“Тойго табылган акча китепке деле табылат”

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар Мамлекеттик кызматына караштуу Мамлекеттик интеллектуалдык менчик фондусунун аткаруучу директору Рахат Керимбаева менен маек.

-Рахат Топчубаевна, бүгүнкү күндө авторлордун китептери бирин-экин болсо да чыгып атат. Бирок аларды сатуу жагы өтө чоң проблема. Жеңил-желпи мазмундагы рыноктук чыгармаларды эсепке албаганда, жаңы китептердин дээрлик басымдуу бөлүгү сатылбай калат, окурманга жетпейт. Ушул көйгөйдү чечүүдө сиз жетектеген фонд кандай көмөк көрсөтө алат?
-Эч бир мамлекеттик мекеме же коомдук уюм авторлордун чыгармаларын сатуу маселесин толук чече албастыгын баарыбыз сезип, билип турабыз. Бирок, бул көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун биргеликте издөөбүз керек. 70 жылдык тарыхка кайрылсак, кыргызча басылган адабий китептер миңдеген нуска менен чыкса да, айыл дүкөндөрүнө чейин жетпей калчу. Элдин көпчүлүгү айрым китептерди колдон-колго берип окушчу. Автобустарда, самолёттордо, поезддерде, троллейбустарда, товарларга кезекке турган жерлерде китеп окуп тургандар көп кездешчү. Жаш балдардан аксакалдарга чейин китеп окуганга кызыгышчу. Радиодон кызыктуу адабий чыгармалардан үзүндүлөр жыл ичинде үзгүлтүксүз көркөм окулуп турчу. Социалисттик реализмдин айрым чектөөлөрүнө карабай, дүйнөлүк адабий, фантастикалык жана балдар үчүн жазылган чыгармалардын эң сонун котормолору басылып, сатыкта тез эле түгөнчү.

1950-1970-жылдары кыргыз классиктеринен сырткары, кыргыз тилине казактардын “Абай”, “Ботокөз”, орусчадан которулган Жюль Верн, А.Беляев, А.Пушкин, М.Лермонтов, Л.Толстой, И.Тургенев, Р.Гамзатов, Г.Х.Андерсон сыяктуу авторлордун китептери ар бир үйгө жетип калды эле. Джек Лондон, Теодор Драйзер, Роберт Стивенсон, Луи Арагон сыяктуу белгилүү авторлордун орусча котормолорун окуу өзүнчө эле модага айланган.

Л.Н.Толстой өтө көлөмдүү “Согуш жана тынчтык” романынын кол жазмасын ондогон жолу оңдоп жазган. Себебин сурагандарга “китепти окуган окуучуну сыйлашыбыз керек, ал тажабасын үчүн сюжеттер кайталанбай, сөздөр, сүйлөмдөр кыска-нуска жазылуусун жана башка талаптарды элестетүүм керек” деген.

Жюль Верн мектеп окуучулары адабият, тарых, математика, физика, химия, биология, география жана башка предметтерди өздөштүрсүн үчүн өзүнүн фантастикалык китептери аркылуу аларды кызыктуу аңгеме катары берем деп жарыя кылган. Ошондуктан, китеп окуучулар, котормочулар, китеп басуучулар анын ар бир китебин чыдамсыздык менен күтүшкөн. Акыркы “Сырдуу арал” аттуу китебин элдин өтүнүчү менен төшөктө ооруп жатып жазган. Азыркы күнгө чейин анын китептери кайсы тилде болбосун колдон-колго талашып окулат, сатылбай калбайт.

Ч.Айтматовдун да ар бир китебинин жазылып бүтүшүн дүйнөлүк окурмандар чыдамсыздык менен күтүшкөн. Ошондуктан, анын көпчүлүк китептери чет тилдерде жарык көргөндөн кийин гана кыргызча басылган.

Демек, китеп али жазылып бүтө электе рекламалык иштер жүргүзүлүүсү, сатып алуучулардын күтүүсүн камсыз кылуу гана китептин ийгиликтүү сатылуусун камсыз кылат.

Белгилүү америкалык фантаст Айзек Азимовдун (Анжиян өрөөнүндө төрөлгөн) жылына ондогон китептери жарык көрүп, баары талаш менен сатылган. Себеби, негизги иштерди Азимовдун өздүк мекемесиндеги аналитиктер, менеджерлер жасашкан. Ал эми автор мекемесин идеялар, версиялар менен камсыз кылып, китептердин жазылуусун сатыла тургандай багытка буруп турган.

Бул китептердин кыргызча электрондук версияларын (эгерде болсо) интернетке жайгаштыруу долбоору донорлор тарабынан сөзсүз колдоого алынууга тийиш. Бүгүнкү чыгаан жазуучуларыбыз, акындарыбыз котормочулардын жардамы менен Түркия, Япония, Кытай, Россия сыяктуу өлкөлөрдө өз китептерин чыгаруу долбоорун ишке ашуусуна биз көмөкчү болуубуз керек. Чыгармачыл союздар, “Кыргызпатенттин” Мамфондусу, коомчулук бул багыттагы долбоорлор менен иштеген коомдук уюмдарды (НПО) өнүктүрүп, даярдасак донорлор менен байланыштар түзүлө баштайт. Ал өлкөлөрдөгү чыгармачылык тренингдерге, семинарларга катышуу үчүн сөзсүз англис тилин үйрөнүү керек болот. Бул багыттагы иш чаралар бир топ убакытты талап кылат. Бирок, бул биз сөзсүз басып өтө турган жол. Кыргыздардын чыгармалары, басып өткөн доорлор чет элдик окурмандарды сөзсүз кызыктырат. Алар бизден балким тарыхый көркөм чыгаан чыгармаларды күтүп жатышкандыр. Чет өлкөлүк китеп рыногуна кирүү биздин негизги стратегиябыз, мамлекеттик саясатыбыз болушу керек. Мисалы, 70 миллион калкы бар Түркияда 1 миллион окурман тапкан акын, жазуучубуз ханга салам бербеген адам болоор эле.

