Калича Жакыпова

Нарын шаарында төрөлүп өскөн. Мектепти аяктаган соң Кыргыз Агрардык университетинин «Суу жана жаратылышты башкаруу» институтунун «Мелиорация жана жерди коргоо» факультетине тапшырып, 2008-жылы аяктап, суу инженери кесибин алган. Азыркы тапта Кыргыз Агрардык университетинде аспирантурада окуйт жана «Кыргызсуудолбоор» мамлекеттик ишканасында инженер-долборлоочу болуп эмгектенет.

Алгачкы ырларын 12-13  жашынан баштап жаза баштаган.

 

Ырлар

КЕЧИРИҢИЗ…?

Жаралгансып бир сизден, бул ааламым,
Жан дүйнөмдө жазыксыз убарамын.
Үңүлгөнүм телефон… Жалгыз бөлмө,
Үмүт берип чалбаңыз? Суранамын?

Бычактан курч болсо да өтүмүңүз,
Бүгүн баарын унутуп, өчүрүңүз.
Кур кыялды ээрчиген акылсызмын,
Кудай үчүн? Анымды кечириңиз?

Кезигүүбүз тагдырдан белек эле,
Көңүлдөгү көп ойлор себеп эле.
Бүт ааламым сиз болуп турсаңыз да,
Бирок, сизди сүйбөшүм керек эле.

Кол жетпеген алыссыз башка жандай,
Коомайланам, боло албай башкалардай.
Капилеттен жолуксам качып жөнөйм,
Калбайын деп сезимим башкаралбай.

Ашык жанга баардыгы сулуу тура,
Арбалганда арзуунун кулу тура.
Эми тилейм, Кудайдан сиз жөнүндө,
Эрким жетсе экен деп унутуугa.

Күндө тилейм, Кудайдан сизди эстебей,
Күчүм жетсе экен деп унутууга…

 

ЖАЗ ДА КЕЛДИ…

Жаз да келди… Бирок жазым кунарсыз,
Себепчиси, сезимим го, бул арсыз.
Айталбаган сырларымды а балким,
Алгач жааган, жамгырлардан угаарсыз.

Жазды күткөм… Жааса жамгыр көнөктөп,
Жамалыма аруулугун төгөт деп.
Жан дүйнөмө жөлөк болгон көктөм да,
Жаткансыйт эх! Мени жээрип, бөлөк деп.

Катсам дагы сезимимди кулпулап,
Көнбөй эркке сиз тарапка умтулат.
Туталанам, үмүтүмдү үзө албай,
Тутанчудай чогу жанып, жылтырап.

Күлкү менен арманга мен курбумун,
Карегиме, бирок, азыр тунду муң.
Кездешкенден бери сизге негедир,
Мен өзгөчө бактылуумун… Муңдуумун…

Абалыма көнүп бүттүм ушундай,
Алгач утуп, анан кайра утулмай.
Капырай ай, ашык болуп түбөлүк.
Калган окшойм, бул илдеттен кутулбай.

Жаз да келди… Бирок, жазым кунарсыз,
Себепчиси, сезимим го, бул арсыз.
Катып жүргөн арзуумду сиз, а балким,
Качандыр бир, ырларымдан туярсыз…

 

ТАМЧЫЛАР…

Үлбүрөгөн була сымал асмандан,
Ууз, таза, жазалгандай ак кардан.
Тээ көктөгү булут ыйлап жаткансып,
Төгөт тамчы, айырмасыз жаштардан.

Тегиз суулап, кургак жердин жаңысын,
Тамат жамгыр, тып-тып таштап дабышын.
Же кайталап жаткансыйбы акырын,
Жер эненин жүрөгүнүн кагышын?

Табияттан келе жаткан салт улап,
Тартып солгун, кээде жаайт катуулап.
Муңун айтып, сырын айтып жаткандай,
Мукамдуу бир аваз чыгат, шатырап.

Туман чалып, көчө турат, нымшыган,
Тек билгизбейм, кубанганым сыртыман.
Себелеген жаандын ар бир үзүмүн.
Сезимимде, нөшөрлөгөн ыр кылам.

