Чий куурчакты сүйлөткөн ким?

Экинчи апрель “Дюймовочка” жана “Аяз каныша” жомокторунун автору, атактуу жомокчу Ханс Кристиан Андерсендин туулган күнү. Ошондуктан бул күн эл аралык балдар китебинин күнү катары кеңири белгиленет. Бишкекте майрам күнү К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасында майрамга карата мектеп жашына чейинки балдарга арналган “Чий куурчак” жомогунун бетачаары болду. Бөбөктөр китепти автордун колунан алышып, ыр-бий менен коштоп майрам шатыра-шатман өттү. Жомок китеп жакында өлкө аймактарынын китепканаларына да жетмекчи.

Ар бир китеп меценаттардын жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жарык көрөт. Бек Жылдыз китебин өлкөнүн бардык аймактарына жеткирүү үчүн “Кумтөр Оперейтинг Компаниге” кайрылып колдоо тапкан.

“Биздин компаниянын бул долбоорго катышуусунун негизги себеби балдарда китеп окууга, эне тилине жана кыргыз элинин улуттук салттарына кызыгууну өнүктүрүү болуп калды. Мен кичинекей окурмандар үчүн бул китеп эң сонун белек гана болбостон, ошондой эле улуттук чыгармачылык менен таанышуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү да болуп калат деп үмүттөнөм” деп баса белгиледи китептин бетачаарында “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” президенти Майкл Фишер.

Кыргыз жана орус тилдеринде болуп 3600 нускада чыккан көркөмдөлгөн кооз китептин 2000 даанасы Балдар китепканалары фондуна тапшырылды. Калган бөлүгү Ысык-Көл областынын балдар мекемелерине берилмекчи. Автор сураган каражат толугу менен басмаканага которулганын ачыктык үчүн айта кетели.

Балдар жазуучусу жомоктун идеясы өмүрүндөгү эң бактылуу күнүндө – небереси төрөлгөндө келгенин бөлүштү. Жомокчу өз бала чагындагы таенеси жасап берген чий куурчак менен ойногон учурларын чагылдырган. Китепте кыргыз элинин улуттук салттары, кол өнөрчүлүгү чагылдырылган. Бек Жылдыз майрамга келген бөбөктөргө куурчак жасоону көрсөтүп берип, жөнөкөй жана кооз оюнчукту колдо бар буюмдардан даярдоонун илгерки ыкмасын ата-энелердин эсине салды. “Улуттук маданияттын бир бөлүгү болуу менен куурчак өз образында кыргыз элине мүнөздүү өз алдынчалуулукту жана өзгөчөлүктөрдү сактап келет. Анын башкы баалуулугу жана кайталангыстыгы мына ушунда” деп автор ой бөлүштү.

Китепканага келген 6 жаштагы Айбийке “Чий куурчакты” бир жыл мурда эле окуптур. Апасы Айтол Бек Жылдызга китептин атайы нускасын тапшырык кылып, Айбийкенин сүрөттөрү менен чыгартып алган. Эң баалуу белек дале китеп экенин, өзгөчө бөбөктөр үчүн баш каарманы улуттук оюнчук болгон кыргыз тилинде болгонун унутпаган ата-эне мактоого татыйт. “Мен окуганды 5 жашымда өзүм үйрөнгөм. Мен катуу аракеттенгем” деген бөбөктүн таттуу сөздөрү менен эл аралык китеп күнү жөнүндө макалабызды аяктайбыз.

Айжан Ногойбекова, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.04.2012-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Чий куурчакты сүйлөткөн ким?

  • 10.04.2012 at 16:13
    Permalink

    Бишкекте кыргызча оспурумдор китептерин каяктан сатып алса болот?

    Reply
    • 10.04.2012 at 16:26
      Permalink

      “Нуска” дүкөнүнөн карап көрүңүз (Дзержин бульвары, АУЦА менен Минфиндин ортосунда)
      Анан ошондой эле “Раритет” китеп дүкөнүндө да сизге керектүү китептер бар. Алардын сайты http://books.kg/

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.