Академик Абдылдажан Акматалиев: “Баары ыйлашты Манас эми өлгөндөй…”

– Аалам алпы Айтматов менен пикирлеш, сырдаш, ниеттеш, тилектеш болуп келгениңизди окурмандар чөйрөсү жакшы билишет. Атактуу агабыз дүйнөдөн кеткенден бери Жан дүйнөңүз боштук тартып, айласы жоктуктан бугуңузду поэзиядан да чыгарып жиберип жатасыз. Бир чети залкар жазуучунун чыгармачылыгынын, жашоосунун жана адамдык касиетинин штрихтери тартылса, экинчиден, Бийликке карата ачуу чындыкты ыр саптарыңызда да айтып келесиз. Кооптонуу, үркүү, коркуу сезими болгон жокпу?
– Эрнис эми мындай. Поэзиянын күчү – өз убагында ачуу чындыкты айтуу, замандын күзгүсү катары окурмандын жүрөгүндөгү бушаймандыкты так, даана чагылдырып берүү. Ыр саптар менен окурмандын Жан дүйнөсүнүн ортосунда ички байланыш болгондо гана поэзиянын көркү чыга келет, окурмандын ички кыйкырыгына алар жооп бериши керек. Айтматовдун дүйнөдөн кайтышына болгон санаа ойлор, бийликтин туура эмес мамилеси көпчүлүктүн көңүлүндө эле. Мен ырларымда жалпы окурмандардын күйүтүн чагылдырып, Бийлик менен Айтматовдун эл билбеген карама-каршы жактарын белгилейин дегем. Чындык, акыйкат мен тарапта болуп, окурмандар колдоп жаткандан кийин кайсы Бийлик болбосун – Бакиевдин, Убактылуу Өкмөттүн бийликтерин сындап жаздым.

– Азыркы бийликтичи?!
– Акырындап Айтматовго көңүл бурула баштады. Эстелиги Ала-Тоо аянтына коюлду. Эл сыймыктанып, урматтап барып жатат. Бул жакшы жышаанды да поэзиянын тили менен “Айтматов сүйгөн Эркиндик” деп жазган элем. А бирок ушул эле бийликти чиновник-маңкурттар чырмоок сымал чырмап алган экен, кутула албай келе жатпайбызбы!

“Маңкурт болсо Сиздин жалгыз Жоламан,
Маңкурт азыр каптап барат – аламан.
Келген өңдүү маңкурттардын заманы, –
Маңкурт бийлейт караламан, калайман”
– дегеним ошол.

– Бул эми заманыбыздын, коомубуздун трагедиясы эмеспи? Трагедияны Айтматов агабыз кандай түшүнчү эле?
– Туура айтасың, заманга жабышкан оору. Коом ооруп турса, аны айыктыра турган идеологиябыз жок болуп, анын ордуна адеп-ахлагыбыздан тартып аң-сезимибизге чейин бузук идеялар сел сыяктуу каптап, тебелеп-тепсеп жатса ачык айтканда эмне кылаарды билбей турабыз. Жеке адамдын трагедиясынан коомдун трагедиясына кептелип отурабыз.

Чыңгыз агай да чыгармасында болсунбу, же публицистикасында болсунбу, негизги көз карашы Адамзаттын трагедиясын болтурбоого дүйнө жүзүнө үндөө кылып келген. Адамзаттын трагедиясы – бул глобалдык алаамат, кыямат кайым, табигый кырсыктар, зордук-зомбулук, согуштук баскынчылык, кан төгүү, терроризм, тоталитаризм, агрессия. Улуттук трагедия – бөлүп-жарып, массалык маңкуртташтыруу максатын көздөгөн маданий диверсияларга алдануу. Азыр жеке инсандын трагедиясын адамзаттын трагедиясынан бөлүп алуу болбой калды. Жеке инсан мурда кандайдыр өзүнчө обочолонуп, өзүнүн гана майда турмуш-тиричилигинин айласында гана ой жүгүртүп алектенсе, бүгүнкү күнү ал аалам жөнүндө ойлонууга мажбур, анын тагдыры адамзаттын тагдыры менен байланышып, керек болсо ага көз каранды болуп, байланып калды да. Айтмакчы, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Ак кеме”, “Кылым карытаар бир күн”, “Кассандра тамгасы”, “Тоолор кулаганда”, “Фудзиямадагы кадыр түн” чыгармалары накта адамзаттык, ааламдык трагедиянын өзөгүн чагылдырып жатпайбы! Бекеринен Чыңгыз агай “Трагедия – бул бакыттын ачуу жандоочусу” деп айтпаса керек…

Айтматов үчүн жашоо – бул элге кызмат кылуу, элин-жерин даңктоо, аны менен сыймыктануу, өмүрдү таза, ак ниет, айкөлдүк, кечиримдүүлүк, боорукерлик менен өткөрүү, көңүл калтырбоо, рахат тартуулоо, ишенүү, үмүт болгон. Ошондон улам Чыңгыз агай “Адамга күн сайын Адам болуу кыйын” – деп жатпайбы!