Эх тамчылар… Ээ-жаа бербей төгүлгөн,
Эркинсинер, каалашынча өмүрдөн.
Асман болуп жердегениң кол жеткис,
Алыссыңар! Алыссыңар, төгүндөн.

Калган кезде көр түйшүккө жанчыла,
Кыялдар бар, мен эңсеген тамчыда.
Аруулукка адамзатты чөмүлткөн,
Ашык болуп өткүм келет тамчыга.

Аруулукка адамзатты чакырган
Арзуум айтып өткүм келет тамчыга…

 

ҮМҮТ…

Нечен ирет, элеп ойдун элегин,
Негедир эх, билбей сезим себебин.
Уяңдыгым жеңип чыгып, соңунда,
Учундамын, уу чыланган жебенин.

Жанга жуутпай, жактырбастан башканы,
Жамалым да жуулуп бүттү, жашка бу.
Жетпесимди билсем дагы, кол сунуп,
Жерде туруп, эңсептирмин асканы.

Жагалмайдай кайкып учпай, тордолгон,
Жазыксыз ай! Сезимдерим кор болгон.
Жолдонбогон каттар калды өзүмдө,
Жомок болуп… Сызып-чийип, ондолгон.

Сезилбестен, өткөн мезгил закымы,
Сени күткөн карек талып акыры.
«Жүргөнчөктү ара жолдо»- деп чечтим,
«Жүрөгүм да унутушка акылуу!»

Күндөр өттү, карааныңа кагылган,
Күтпө эми! Ысымыңды жаңы ырдан.
Сага арналбайт, ар бир жазган саптарым,
Сендик болбойт, көз жашым да, агылган.

Үзгүм келбей, үмүт жибин түрдүм көп,
Үмүт өчүп, чогу калды бүлбүлдөп…
Бирок азыр, кантээр элем капилет,
Бет алдымдан чыга келсен күлмүңдөп?

Бирок аттиң, кантээр экем бир күнү,
Байкоосуздан, сен жолуксаң, күлмүңдөп…

 

СҮЙӨМ БИРОК…

Кечир эми! Кетем өзүм ыраактап,
Жан дүйнөмө болбо үмүт, тамызгы.
Сендик сүйүү мага бербей ырахат,
Сендик сүйүү- канча жашым агызды.

Мээни мыжып, сендик ойлор курутуп,
Мен жарыкты таппай турдум жолуман.
Кээде ааламда, өзүмдү-өзүм унутуп,
Кечип кетким келди бары-жогунан.

Жараткандан нечен сурап кечирим,
Жазылганын көрөм дедим чекеме.
Кыйналганча башкара албай сезимим,
Коюу түнгө сиңип кетсем бекен ээ?

Далбас уруп, даам албайм деп сүйүүдөн,
Далай уктум, акылымдын жемесин.
Бирок айтчы? Эми кантип түңүлөм,
Бар дүйнөмдү ээлеп турса элесиң?

Үмүтүмө боло көрбө тамызгы?
Жүрөгүмдүн илдетине себепсиң.
Сендик сүйүү канча жашым агызды,
Сүйөм бирок… Аттиң, мендик эмессиң!

 

ЖАЗЫМ МЕНИН…

Сырым сезген сырдашымдай жел мени
Сыдырымга сылап жүзүм термеди.
Сагынычка толуп турган убакта
Кандай ырахат! Көктөм жаздын келгени.

Келдин мына! Көңүл сырын эзгендей
Күттүм сени! Жолугушчу кез келбей
Жамгырыңды жөлөк кылдым жаныма
Жабыкканым жалгыз өзүң сезгендей.

Көөдөндөгү кусалыгым тыңдачы,
Көңүл эзген жамгыр ырын ырдачы.
Жүрөгүмө кубат берген сен болдуң
Жазым менин! Жан дүйнөмдүн-сырдашы.

Жан эргите булбул үнү угулуп,
Жаңыргандай жердин бети кубулуп,
Өзгөчө бир шаң коштуң сен жашоомо
Өзүң менен келип жандуу сулуулук.

Шибер чөптүн жыты чыгып, баш алып
Табият да тал чыбыктай жашарып,
Көктөмдүн бул ар бир аткан таңында
Көңүлүм да барат улам тазарып.

