Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбүбү апа: «Доорошумду китептегидей сүйдүм»

Сонунбүбү апа эшигин ачканда, кайсы бурчту караба, дубал бооруна илинген Дооронбек Садырбаевдин сүрөттөрү көзгө урунат. Музейге айланган бул үйдө жубайлар 17 жыл жашаптыр. А мен 47 жылдык турмуш-баян угуп отурдум.

«ДООРОШ КАПЫСТАН КЕТТИ»
– Өлүп калат деген ой түк жок эле. 2008-жылдын 27-майында оозунан кан кетти, 28и саат тогузда о дүйнөгө кете берди. Ал боз топурак астына кетсе, мен бир чуңкурга түшүп кеттим. Аскам кулады. Аябай жаман болдум, катуу кыйналдым. Камыр жуурусам да, көчөдө бара жатсам деле ыйлайм. Мобул көкүрөк толуп кетет. Он жаштагы неберем Шерболот “болбодубу, ыя, болбодубу! Папам бар го, мен бармын го?!” деп урушканга чейин барды. Мүрзөсүнө барып, кошокторду да үйрөнүп алгам, бакырып-бакырып ыйлап келем.

Аябай жакшы көрчүмүн. Атүгүл бирөө “ушул дарыдан мүрт кетесиң, ич” десе, аны деле жасамакмын. Муну уккан молдо кошунам “акемдин күнөөсү жок болчу, ал киши бейишке чыгат. Өз жанын кыйгандар болсо тозокко түшөт” деди. Ошону угуп бул ойдон кайттым.

Азыр бейшемби сайын боорсок жасап, аш демдеп куран окутам. Үч жыл аза күттүм. Бул аралыкта башым ооруканадан чыкпай, бирде кан басымым көтөрүлсө, кээде жүрөгүмдүн айынан дарыланып жүрдүм. Быйыл гана 13-февралда Доороштун туулган күнүндө куран окуткандан кийин конокторго бара баштадым.

«АЧУУСУ ЧУКУЛ ЭЛЕ»
– Кыялынын чорт экенин көбү билишет. Андыктан ачуусуна тийчү эмесмин. Кокусунан жини келип катуу үн чыгарып калса, ашканага кирип кетер элем. Беш-он мүнөттөн кийин кирсең, эч нерсе болбогондой унутуп калчу.

Акча эсептегенди «грамм» билчү эмес. Ичкилик дегенди жанына жолоткон да жок. Манты менен бешбармагымды жакшы көрчү. Үйгө бир нерсе алсаң эле уруш чыгат. Анткени “мага стол, ручка, анан сен болсоң эле жетиштүү” дейт эле. Айрыкча терезени парда менен жаптырчу эмес. “Асманды көрүп турушум керек, космос менен байланышам” дей турган.

«ДОН ЖУАН ДЕШЧҮ»
– Мединститутта студент кыздар “Дооронбек деген кыздардын баары менен жүрөт, аларды бузат да, кийин таштап кетет”дешчү эле. Аны уккан мен капканына түшүп калбайын деп оолак жүргөнгө тырышар элем. Биринчи жолу аны театралдык ийрим өтчү жайдан көргөм. Көрсө, ийримдин жетекчиси экен. Азыр да көз алдымда, маңдайымда ушунчалык сулуу бир жигит турат. Бети коло, мрамордон жасалгандай, чачы тармал, кийгени да жарашыктуу. Ичимден “бизге жетекчи кылып артист жөнөтүшкөн турбайбы” деп коём.

Ал колума бир текст карматып окутуп көрдү. Мен толкунданганымдан окуй алсамчы! Көзүмдүн кыйыгы менен карасам, мыйыгынан жылмайып отуруптур. Тамтаңдап окуп жаткан жаным, ого бетер тер кетти. Биринчи көз караштан сүйүү деген болбоду. Ушундай сулуу жигит мени карайт деп ойлогон да жокмун. Анткени ийримде, мединститутта Доорошту жакшы көргөн сулуу кыздар көп эле.

«БААРЫ СПЕКТАКЛДЕ БАШТАЛДЫ»
– Дооронбек жетектеп, Райкан Шүкүрбековдун “Менин айылым” деген спектаклин даярдай баштадык. Аны драмтеатрда эл алдына алып чыксак, гүл деген толтура. Ошондо Опера жана балеттен келген бир адам Дооронбекке “сенден кандай врач чыгарын билбейм, бирок режиссёр болбой калсаң искусство көп нерседен куру калат” деген экен.

Ошол эле спектаклди жайы бою Нарын, Ак-Сай, Арпаны аралап коюп жүрдүк. Жүргөнүбүз жүк машина. Бир күнү шаркыратма көрүп анын жанынан өтүп баратсак, Доорош капысынан “мага турмушка чыгасыңбы?” деп калды. Мен ага “ушинтип да сурамак беле?” дедим. Ага чейин көп бала менен сүйлөшүп көргөнмүн да, алар биринчи жакшы көрөрүн айтышчу эле. Жообун бербей качып баратам. Ал болсо аркамдан “башыңды эле ийкеп койсоң” деп шыбырайт. Ошондон тартып бир жылдай сүйлөшүп жүрүп баш коштук.

«БИР АЙ АЧКА КАЛДЫК»
– Доорошко “үйлөнбөй туралы, али даяр эмеспиз. Мен башкага турмушка чыкпайм” десем көнбөдү. Анан баш кошуп алып бир айдай тыйын-тыпырсыз калдык. Окуусун таштап телекөрсөтүүгө режиссёрдун жардамчысы болуп орношту. Аванс тийгиче азыркы “Дордой” базары жактагы тери иштетүүчү заводдон телемунарага жөө барып-келип жүрүп батинкеси жыртылган.

