Асылбек Содоков, кол өнөрчү: “Падышанын үйүнө барбасак да, буюмдарыбыз барат”

Акыркы жылдары улуттук колориттеги кооздук буюмдарга болгон суроо-талап күчтүү болгондуктан, Бишкектеги атайы дүкөндөрдөн, “Кыял” соода бирикмесинен, “Айчүрөк” дүр-дүйүм дүкөнүнөн жана башка жерлерден ар кандай каражаттардан жасалган ар түрдүү буюмдарды сатып алса болот. Буга чейин биз гезит бетинен далай кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин тааныштырып келгенбиз. Ал эми бүгүн, кол өнөрчү, С.Чокморов атындагы көркөм окуу жайды окуп бүтүргөн Асылбек Содоковдун малдын кадимки сөөгүнөн жана мүйүздөрдөн кандайча кооз сувенирлерди жаратаарын иликтедик.

– Асылбек мырза, буюмдарды эмненин сѳѳгүнѳн жасайсыз?
– Негизи уй менен жылкынын сѳѳгүнѳн жасалат.  Бирок эл топоздун сѳѳгүнөн жасалгандарга маани берип, эмнегедир топоздуку десеӊ таӊ  калып кызыгып, жакшы алышат.

– Сѳѳк кандайча сувенирге айланат?
– Cѳѳктүн эки башын кесип, чучугун чыгарып туруп,  уксус, сода кошулган сууга кайнатабыз. Анан кургатып туруп перекиске салып күйгүзөбүз. Апакай кылып агартып алгандан кийин гана кооздук буюмдарды жасоого өтөбүз.
– Өтүмү кандай болууда?
– Эми ар кандай, ал сенин чыгармачылыгыӊа, чеберлигиӊе көз каранды. Канчалык кооз жана сапаттуу жаратсаӊ, ошончолук жакшы ѳтѳт. Ар бир буюм өзүнчө чеберчиликти жана чыгармачылыкты талап кылат. Биз эптеп эле сатуу максатында эмес, негизи ошол жасалып жаткан сувенирдин оригиналдуулугуна жана чеберчилигине басым кылабыз. Кѳпчүлүгүн чет ѳлкѳлүк туристтер сатып алышат. Ал эми кыргыздардан болсо колунда барлар же атайы белекке деп сатып алып жатышат. Кээде чет ѳлкѳгѳ чыгып жатканда атайы заказ менен жасатып алып кетишет. Кардарлардын кѳбү илбирс, кулжаны жана баатырларды  жакшы сатып алышат. Кээде заказ менен аялдардын иймегин, шакек, сѳйкѳсүн сөөктөн комплекти кылып жасап берем.

– Азыркы учурда текенин мүйүзүн кайдан аласыз?
 – Мал баккан койчуларга айтсак, карышкыр жеген же ѳлгѳн текелердин мүйүзүн алып келип беришет.  Бир мүйүзүн 250 сомдон сатып алам. Кулжанын мүйүзү ак, текеники болсо  боз болот да, абалына карап туруп алабыз. Мүйүздү  духовкага салып койсоӊ,  кадимки пластмассадай болуп калат.

– Карышкырдын сѳѳгүнѳн да жасайсызбы?
 – Кээде гана.  Карышкырдын сѳѳгүнүн эч кандай деле өзгөчө  айырмасы жок. Кээ бир кишилер «тишин тизип  бер» деп, алып келип калышат, тизип берем. А бирѳѳлѳр сѳѳктү  ырым кылып  жанына дайым тумар сыяктуу салып  жүрүш үчүн ар кандай формада жасатып алып кетишет.

– Мамлекет тарабынан кол ѳнѳрчүлүгүӊүздѳргѳ  кѳӊүл бурулабы?
– Кыргызстандын кооздугун, кыргызды кыргыз кылып тааныткан кол ѳнѳрчүлүк  бизде артка  коюлган, жетиштүү деӊгээлде көӊүл бурулбайт. Биз падыша, министрлердин үйүнѳ барбасак да, алардын үйүндөгү баалуу, сыйлуун жеринде биздин буюмдар, эмгегибиз  турат. Кол  ѳнѳрчүлүктү кѳтѳрүш керек. Мисалы, биздин ырчылардын ырларынын  деӊгээли начар болсо деле кѳӊүл бѳлүнүп, сыйлык, наамдар берилет.  Ал эми биздин бүт  дүйнѳнү  суктандырган кол ѳнѳрчүлүгүбүздү  баалашпайт. Чынында мамлекеттен сурай турган деле милдетим жок, болгону, жалпы шарт түзүп, материалдык жардамын бербесе деле көӊүл буруп койсо, ошол бизге топук. Бийликтин калыс болгону – жалпы элге жагымдуу.

– Сиздерде автордук укук болобу?
– Жок болбойт.  Ар ким каалагандай жасай берет. Бизден казактар келип сатып алып кетет дагы, ошол биздин колдон өткөн сувенирдин авторун сурасаӊ, башка бирѳѳнүн фамилиясын айтышат.  Эч нерсе дей албайсын. А бизге баары бир, товарыбыз жакшы ѳтсѳ болду.  Башкысы, мыкты жасалган эмгек баары бир кыргыз жыттанып, биздики экени билинип турат.

Шайырбек Тагаев, «Көк Асаба», 21.03-04.04.2012-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Асылбек Содоков, кол өнөрчү: “Падышанын үйүнө барбасак да, буюмдарыбыз барат”

  • 02.04.2012 at 10:50
    Permalink

    Саламатчызбы редакция жана ушул макаланын ээси Шайырбек байке. Мен алыскы Кореадан жазып жатам, биздин кол онорчулугубузду ото баалайм, жакынкы арада Кыргызстанга барайын деген кезим…Эгер бара турган болсом мен ушул колунан коору тогулгон уста Асылбек Содоковдун озуно бир жолугуп жакындан таанышып, кол онорчулук кесиби менен таанышсам аябагандай чон ыраазы болот элем. Профессорго белекке жакшы сувенирлерди кобуроок сатып алып, биздин кол онорчулук менен кыргыз элин мактай турган мыкты буюмдарды ала келсем деген ойдомун… Сиздерди урматто менен алыста окуган Мекендешиниз 🙂

    Reply
    • 02.04.2012 at 14:31
      Permalink

      Келгениңизде, 0772 55-10-83 телефону боюнча чалып койгула, же kmborboru(@)gmail.com дареги бобюнча кат жөнөтүп койгула. Макаланын авторун таап бергенге жардам берели. Ал аркылуу устаны таба аласыз.

      Урматыбыз билдирип,
      КМБ

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.