Айжаркын Эргешова

1973-жылы Оштун Ноокат районуна караштуу Кичи-Алай өрөөүндө туулган. ОшМУну аяктаган.

Ырлар

Түркия ырлары

(Түркияда үч айлык адабий курста окуп жүргөн кезде жазылган ырлар)

* * *

“Негедир жаз кечикти зарыктырып”,
Ушундай кабар алдым мекенимден.
Мен жазды жүрөгүмө катып алып,
А балким, өзүм менен ала келгем.

 

* * *

Мекенден алыстамын, дилим анда.
“Сулуу жаз келсе экен” дейм көңүл көксөп
Ансайын зарыктырып жаз кечигет,
Кантти экен, байчечекей, көк майсаң чөп.

 

* * *

Тээ алыска карап турдум мунарык,
Ошол жакта жүрөсүң ээ капарсыз,
Сенсиз мен бир байкуш экем, муз экем,
Жан экенмин эң мажирөө, эң алсыз…

Мен ушуну сездим бүгүн, сездим да,
Дароо келди кетким, жакка сен жүргөн.
Ал анткени, сен бар жер бир адеми,
Ал анткени, сен жүргөн жер зор Мекен.
Анкара. 21-март

 

* * *

Билбей такыр жакын кезде кадырын,
Далай жолу күттүрдүм да, кейиттим.
Азыр сезди жетим тайлак көңүлүм,
Мен досторсуз, тоосуз калган кийикмин…

 

* * *

Экөөбүздүн каттар жамгыр болуп жаап, бири-бирибизге ашыгып агылган биздин күздү сагындым. Сенчи….

 

18:03

Эсиңдеби, жамгырлуу кеч күз эле,
Биздин каттар агылган кез сыр ташып.
Көчө сары, көкүрөктө жаз эле..,
Ошол көктөм тез бүттү не мынчалык…

Кол чатырым бош ташталып тек гана,
Каттын деми калкалачу жамгырдан.
Суу сарыккан көйнөгүмө, чачыма,
кайгырбай мен. Кат кечиксе кайгыргам.

Биздин каттар сээлдеди… Кур намыс,
көкүрөктү бырча-бырча тилип тур…
Кабакта муң, жамгыр төгүп каректен,
Тосо албады муну эч бир кол чатыр…

Атаганат, бир эле кат келсе эмне,
Миң кол чатыр теңеле албай турмак эч.
Жанын таштап иймек шондо сезимдер,
Эми баары сууга чөктү.., аттиң кеч.

Калкалачу экен биздин кат чатыр…
Сагынычтан күтүү менен коштолгон.
Тамгаларда калган биздин сүйүүнү
Катчатырга каткын жаным… Кош болгун

 

19:01

Не кабарсыз? Же бир жазган катың жок,
Сен тараптан кабар күтөм.., ың-жыңсыз.
Кечки иңирде тоо көлүндөй тунжурап,
Неге мынча ойго чөгүп тарттың суз?.

 

24.03. 18:54

Түштөр гана жолугуп түндү күтүп,
Жоруп баарын жакшыга, жолугууга.
Ушул түштө кирет деп асылзатым.
Түштө гана эриндер сорулууда…

 

* * *

Мейли үн катпа, мени ошентип жазала,
Дилим күйүп сапырылсын ааламым.
Бир жакшы ырга себеп болот, а балким,
Жалгыз жанды миң азапка салганың…

 

* * *

Ушу азыр ичимден кыйналып…
Ушу азыр күтүүдөн чайналып…
урганда. Сен кайда, кимге ов,
жүрөсүң нур болуп ак жарык..?

 

* * *

Сен мейли алыс болгун дил тумарым
Көз жетип, кол жетпеген мунарыктай.
Жашоодо жашайм башка адам болуп,
А дилим сени менен жүрөт кыйбай…

Жаныңда жалбарамын карегиңе,
Чачыңды сылайт ысык алаканым.
Туямын энтиккениң кулак түптөн,
Угамын жүрөгүңдүн туйлаганын…

Кучагың алсыратып.., калтыратып,
Унутам өлүм барын, арман барын.
Жумулат муң түнөгөн каректерим,
Төгүлөт далым ылдый кундуз чачым.

Дилимди мемиреткен коңур үнүң,
Добушу кеч күздөгү каркыранын…
Шыбырың көл шоокуму, а колдоруң,
Дарысы арманы арбын жалгыз жандын…

А бирок мунун баары кыял жаным,
Мен муну туйган кезде ыйлап алдым…

 

* * *

Багынттың жан-дүйнөмдү, карегимди.
Ойлобой, көрбөй калдым башка жанды,
Багынттың тилегимди, күдөрүмдү,
Жашоом, жаным, дилим сага айланды…

Арадан акты жылдаар. ϴтөөр кылым,
Унута албай койдум, унутпасмын,
Уурдадын жүрөгүмдү. Тагдыр сени
Дал мендей.., сүйүү берип жазаласын.