Ал мезгилде Доорош күрөш боюнча курама командада болсо, мен биринчи разряддагы гимнаст элем. “Дордойдун” жанындагы суу сактагыч таптаза, экөөбүз узун-туурасынан сүзүп жарышчубуз. Азыр ошол суу сактагыч сазга айланып, бетин балыр каптап, тегерегин камыш басып кеткен. Сууну карап “сен да мага окшоп карыдың” деп калам.

«ТҮРКИЯНЫ ТАШТАП САЯСАТКА КЕЛДИ»
– Түркиядагы “Ихлас” деген киностудиянын чакыруусу менен кинорежиссёр болуп орношуп, алар бизге 4 бөлмөлүү үй, өзүнчө машина бөлүп беришти. Айлыгы 3 миң доллар. Ал жакта иштеп жүрүп, 1993-жылы Доорош “атамдын 40 жылдыгын өткөрөм” деп айылына жөнөп калды. Анан экөөбүз айылга бара жатсак, Сосновкадан тарта Токтогулга чейин зым карагайларды бирөө кыйып кетиптир. Анда уюлдук байланыш да жок эмес беле, Доорош “эл телефон байланышы жок калган турбайбы” деп катуу кейиди. Эми ал кезде Союз кыйрап, туш-тараптан талап-тоноо башталган эле. Ошонун баары таасир этип, “ишиңди таштаба” дегениме койбой Түркияны жыйыштырып Кыргызстанга келе берди.

«КАЙРАН ӨМҮРҮМ!»
– Үйдө бир күнү Доорош майда жумуштар менен алек болуп отуруп: “Мен чоңдорго таарынып жүрсөм, карапайым калк деле сатылып бүтүптүр”,- деп калды. Каркыраны талашып жөө жүрүшкө катышып келген маалы болчу. “Жөө жүрүшкө барба, атмак түгүл, бирөө түртүп жиберсе өлүп каласың” дегениме көнбөдү. Ошондо бийликтин айдагы менен чыккан эл “сен Ошуңа, Текебаевиң Базар-Коргонуна, Болот Шерниязовуң Таласына кетсин!” деп таш менен кубалаптыр.

Доорош акыркы күндөрү таяк кармап калган болчу. Чолоктугунан эмес, алсыздыгынан. Төрт жыл мурун ууланса… Жогорку Кеңештин жанындагы боз үйдөн лагман жей коюп ууланып, он жылга карый түштү. Кийин ошол тейлеген кыздардын үстүнөн арыз жазалы десем караманча каршы туруп алды.

«ҮЗӨҢГҮЛӨШТӨРҮНӨ ЫРААЗЫМЫН»
– Дооронбекти “Эл баатыры” сыйлыгына каза болгондон кийин эле парламентте көрсөтүшсө, Курманбек Бакиев кол койбой койгон. Доорошум баласындай көтөрмөлөгөн, иши чыкса бүтмөйүнчө чуркап жүргөн Адахан Мадумаровго нааразы болуп жүрөм. Топурак салганга да келбеди.

Азыркы бийликке, Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева баштаган үзөңгүлөштөрүнө ыраазымын. Доороштун ысымын «Кыргызтелефильмге», өзү туулган айыл өкмөткө, андагы көчөгө, мектепке, Ош менен Бишкек шаарындагы көчөлөргө ыйгарышты, баатырлыкты беришти.

«УУЛУМ АЯБАЙ ЖООШ»
– Атасы эле баарын сүйлөп койгон окшойт, уулум токтоо, аз сүйлөйт. Зарылбектин эки уул, бир кызы бар. Өзү каржы тармагында билим алып, азыр бир досунун фирмасында директор. “Жалгыз балаң болсо, көтөрмөлөп бир кызматка коюп кой” деп Доорошко канча жолу айттым. Укчу эмес.
Азыр эми неберелерди карап үйдөмүн. Бирок пенсияга чыккандан кийин деле он жылдай ооруканада бөлүм башчы болуп иштедим. Үйдө отурайын десем, Дооронбек “айлыгың аз болсо да, күндө жасанып жумушка койкоңдоп барып-келгениң жакшы” дечү.

«ТҮШҮМӨ КӨП КИРЕТ»
– Экөөбүз кадимкидей сүйлөшөбүз. Айрыкча ыйлаган күнү сөзсүз түшүмө кирет. Кайтыш болгондон көп өтпөй акча ала турган документти таппай калдым. “Эми кантип жашайм же толтура оокат таштап кетпесең?” деп керебеттин жанында илинген Доороштун сүрөтүнө сүйлөп отуруп көзүм илинип кетиптир. Түшүмдө “жардамчыдан сура” деди. Анан ойгонуп кеттим. Дароо жардамчысына телефон чалсам, камырабай “ал кагаз менде” деди. “Мурунураак айтпайт белең. Доорош өзү айткыча жүрө бересиңби?” десем, “качан айтты?” деп сурайт. “Азыр эле” десем, жардамчысы аябай таң калып, эртеси документти көтөрүп келген.

«ТИРҮҮ ЖҮРГӨНҮ ЖЫРГАЛ ЭЛЕ»
– Трибунада албууттана сүйлөп жүргөндө камтама болот элем. “Камап жибереби? Өлтүрүп койсочу?” деп. Доорош подъездден чыгып келе жатканда эле сүйүнүп алчумун. Жөн гана тирүү жүргөнү жыргал эле, “ээ, кемпир” деп чакыра эшиктен кирип келери менен үй кубанычка бөлөнүп жатып калчу. Доорошумду китептегидей сүйдүм.

Эльвира Караева, “Супер-инфо”, №491 30-март – 5-апрель, 2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.