– А Чыңгыз Айтматов өзүчү?
– Кайсы бир деңгээлде Чыңгыз агайды трагедиялуу инсан деп атасак болот. Чыңгыз агай сыяктуу ашкере акылман адамдарды элибизде “Теңтушу бар, теңи жок” деп коёт эмеспи. Андан акыл сурап, жардам күтчү, караан тутчу адамдар көп болот, а ага акыл жагынан жардам берчү адамдар чыгабы?! Ойдун азабы оңой жүк эмес. Айтматовдун өзүн да, чыгармачылыгын да мыкты түшүнгөн санаалаш курбусу, менин устатым Георгий Гачев мындай деген эле: “Айтматов өзүндө канчалык зор жүктү көтөрүп жүрөт, ал өз ийнине өз улутунун маданиятынын, тарыхынын жоопкерчилигин артып алып, бүткүл дүйнөнү аралатып жүрөт. Анын жүгү кандай оор, мен аны аяймын”.
Пендечилик тагдырында трагедиялуу учурлар бар. Бала күндөн “эл душманынын уулу” деген жаманатты жардыкты көтөрүп жүрдү, айыл-чарба институтун бүткөндөн кийин, атасы реаблитациялангандан кийин гана кутулду. Бул башка бирөөгө айтканга оңой болгон менен, анын өзү үчүн, башкача айтканда, сезимтал курактагы бала Чыңгыз үчүн бир топ оор болгондугун сырттан, акыл менен деле түшүнсө болот. Чоң сүйүүгө жолукту, бирок ал да бир топ кыйынчылыктар менен коштолду. Жазуучу коомдук ишмер катары да саясаттагы, чарбадагы көптөгөн кемчиликтерди көрүп турду, айрымдары менен ачык да, айрымдары менен чыгармалары аркылуу каймана формада күрөшүп жүрдү. Анын башкы каармандарынын баары – Дүйшөн да, Танабай да, Едигей да, Авдий, Крыльцов, Арсендер да трагедиялуу каармандар. Айтматов алардын образдарынан өзүн көрүп турган, жан дүйнөсү менен бөлүшкөн.

– Бүгүн күчөп турган регионализм, трайбализм жөнүндө сөз болоор беле?
– Ооба. Бирок анын терс кесепеттери тууралуу айтып калаар эле. Элди бөлүп-жарууга аракет кылгандарды, бийлик үчүн жанталашкандарды жан дүйнөсүндө кабыл алчу эмес. Кызык бир окуяны айтып берейин. Ата-Бейитте 137 тарыхый инсандарыбыз коюлгандан кийин Өкмөттүк резиденцияда Чыңгыз агай Төрөкул атага куран окутуп, аш берип калды. Аш бергени – Төрөкул ата репрессияда камалгандан кийин 20-30 жыл өлүү-тирүүсү билинбей, кийин атылганы жөнүндө официалдуу кат алгандан кийин сөөгү кайда коюлганы белгисиз эле. Эгемендүүлүк келип, Чоң-Таштан башкалар менен кошо Төрөкул атанын сөөгү табылган болчу. Ашка Президент А.Акаев, Премьер-министр Н.Исанов, Жогорку Кеңештин төрагасы М.Шеримкулов, залкар жазуучу-акындар Т.Сыдыкбеков, С.Эралиев ж.б. баштаган 300дөй интелигенция өкүлдөрү катышкан. Ошондо жыйынтык сөзүндө Чыңгыз агай мындай деди эле: “Бүгүн Мария Урматовнага бир жигит келип, шарж жазган китебин берип, “Мен Суусамырлыкмын, Сиздин жердешиңиз болом” – деп жатпайбы! Ал китепте менин сүрөтүм да бар, самолёттун ичинде жүрөм. “А эгер жездеси болбосом бербейт беле” – деген ой келди мага. Жада калса китеп тартууласак да жердешчиликтин көз карашынан карап, тааныш издейбиз. Бул туура эмес. Жердештик деген кичинекей нерседен башталат, сак бололу дейм да. Мен ал жигитти эч бир күнөөлөбөйм. Бирок жаштар трайбализмге багыт алып жатышкандай. Биз Эгемендүүлүккө жаңыдан гана жетишип жаткан учурда регионализмге, трайбализмге, феодализмге барбашыбыз керек. Булар Эркин мамлекетебиздин чыңдалышына жарака кетирип, эркиндигибизди да, мамлекетибизди да жоготуп алышыбыз мүмкүн…”

