министр» деп, курутуп кеткенине карабай, Н.Танаевге да эстелик коюшар бекен? «Чудинов кыргыз тилин үйрөнүп жатат» деп газета сүйүнчүлөгөнү менен, «Саламатсызбы?» деген сөзүнөн башка сөз уга алган жокпуз го. Сүйлөмөк түгүл кыргызча жазып бергенди оңдуу окуй албай, тили кыргызчага караманча келчү эмес. Албетте, кеч үйрөнгөн тилдин кейиши көп. Өңгө тилди үйрөнүү оңой эмес. Ал турганда, ага кабыл алууга кирген бир да кыргыз кыргызча сүйлөбөшү турган иш эле. Жалаң кыргыз отуруп деле орусча сүйлөп жатканын көрүп, Орусияда өтүп жаткан бир жыйынды көргөндөй болосуң, кыжырың келет. Жогорку Кеңештегилердин жоругу жогоркулардан жогору эмес. Тилибиздин да шору арылар түрү жок. Башчылар баштап башка тилде сүйлөсө, тилиңдин барк-баасынан, келечегинен үмүтүң үзүлө түшөт экен. Бул — өз элин барктабагандык, басмырлагандык, кемсинткендик. Президент кыргызча билбесе, Президент боло албайт да, Премьер-министр билбесе боло берет экен. Ушул да логикабы?! Бул тим эле кыргыз тилине жасалган кыянаттык.

Өмүрүн кыргызга, кыргыз адабиятына колдору калчылдап, калем кармай албай калганча үзүрлүү жумшаган, өмүр бою борбордо жашаган Түкөмдүн Бишкекте айкели жогу – абийирге сыяр иш эмес. Эстелик — эмгеги элге сиңгендерди эскерүү үчүн коюлат. Улууларды унутта калтырбайлы. Улууну унутуу – уят иш. Көзү өткөн көсөмдөргө көрсөткөн сый-урматыбыз ушулбу!? Залкарлар — заман туткасы экенин эстен чыгарбайлы.

Үсөнбек Асаналиев,Филология илимдеринин доктору, профессор,
К
Р Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү,
К
Р билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,
«К
өк Асаба», 21.03-04.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.