Кыргызстандын ар бир үйүндө “Манас” жаңырат!

Жалпы кыргыз эли үчүн, өзгөчө Манасты сүйүп угуучулар үчүн абдан заманбап үлгүдөгү жакшы шарт түзүлдү. Эми ар бир кыргыз жараны, азыркы манасчылардын айтуусундагы Манасты үйүндө отуруп көрө алат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору менен бирдикте “Айгине” маданий-изилдөө борбору 31-март күнү “Улуу Манас баяны урпактардын оозунда” аттуу DVD форматындагы дисктин бет ачар аземин өткөрдү. Бул салтанат абдан жагымдуу маанайда өттү. Кеченин катышуучулары болуп Билим берүү тармагында жана маданий тармакта эмгектенген кызматкерлер, келечек ээлери болгон орто мектептин окуучулары, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери катышты. Мамлекттик ишмерлер жанан бийлик өкүлдөрү да бул саамалыкка күбө болду.

Алгач Манас дүйнөсүнө баш багуу менен ачылып, Сапарбек Касмамбетов манасчы баштаган 11 манасчы “Манастан” үзүндү айтышты. Эң кызыгы, үй мүйүз тартып отурган манасчылардын бирин улай бири алоолоп күйүп турган от алдында Манас айткандыгын башталгыч класста окуган жаш өспүрүмдөрдүн да кунт коюп уккандыгы жүрөк кубантарлык болду. Мындан соң “Айгине” маданий-изилдөө борборунун жетекчиси Айтпаева Гулнара Амановнага сөз берилип, бул долбоор кантип ишке ашкандыгы тууралуу кыскача маалымат берип өттү. Анын айтымында, аталган дискте азыркы доордун манасчыларынын айтуусундагы “Манас” үчилтигинин “Манас” бөлүмүнүн толук сюжети, азыркы күндүн манасчыларынын айтуусундагы элүү өзөктүү окуялуу баяндар камтылып, видеотасма түрүндө жарык көргөн.

Бул долбоор атайын улуттун руханий жан дүйнөсүн байытып, келечек жаштардын табитин өзгөртүүгө багытталгандыктан, чыгарылган диск Кыргызстандын орто мектептерине жана жогорку окуу жайларына бекер таркатылмакчы. Долбоорду Америкадагы Калифорния шаттындагы “Кристенсен” уюуму каржылаган.

Гүлнара Айтпаева  Сөзүнүн соңунда долбоорго көмөк берген манасчылар: ЭлТР коомдук телеканалынын продюсери Замир Баялиевге, «Манас Мурас» коомунун жетекчиси Рысбай Исаковго жана кесиби врач манасчы Кубан Алмабековго өзгөчө ыраазычылыгын айтып, белекке суусар тебетей кийгизди. Ал эми калган манасчыларга кыргыздын ак калпагын кийгизип, эмгек жамаатынын атынан таазим кылды.

Бул саамалыкты колдоо максатында Өкмөттүн аппаратынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бекбоев Аскарбек мырза да сөз сүйлөп, ушундай видеоверсиядагы манасчылардын айтуусундагы диск кыргыз маданиятынын тарыхында биринчи жолу чыгарылып жаткандыгын баса белгилеп, долбоордун жетекчиси Гулнара Айтпаева өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Расмий бөлүк жыйынтыкталган соң, көрөмандар кыргыздын манасчылык өнөрүнөн башка да кереметтүү өнөрлөрүнө күбө болушту. Нурак Абдрахманов баштаган “Эн белги” ыкмасы менен комуз үйрөнүү семинарынын алгачкы катышуучулары өнөрлөрүн тартуулашса, «Сейтек» бийчилер тобу сахнаны көрктөндүрө “Ала арча” аттуу бийин бийлеп беришти. Кыргыздын фольклордук, улуттук өнөрлөрүнө басым жасалып, дастан, күүлөр да жаңырды.

Бишкек шаарындагы 90 мектептен мугалимдер жана окуучулар, Чүй облусунун райондорунун да орто мектептеринен бул саамалыкка кызыгып келгендердин саны көп болуп, зал көрүүчүлөргө толуп турду. Көрүүчүлөр залы тар болуп, батпай калган көрүүчүлөргө ыңгайсыздыктар жаралгандыгы үчүн уюштуруучулар кечирим сурап, “Мынча көп эл келет деп күткөн эмеспиз, ошондуктан чакан жерде уюштурурулган эле”  дейт Гулнара Амановна.

Эң негизгиси, бул кыргыз элинин Манаска, түптүү элдин түпкүлүгүнө көңүл бура баштагандыгы, руханий жактан ойгонуп бараткандыгынын бир мисалы десек болот. Диск алууну каалагандардын саны абдан көп болду, бирок, расмий кайрылуу каттарын ала келбегендиктери үчүн диск алардын колуна тийбеди. Бирок, кудай буюрса, бул диск Кыргызстандын бардык билим берүү структураларына жеткирилмекчи. Бир гана шарт, аталган окуу жайдын директорунун атынан “Айгине” маданий изилдөө борборуна расмий түрдө өтүнүч катын алып келүүсү зарыл.

Кыял Тажиева, “Көк Асаба”,  04-17.04.2012-ж.

Диск алуучулар өтүнүч катын төмөндөгү даректерге жөнөтүшү керек.
Чамдаӊыздар!
Кыргызстан, 720040
Бишкек, Токтогул көчөсү, 93.
Тел.: +996 (312) 664832/661951
Факс: +996 (312) 661952
Эл. почта: office@aigine.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.