Казакча сүйлөп, кыргызча ырдаган журтташтар

Тарбагатайлык жаш үй бүлө ыр ырдап, чер жазууда. «Youku» сайтындагы видеотасмадан алынган сүрөт.

Кытайдын түндүк-батышындагы Тарбагатай аймагында 3 миң чакты кыргыз жашайт. Өздөрүн оргочорлуктар деп атаган бул кыргыздардын тили бурулуп, казакча сүйлөп калышкан, монгол, кытай тилин дагы билишет. Алардын музыкасында коңшу элдердин таасири сезилет.

«Давангаң» тобунун музыкалык коштоосунда тартылган тарбагатайлык кыргыздар тууралуу музыкалык видеодон алар монголдордун көмөкөй ыкмасында ырдап, казактын кара-жорго бийин бийлеп жатышканын көрөбүз, бирок башкасы бүт эле кыргызча ыр-күүлөр. Ушул тасма тууралуу Жапонияда докторлук ишин жазып жаткан чыгыш таануучу Сейтек Качкынбаев түшүндүрмө берет.

A: Сейтек, кытайлардын «Youku» сайтында «Тарбагатайлык кыргыздар» деген видео турат. Ошол видеону карап көрсөк, экрандар кадимки эле кыргыздар көрсөтүлөт. Эмне себептен аларды казакташып кеткен деп айтышат, мисалы ырлары, «Манасты» айтканы кыргызча болуп турат го?
С.Качкынбаев: Сөзүңүздө калет жок, алардын казакташып калганы туура. Тарбагатай аймагы чоң жер, ал эми кыргыздар турган жерди Чөйчөк, Ламажо деп коет, аны кыргыз «Күрө», «Емин» деп атайт, үч-төрт жерде 3 миңге жакын кыргыз чачырап жашайт. Тегерегинде массалык эне тилде сүйлөгөн  чөйрө жок, балдары бүт казак мектепке барат. Казактардын таасирин алат.

Анткен менен уруулук бөлүмү, этникалык жагын караганда, бүт эле кыргыз. Солтолор, барындар, дөөлөстөр бар экен, анан казактардын чотой, керей деген анча-мынча уруулары кыргыздашып калган, илгерирээк кошо келген окшойт. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Тили казакча болуп калганы менен, аң-сезиминде, “мен кыргызмын” деп бир топ эле күчтүү. Диний ишенимин алып карасак, 90 пайыз кыргыздар буркан (буддизм) динин, тагыраак айтканда Тибеттин лама буркан динин карманышат.

Тарбагатайлык жигит комузда “Маш ботойду” ойноп жатат. («Youku» сайтындагы видеотасмадан алынган сүрөт)

A: Видеодо кытайча, алдында англисче жазуулар бар, анда “Бул эл Ала-Тоону ашып, Тарбагатайга келген. Аларга Улуу Хан алтын мөөр берген” деп айтылат. Ала-Тоону ашып келгендер ысыккөлдүк сарбагыштар болгон деген да кеп бар эмеспи. Андай болсо алар мусулман болуш керек эле да?
С.Качкынбаев: Диний ишеними боюнча Тарбагатайдагы кыргыздар терең изилдене элек.

Бизге белгилүү болгон эки эле булак бар. Биринчиси, Орусиянын Хакас мамлекетинен келгендер, анан Кыргызстандан дагы бирөө барган. Бири-бирине карама-каршы келген маалымат жок экен. Бирок ошол жерде жашап турган ар айылдагы ар уруунун өкүлүнөн сурап көрсөң, ар кимиси ар башка маалыматты айтат. Анча-мынчалары «Биз Хакастан көчүп келгенбиз, бирок эсибизде жок» дешет. Көпчүлүгү Теңир-Тоодон, Ала-Тоодон келгенин айтат. Уруулук курамын карасак, булар Ысык-Көлдөгү сарбагыштар менен бир болуп атат.

Ысык-Көлдө Челпек, Бөрүбаш деген эки калмак айыл бар. Челпекке мен былтыр барганымда, ал жердеги калмак тилинде сүйлөгөн аксакалдар менен сүйлөшсөм, алар «биз калмак эмеспиз, биз кыргызбыз, болгону Жунгар хандыгынын астында 300 жыл туруп, монгол тарбиясын алып калганбыз» дешти. «Биз солтобуз, сарбагышбыз» деп өзүнүн уруулук аң-сезимин так көрсөтүп айтып атышат. Булар Ала-Тоодон өтүп барганы тууралуу жакшы билбейт экемин. Бирок менин оюмча, жунгар каандыгы турганда буларды күч менен (Алтайдан) Ысык-Көлдү көздөй көчүргөн болуш керек. Бирок кыргыздарды эмне үчүн Тарбагатай жакка көчүрүп бармак эле, бул мен үчүн табышмак. Буга анча ишене албайм. Тескерисинче, (түз эле) Хакас, Тува тараптан келген болуш керек эле деп ойлойм.