Жолун тороп турса дагы жай алдын
Жазды даңктап сүйүүгө мен даярмын!
Анткени ал кандай гана жагымдуу
Жан дүйнөсү сыңар назик – аялдын.

Сырым сезген сырдашымдай жел мени
Сыдырымга сылап жүзү термеди,
Кусалыкка батып турган убакта
Кандай бакыт! Көктөм жаздын келгени…

 

УШУЛ КҮЗ…

Ушул күзүм, былтыркыдан бөтөн күз
Улам мезгил өтсө биз да бөтөнбүз.
Каркырадай тизмектешип өмүрдөн
Кайтпай артка закым болуп өтөөрбүз.

Ушул күзүм, орун алды көңүлдөн,
Удургушуп жалбырактар төгүлгөн.
Жаз, жай жашап из калтырып андан соң
Кош айтышып бараткансыйт өмүрдөн.

Ушул күзүм, быйыл башка сезилдиң,
А балким ал сыйкырыдыр мезгилдин.
Күнүмдүк көз ирмеми бул жашоонун,
Күбөсүдүр бактылуу бир кезимдин.

Ушул кезде, буулугуума эм издеп
Бул турмушка алымсынбай, кем издеп,
Күздү сүйүп, күдөр үзбөй баарынан,
Келем жашап, кырды ойго тегиздеп.

Ушул күзүм, былтыркыдан бөтөн күз,
Улам мезгил өтсө биз да бөтөнбүз.
Узак сапар жолду басып өмүрдөн,
Ушул күздүн баркын билбей өтөөрбүз.

Узак сапар жолду басып өмүрдөн,
Ушул кездин баркын сезбей кетээрбиз…

 

КАР ЖАНА БАЛАЛЫК

Асмандан жаткан өңдүү ун эленип,
Акырын жерге түшүп, үбөлөнүп.
Ааламды аруулукка бөлөгөндөй,
Аппак кар, жаап жатты, себеленип.

Кар жааган ар бир айлуу, кышкы кечте,
Капылет өткөн кезим түшөт эске.
Санаада бир бүркүм ой жашап келет,
Сабалап алга карай мезгил өтсө.

Кыш кирсе, баары тегиз бубактанып,
Калчу эле кайран көңүл кубаттанып.
А бирок, кармалбастай кайып болгон,
Кар менин балалыгым сыяктанып.

Убакыт улам бөлүп арабызды,
Уурдайсын кыялыбыз, санаабызды.
Сампарлап жааган карга жүзүн тоскон,
Сагындым эрке кыял, «кара кызды».

Ойлочумун, кар жылдыздын элеси деп,
Ызгаардан тоңуп калган денеси деп…
Бактылуу күндөрдү эстейм, карды көрсөм,
Бае кез, балачактын күбөсү деп.

Суука үшүп, келсем, жашым тегеренип,
Санааркап калчу апам чебеленип.
Кайдадыр алыс калып ошол чактар,
Же калгандыр, кар алдында тебеленип…?

Асмандан жааган карды карап турдум,
Амалсыз жүрөгүмдөн канап турдум.
Балалык эске салган аппак карды,
Баса албай эмнегедир аяп турдум,
Бактылуу ошол кезди самап турдум…
Нарын. 17.01.2012

 

ТЕГЕРЕНГЕН ЭХ АКЧА 

Тегеренген эх акча… тегеренген,
Терге нымшып, же жерде тебеленген.
Жугуму жок, куюлуп уучка турбай,
Жуулуп түшүп, кум менен тең эленген.

Байды жандап, бактуунун жары болуп,
Бапестелдиң, баа жеткис «дары» болуп.
Кембагалга буйрубай келесиң ээ?
Кеми толгон турмуштун зары болуп.

Көр оокаттын көйгөйүн жеңсем деген,
Ким жок дейсиө өзүңдү эңсебеген.
Миң кылымдап бузулбас түптүү элди,
Мигрантка да айланттың темселеген.

Дүкөн болуп намысың акчалууга,
Дүйнөнү бүт теңсиздик башкарууда.
Барк-кадыры арзыбас сомго айланып,
Баатыр уулдар, кул болуп, ач калууда.

