Байыркы көчмөндөр мурасы Нью-Йоркто

Биздин заманга чейинки I кылымдагы Алтай көчмөндөрү колдонгон коло тай казан. Нью-Йорк, АКШ. Сүрөт “Азаттыктын” сайтынан алынды.

Байыркы жана орто кылымдарда Алтай өңүрүндө жашаган көчмөндөрдүн кол өнөрчүлүгүн жана ак сөөктөрдү жайга койуу маданиятын чагылдырган көргөзмө Нью-Йоркто өтүүдө.

Көргөзмө адистердин айтымында, көчмөндөрдүн дүйнөлүк маданиятка кошкон салымын даңазалоо менен алардын жашоо жолою, өндүрүштүк маданияты жөнүндө мурда калыптанган көз караштарга бир топ түзөтүүлөрдү киргизет.

Байыркы Алтай көчмөндөрүнүн маданиятына чагылдырган көргөзмө Нью-Йорктогу байыркы дүйнөнү изилдөө институнда өтүүдө. Ал “Көчмөндөр жана алардын байланышы: Казакстандын байыркы көркөм өнөрү жана маданияты” деп аталат. Көргөзмөгө биздин доорго чейинки биринчи миң жылдыкта жасалган 250дөн ашуун адеми жана үрп-адатка байланыштуу буюмдар коюлган. Алардын ичинде алтындан жана колодон жасалган зергер буюмдар, биздин заманга чейинки сегизинчи кылымда жашаган скиф падышасынын салтанттарда кийчү кийимин кооздогон алтын заттар, жүздөгөн адамга тамак бышырылчу тай казан жана ак сөөк төбөлдөр көмүлгөн дөбөдөгү бейиттин макети бар.

Карен Робинсон айым көргөзмөнүн кураторлорунун бири. Анын айтышынча, экспозицияга коюлган буюмдар көчмөндөрдүн кол өнөрчүлүгү тууралуу мурда калыптанган түшүнүк жаңылыш экенин, алар коңшуларынан көп артта калбаганын күбөлөйт:
– Биз мал багып жашаган көчмөндөр жашоосу мыкты өнүккөнүн, маданияты да көп кырдуу экенин, кооз жана адеми буюмдарды жасашканын, социалдык байланышы ирээттүү уюмдашканын, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылышканын ачык көрсөткүбүз келди. Көргөзмөгө коюлган заттар жана буюмдар алардын жашоо жолою жөнүндө түшүнүк берет. Мындай жашоо өзгөчөлүгү Казакстанда кечээ жакынга чейин сакталган жана алар сыймыктанчу мурас.

Бейитте ак сөөктөр менен кошо көмүлгөн текенин мүйүзү жана ат жабдуунун коло бөлүктөрү. Нью-Йорктогу байыркы дүйнөнү изилдөө институнун көргөзмө залы. Сүрөт “Азаттыктын” сайтынан алынды.

Нью-Йорктогу көргөзмөгө коюлган археологиялык жана этнографиялык мурастардын көбү биздин заманга чейинки VI-III кылымдарга таандык пазырык маданиятына тиешелүү. Адистердин айтымында, көчмөндөрдүн коло казаны алар металлды иштеткенди жакшы билгенин күбөлөйт. Пазырык маданиятына караштуу бейиттердин биринде он үч адам аттары жана килейген мүйүздөр менен кошо көмүлгөн. Бул бейит ак сөөк төрөлөрдүкү жана айрым жасаттар мумияланган.

Бүгүнкү Казакстандын чыгышы, Алтай жана Монголиянын аймагында жашаган көчмөндөрдүн маданиятына батыштан Перс империясынын жана чыгыштан Хан кытайлардын таасири күчтүү болгонун археологиялык табылгалар күбөлөйт.

Отуз жаштагы Хуан Гарсияны колодон жасалган байыркы тай казан таң кылтырган. Ал байыркы дүйнөнүн маданиятына кызыгат. Университеттен байыркы Вавилондун маданиятын окуган.
– Металлургия жөнүндө билими бар адамга бул жердеги коло казан көчмөндөрдүн бийик маданиятын көрсөтөт. Ага кээ бир адамдар ишенбеши же татыктуу баасын бербеши мүмкүн.

“Көчмөндөр жана алардын байланышы: Казакстандын байыркы көркөм өнөрү жана маданияты” деген Нью-Йорктогу көргөзмө 3-июнда жабылат. Андан соң көргөзмө Вашингтонго жылат. Казакстандын күнкорсуздугунун 20 жылдыгына арналган көргөзмөгө коюлган экспонаттар Казакстандын улуттук тарых музейинин коллекциясынан.

Амирбек Азам уулу, «Азаттык», 09.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.