Чыгармачыл союздар, коомчулук, Мамфонд жылына ар түрдүү конкурстардын негизинде ондогон чыгарманы даярдап, элге тынымсыз айтып, түшүндүрсөк бул сериядагы китептер жер-жерлерде сатылуусуна жол ачылат. Бул китептердин чыгуусун эл чыдамсыздык менен күтүүсү керек. Элдин аң-сезимине, ички дүйнөсүнө радио жана башка ММК аркылуу жетүүнү камсыз кылуу кажет. Бирок, бул ички рынок кичине, тез эле башка багытка бурулуп кетүүсү мүмкүн. Бүгүн элде акча бар. Айрыкча, айыл жеринде ар бир үйдө иномарка, байланыш каражаттары бар. Каалоолору ойгонсо, китепке ылайык акчалары жетет, бирок китеп алгылары келбейт. Бул долбоорду ишке ашырууну биргеликте жасообуз керек. Ошондуктан, бири-бирибизди күтпөстөн, демилгени колго алуу зарыл. Бул аракетибизден сөзсүз жыйынтык чыгат деп ойлойм. Күтүп отурбастан интернет аркылуу өнөктөш (китеп басып чыгаруучу, продюсер) издеп, алака түзүп, чыгармачылыкты өркүндөтүү, сөзсүз англис тилин билүүгө умтулуу бул күндүн талабы. Башка жол жок. Классиктерибиздин китептерин, “Манастын” үчилтигин ар бир үйдө болуу салтын элибизге сиңирүү долбоору жергиликтүү бийликтер, коомчулук аркылуу жүргүзүүсү абзел. Бул багытта чыгармачыл союздар, жергиликтүү бийликтер жана Мамфонд ири долбоорлорду иштеп чыгып, донорлордун жардамы менен иш жүзүнө ашыруубуз зарыл.

“Саамалык” жыйнагына бүт региондордун жаштарынын арасынан тандалган чыгармалар гана жарыялануусуна жетишүүбүз зарыл. Эгемендүүлүк алганыбыздан кийин эл ичинде көптөгөн тойлор, жакшылыктар көбөйдү. Ырчылар, куудулдар кошумча өнүмдүү иш менен камсыз болду десек жаңылышпайбыз. Той алып баруучу тамадалар тобу жанданды. Эгерде тойлордо белектердин бир бөлүгү кызыктуу китептер түрүндө берилсе, эбегейсиз көп китептер өз ордун табат эле. Тамадалар бул идеологияны элге жеткире алуусу мүмкүн. Чыгармачыл союздар бул долбоорду пайдалануулары зарыл.

Жылына он чыгаан авторлордун китептери өздүк жергиликтүү китепканада болушун камсыз кыла турган норманы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү мыйзамга Жогорку Кеңеш аркылуу киргизсе болот. Бул сунушту атайын жумушчу топ ишке ашыруусу керек.

-Эл арасында ыр, кара сөз жазууга кызыккан талантуу жаштар ого эле көп. Бирок, профессионал акын-жазуучуларды даярдай турган бир да окуу жайыбыз жок. Бул маселени чечүүнүн жолун кандай көрөсүз?
-Чыгармачылык деңгээлди жогорулатуу үчүн азырынча жаш таланттарды Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтуна, же башка өнүккөн өлкөлөрдөгү курстардан окутууну колго алуу керек. Ал эми келечекте болсо өзүбүздүн Мамлекеттик адабият институту (Москвадагы М.Горький атындагы адабий институтка окшош) түптөлүшү зарыл. Ошондо жогорку билимдүү, таланттуу адам чоң жазуучулук жолго чыгуу үчүн бул кошумча институтту бүтүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт эле. Институттун 1-курсунда угуучу үч тилди: кыргыз, орус, англис тилдерин толук өздөштүрүп, көп тилде сүйлөөгө, талкууга катышууга, дүйнөлүк адабияттарды англис тилинде түшүнүп окууга жетишип, калган үч жылда дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармаларды жаратуу ыкмаларын интенсивдүү программада үйрөнөт. Чет өлкөлөрдөгү таанымал чыгармачыл улуу инсандар атайын курстарды окуп кеткен долбоор ишке ашырылат. Мындай институтту чыгармачылыкты сүйгөн менеджерлер башкаруусу керек. Бул сунушту колдоочу эл аралык донорлор өтө көп экендигин эске салгым келет. Институтту ачуу долбоорун биз түзгөн атайын жумушчу топ эле иштеп чыкмак.

Мамат Сабыров, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.