– Сиз жазуучунун айткандарына макулсузбу?
– Сөзсүз. Мына менин шакирттерим Таластан, Нарындан, Оштон, Ысык-Көлдөн, Чүйдөн, Кытайдан, Түркиядан дегендей. Адам катары гана баалай билиш керек, ал үчүн жан дүйнө таза болушу керек.

– Сиздин үйүңүздө космонавт Жаныбековдун мейман болгону чынбы?
– Ооба! Борбордук Азия мамлекеттеринин маданият ишмерлеринин Ассамблеясы 1995-жылы Ташкентте уюшулуп, Чыңгыз агай Ассамблеянын президенти болуп шайланган эле. Кыргызстандык делегацияны Казат Акматов экөөбүз жетектеп барганбыз, отуздай адам. Ассамблеянын президентинин орун басарлары белгилүү жазуучулар Адыл Якубов, Түлепберген Каипбергенов кийин Бишкекке келип калды. Эки жазуучу менен 1982-жылы мен илимий командировкада жүрүп, таанышып, Ташкентте, Нукуста үйлөрүндө мейманда болгон элем. Мен да чакырып коёюн деп Чыңгыз агайга сунуш айтсам, макул болду. Анан СССРдин эки жолку Баатыры, космонавт Жаныбеков менен бирге келишти. Аябай жакшы отурушту. Видеодо бар. Күнүмдүк иштер менен чуркап жүрүп күндөлүккө жазбай калыптырмын бул тарыхый окуяны. Эстеткениңе рахмат.

– Күндөлүгүңүздү толуктап чыгарбайсызбы?
– Кудай буюрса! “Айтматов жөнүндө этюд” деген китепти сурагандар көп, бирок экинчи жолку басууга акча жок.

– Дүйнөлүк жазуучуну акыркы сапарга узатып жатканда да тоскоолдуктар болдубу?
– Эмне дейин, чынын айтсам болду. Ал жөнүндө учурунда көп айтканбыз. Келүү ниетин билдирген чет өлкөлүк жетекчилер, аттуу-баштуу адамдар бийлик тараптан тийиштүү жооп, адамча чакыруу болбогондон кийин келбей калышпадыбы! Башка бир көрүнүштү эле айтайын. Ошентип, баарыбыз оор, терең кайгыдабыз. Филармониядан агайды Ала-Тоо аянтына алып жөнөөрдө улуу манасчы Саякбай Каралаевден жазылып алынган калайыкка караңгы түшкөн Манастын өлүмү эпизоду берилмек. Ушинтип макулдашканбыз. Бир маалда аза күтүү тобунун мүчөсү, маданият министри Султан Раев өтө бушайман болуп, мага кайрылып, “Чоңдор “Манасты” бердирбей жатышат, эмне кылабыз байке” – деп калды. “Султан эмне кылсаң да бер, бирдеме болсо сени менен мен да кошо жооп берем, мен да аза күтүү топтун мүчөсүмүн, Айтматов бүгүнкү күндүн Манасы эмеспи” – дедим шашып. Анан эки-үч мүнөт кечигип, “Манас” айтылып, Манасты жоктоого Айтматовду жоктоо кайгысы жуурулушуп, эки залкар бирге узап жаткандай туюлду.

“Баары ыйлашты Манас эми өлгөндөй,
Манас менен Сизди кошо көмгөндөй.
Аалам турду жымжырттыкта суз болуп, –
Чыгармачыл кыяматты көргөндөй.” –

деп жаздым кийин.

– Ата-Бейитке барып турасызбы?
– 1-апрелде бардым, чет элдиктер бар экен. Дагы эле Ата-Бейит томсоруп турат. Жаныма түрк жигити Мустафа Ожакты алып алдым. Ал “Бала жана балалык Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсүндө” деген темада кандидаттык диссертациясын жазып бүткөн эле. Жан дүйнөмдө сырдашып кайттым, бир топко жеңилдеп калдым.

– Алп Айтматов жок – эми көңүлүңүздө эмне бар?
– “Манас”, Айтматов бар! Руханий жашоомдун азыктары өмүр боюу мени менен!

Маектешкен Эрнис Балбаков, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.