 

* * *

Мында деле көчмөн булут көк кезип,
Жел акактап ары-бери сүрдүгөт,
Таңды ээрчиген Күн батышка жол тартып,
Кызгыч булут көшөгөлөп кеч кирет.

Бирок, мында кылым кечип ашыгын,
Издеп күйгөн күкүк үнүн укпадым…
Түркчө сүйлөп түшүркөдүм, а бирок,
Кыргыз жери түшкө кирип уктадым

Кыргыз Жазын, кыргыз Жерин, кыргыздын,
Бакылдашып сөгүшкөнүн сагындым.
Тоого кеткен чыйыр жолдо жалпайган,
Уй богуна келип турат жалынгым…

 

* * *

Түшүмө кирдиң уулум. Маанайың суз,
көздөрүң ыйлагандай кызарыптыр.
Зыркырайт көкүрөгүм көңүл түтөп,
Түштөгү жүзүң дилим жаралап тур…

Кусадан меникиндей көздөрүңдү,
Толтуруп ысык жашка кылгыртпагын.
Сагындым мен да сени араң жүрөм,
Сыр бербей чыдоону бил, үйрөн баарын.

Сен эми чоң жигитсин. Бул жалганда,
тосоорсун түйшүгү арбын далай таңды,
Түз карма ийиниңди, башың көтөр,
Кейитпе жашык, жумшак таятаңды.

Аялмын, мен ыйласам кечиримдүү,
Сен антпе, бала ыйласа ыйлайт аалам.
ϴзүңдө үмүттөрүм, кайрат-күчүм,
Сени менен эртеңдерим, жаным балам.

 

* * *

SMSтер келет сенден күн сайын,
Жылуу сезим, зор сагыныч жүктөгөн.
Канат байлап менде жүргөн сүйүүдөн,
Учат сага дал ошондой жүк менен…

 

* * *

Бир жолу уулумдун “Класстагы эң сулуу кызга белек алам” деп 8-мартка карата акча топтоп жатканын көрүп “магачы?” деп оюмда эч нерсе жок сурап койдум. Уулум эч арамдыгы жок, “апа сизди унутуп калыпмын” дегенде башыман ылдый муздак суу куюп жибергендей калтырай түшүп, бирок, уулумдун бул айыпсыз “күнөөсүн”  түшүнүп, “мейли уулум азыр унутасың, бирок эстегенде кеч болуп калат” деп кала бергем. Уулум ойлонуп калган. Анан кийи-ин, мен ал окуяны унутуп калганда “Апа, мен кийинки 8-мартта эстесем кеч болбойу. Эми унутпайм” деп коёт. Ыйлагым келип араң карманган элем ошондо. Анан Исхакка өзүм айткан ошол кеч калуу дал менин башыма келгенин быйыл Ысык-Көлгө апам, атам менен барганда түшүндүм. Түшүндүм да, башымды койгулап ыйлагым келди. Убагында атам менен апама кийгенге, ичкенге мүмкүнчүлүк бербедик…Ал эми, азыр жейин дешсе тиштери жок, кийейин десе кийим андагыдай жарашпайт… Мен муну уулума караганда кечигип, абдан кеч түшүндүм.

 

Кутманым апам, каралдым атам менин…
Алдымда бараттыңар, ойлонуп алда нени,
Кундуздай бир кездеги чачыңар аппак эле.
Колуңар калтырайт не, көтөрүп баккан мени…

Апамдын бакырайган, кирпиктүү сулуу көзүн,
Санаалар түнөк кылып, миң бырыш желелептир.
Улакчы, балбан жигит. Суктанган далай сулуу
Келбетин атакемдин шум мезгил тебелептир

…алдымда бараттыңар. Мен артта, мезгил артта.
Көңүлдү жөргөмүштөй санаалар желелеп тур,
Кеч калдым көп нерсеге, АПА, АТА…
Чачылып дүйнөм бүтүн, жүрөгүм жемелеп тур…

Кымбатым атам, ыйыгым апам менин,
Бараттым артыңардан изиңер болуп баскан.
Уурдаган бүт өмүрүң, кыярткан кырчын кезиң,
Мен элем. Канткенде карызымды кайтара алам…

Кымбатым атам, ыйыгым алтын апам…

Соц тармактар:

One thought on “Айжаркын Эргешова

  • 21.01.2015 at 21:43
    Permalink

    кандай сонун саптар…

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.