Расия Жуманазарова: Кыргыз улуттук буюм-тайымдарына кызыгуу күчтүү

Ташкентте өтүп жаткан “Bazar-Art. Spring 2012” традициялык көргөзмө-жарманкеге катышып жаткан өзбекстандык жергиликтүү кыргыздардын өкүлү, ишкер жана дизайнер Расия Жуманазаровага «Кабар» агенттигинин Өзбекстандагы өз кабарчысы Төлөнбай Курбанов кээ бир суроолор менен кайрылды.

«Кабар»Эң оболу, ушул “Bazar-Art. Spring 2012” көргөзмөсү тууралуу маалымат бере кетсең?
Расия Жуманазарова: Бул “Bazar-Art. Spring 2012” көргөзмө-жарманке Искусство жана көркөм өнөрдү колдоп кубаттоочу Эл аралык «Форум» фондусу тарабынан уюштулган болуп, жыл сайын эки жолу уюштурулат. Учурдагысы 10-юбилейлик. Мында Өзбекстандандын бардык аймагынан келген 100 дөн ашык уздар өздөрүнүн коллекциялары менен катышууда.

Көргөзмөнүн негизги максаты – байыртан бери уланып келе жаткан нукура элдик кол өнөрчүлүктү жана ушул багытта алектенип жаткан өнөрпоздорду колдоп-кубаттоо болуп саналат. Мында көп улуттуу Өзбекстандын калкынын кол өнөрчүлүгүнө да өзгөчө көңүл бурулат. Мен да Өзбекстандагы Кыргыз маданият борборунун өкүлү катары катышып жатамын.

«Кабар» – Анда эмесе, бул көргөзмөгө жерде коюлган буюм-тайымдар тууралуу кеп кылсак?
Расия Жуманазарова: Бу жерге коюлган коллекциям «Оймолор обон салганда» деп аталат. Мында өзүм жараткан буюмдар менен бир катарда кыргыз улуттук кийимдери, жүндөн жана териден жасалган, ошондой эле, зергерлик жана эстелик буюмдары, ар түрдүү куурчактар бар.

Мына, өзүңүз көрүп тургандай, бул жерде көргөзмөгө коюлган буюмдарды сатуу мүмкүнчүлүгү да бар. Көргөзмөгө келгендердин, айрыкча чет өлкөлүктөрдүн кыргыз улуттук буюм-тайымдарына кызыгуу күчтүү. Маселен, соңку жылдарда өзбекстандык кесипештерим менен жараткан аялдардын шарфтарын чет өлкөлүк айымдар кызыгуу менен сатып алууда. Ошондой эле териден жасалган шахмат, жүндөн токулган килемчелер, шырдамал, улуттук кийим-кечек, зергерлик буюмдарына, айрыкча күмүштөн жасалгандарына, куурчактарга талап күчтүү.

«Кабар»Эми, өзүң жана көргөзмөң тууралуу маалымат берсең?
Расия Жуманазарова: Менин өзүмдүн тегим Таластан. Ташкенттеги консерваторияны бүтүп, тагдырдын буйругу менен өзбекстандык болуп калдым. Учурда «Узбекистон» басма үйүндө кыргыз редакциясында иштеп жатамын. Өзбекстандагы кыргыз мектептери үчүн окуу китептерин жана методикалык колдонмосун даярдайбыз.

Кол өнөрчулук менен алгач, бардык аялдар сыяктуу, бир хобби катары алектенип келдим. Бирок, бул багыттагы кызыгуум күчөйүп, Кыргызстандын атактуу дизайнери Татьяна Воротниковадан бир канча сабак алганымдан соң, өзбекстандык кесиптештерим менен кызматташтыкта «Оймолор обон салганда» аттуу чакан коллекциямды жараттым. Соңку эки жылда Малайзия, Япония, Германия сыяктуу мамлекеттерде болгон Эл аралык көргөзмөлөргө катышып, көрөрмандары кыргыз кол өнөрчүлүгү менен жакындан тааныштырууга өз салымымды кошконум менен сыймыктанамын.

«Кабар» МА, 30.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.