Тарбагатайлык аял темир ооз комуз чертүүдө. («Youku» сайтындагы видеотасмадан алынган сүрөт)

A: Алардын дини бурканчылык болгон деп айттыңар. Андай божомолго алардын түздөн-түз Хакасиядан келгени негиз болушу мүмкүн турбайбы?
С.Качкынбаев: Ошондой болсо керек. Эгер Хакасиядан келген болсо алардын түпкүлүктүү диний ишеними – шаманчылык, бурканчылык. Бурканчылыктын ичинен «кичинекей дөңгөлөк» деген лам-бурканчылыгы. Монголдор XV кылымда лама окуусун кабыл алышкан. Тарбагатай кыргыздары дагы ошолордон кийин кабыл алышкан болуш керек. Ал эми Ала-Тоодон барган кыргыздар XVI кылымдарда жунгарлардын маалында мусулман болгон-болбогону тарыхта талашты жараткан суроо. Мисалы ошол эле замандарда Паргана (Фергана) өрөөнүн алып карасаңыз, андагы анча-мынча кыргыздарды орустар «поганец» (каапыр) дешкен. Анжияндык кыргыздарды дагы ошентип айтып аткандан кийин, Ысык-Көлдөгү кыргыздар жөнүндө эмне айтаар эле, буга жооп бериш кыйын.

A: Тарбагатайда кийинки убакта мусулмандар дагы күчтөнө баштаган деп түшүндүм. Ортосунда карма-каршылыктар бар дегендей сөздөрдүн четин угуп атам. Бул тууралуу маалыматыңыз барбы?
Сейтек Качкынбаев: Ооба, бар. Себеби акыркы мезгилде фундаменталдык ислам күчөп атат. Исламдын багыттары көп турбайбы. Акырын-акырын уйгурлардын ичинде окуусун күчөткөнгө аракет кылат экен. Ошол аң-сезим бар. Азыр интернет бар, китептер мурдагыга караганда тез жетет, ошол кагаздар казактардын колуна көп жеткен. Ал кагаз казактарга жеткенден кийин автоматтык түрдө кыргыздарга да жетет.

 «Силердин туугандарыңар Ала-Тоодо турат, алар негизинен мусулман деп айтылат го, эмне үчүн силер мусулман эмессиңер, бул жакта буркан динин кармап отурасыңар?» деп, исламчылар кыргыздарды ардантып, аларга мындай кийинишиңер керек деп кыйыр болсо дагы таасир этишет экен. Мен билгенге караганда, ал жерде мусулман динин карманган он чакты үй-бүлө бар дейт. Жергиликтүү кыргыздар болсо аларды, «Силер саткынсыңар, биздин ата-бабадан калган бурканчылык окуусун сакалчандарга сатып атасыңар» деп ортосунда чыр-чатак бар деп уктум, ал тургай окудум.

Тарбагатайлык улан комуздун коштоосунда отургандарга ырдап берүүдө. («Youku» сайтындагы видеотасмадан алынган сүрөт)

A: Биздин гезиттин Үрүмчүдөгү блогери Бектур Иляз Тарбагатайда кыргыз борбору ачылганын кабарлап жазды. Оролбек Манжын уулу деген жетектейт экен. Бектурдун жазганынан кийин кээ бирлер «Эмне үчүн Кыргызстандын өкмөтү аларга каралашпайт?» деп сурап жатышат. Кыргыз өкмөтү, же кыргыз тарап алар менен кандай байланыш түзө алат, буга мүмкүнчүлүктөр барбы?

С.Качкынбаев: Мүмкүнчүлүктөр бар го деп ойлойм. Бирок азыр биздин өкмөт чет өлкөдөгү кыргыздар эмес, биринчи өзүн да эптей албай атпайбы. Бирок кыргыз тарап кичине болсо дагы китеп менен бөлүшүп, же аларга расмий маданий тармагынан бир-эки адамды жөнөтүп, алар менен жолуктуруп койсо, «бизге тууганчылык мамиле кылып атат» деп, жүрөктөрүндө жылуу сезим калат эле.

A.: Мисалы казак мектептеринде жумасына бир жолу болсо деле кыргыз сабагын өткөргөнгө сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүндүр?
С.Качкынбаев: Дагы бир ыкмасы, жыл сайын Тарбагатайдагы этникалык кыргыздарга Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга кыргыз тилин окутуучу мугалимдерди жыл сайын экиден-үчтөн жөнөтүп, кыргыз тилин үйрөтүп, же алардын потенциалын колдонуп бир-экиден чакырып, алар менен катнашты күчөтсө болот деп ойлойм.

Акыркы маалматтарга караганда, буларда кыл кыяк 1970-жылдары жоголуп кеткен. Ага чейин биздин кыргыз кыл кыяк ойроттордун, же монголдордун мөрүн күүр (монголчо: аттын башы), ошондой кыл кыягы модификация болуп өзгөргөн. Булар Жунгар каандыгынын астында 300 жыл болуп, алардын тарбиясын, идеологиясын тутунган үчүн, кийими жүз пайыз монголдор менен бирдей болуп калган. Кыл кыягын алар мөрүн күүр деп аташат, сыбызгы, кай, көмөкөй ыкмасында ырдашат. Ушулары жаңыланып өзгөрүптүр. Комуз дагы бир кыйла формасын өзгөртүп, жоголуп кеткен дейт. Кийинчерээк улуттук аң-сезим кайра ойгонгондон кийин алатоолдук кыргыздар менен байланышып, комузу биздикине окшошуп калды дешет. Ал эми биздикидей кыл кыягы жоголуп кетип, ал мөөрүн күүргө өтүп кеткен деп айтылат.

Жаңыл Жусупжан, «Азаттык», 28.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.