Сормо сазга баткандай белчебизден,
Шор тер агып маңдайдан, желкебизден.
Кыздарыбыз акча үчүн кор болушту,
Кызыл гүлдөй соолушуп, эрте үзгөн.

Мансаптууну кадырлап «сиз» дейбиз ээ?
Маңкурттуктан бакытты издейбиз ээ?
Каадабызды тебелеп, болбос ишке,
Кагаз үчүн баш сайып иштейбиз ээ?

Тегеренген эх акча… тегеренген,
Терге нымшып, же жерде тебеленген.
Жугуму жок, куюлуп уучка турбай,
Жуулуп түшүп, кум менен тең эленген.

Жугуму жок, куюлуп уучка турбай,
Журт насили кум болду, себеленген…
9-июнь 2012-ж.

 

АЛДАСТОО

Телефон күйүп, өчөт жаны тынбай,
Телмирем, алсамбы же албасамбы?
Чамасы, эми сизден үмүт кылбай,
“Чалыпсыз, укпапмын”-деп алдасамбы?

Шылтоолоп, айтылчудай бир кызык кеп,
Шыбырың эстеп, көздөн жаш тамат да.
“Сагындым”- дээрсиз анан, жүрөк “зырп” деп,
Санаалар кайра баштан башталат да.

Кайра эле, кооз сөздөрдү арнасаңыз,
Капарга кирбей эч бир арман деген.
Алданам! Андан көрө, чалбасаңыз,
Аргасыз, унуткансып калган элем.

Үзүлбөй, обон коштоп чырылдаса,
Узактан сезем, айтаар оюңузду.
Алалбай турам… Үнүм угулбаса,
А сиз да, “уккан жок”- деп коюңузчу?

Тирмийип, бир орунда катып, жылбай,
Тигилип карайм, улап санга санды.
Телефон күйүп, өчөт жаны тынбай,
Телмирем, алсамбы же албасамбы?…..

 

ЭРТЕҢ КЕЧ…

Күүлөндүм, обон сыңар чертилбедим,
Күтүүнү түнөк кылган мейкиндемин.
Эртең кеч! Сени мүмкүн сүйбөй калам,
Эгерде билсең, бүгүн эркиңдемин.

Сыр кылам, сыпатыңды жазганымда,
Сызылып карегимден жаш тамууда.
Азыр сен, «сүйөт»- дейсиң түбөлүккө,
А бирок, эртең балким, башкамын да.

Ызадан ыйлап, өңдөн азбай анан,
Ырларды арнап сага, жазбай калам.
Бактылуу кылып, сенче сүйбөсөм да,
Башкага көктөмдөгөн жазга айланам.

Анда кеч, апкаарыса гүл жүрөгүм,
Айгине, билем дайым сүрдүгөөрүм.
Өмүргө башымды ийип акырындан,
Өзүңдү унутууга үлгүрөөрмүн.

Күү болуп, обонуңда чертилбедим.
Кусалык ээлеп алган мейкиндемин.
Эртең кеч! Балким сени сүйбөй калам,
Эгерде билсең, азыр эркиңдемин.

Эртең кеч! Бирок, азыр чексиз сүйөм,
Эгерде сезсең бүгүн эркиңдемин…

 

БИР КАДАМ…

Чекит койсом, алмаштырам үтүргө,
Чегингеним алсыздык деп түшүнбө?
Кусалыкты жеңе албай аргасыз,
Кулачудай турам сүйүү мизинде.

Алыстоого далалатым майнапсыз,
Абалым оор, маанайым да айлап суз.
Себеп издеп, жолугууга умтултуп,
Сезимимди үмүт менен байлапсыз.

Санаа кыйнайт көңүлүмдө ырбаган,
Сагынычтын бүтпөс муңун ырдаган.
Сизге азыр жүгүрмөкмүн сабалап,
Сиз мен жакка таштасаңыз бир кадам…

Сиз тарапка чуркаар элем сабалап,
Сиз мен жакка таштаңызчы бир кадам?

 

КАТ

А мен сизге түнү кат жазгам,
Анан кайра айрып таштадым.
Байкап көрсөм талдап бир баштан,
Батпай турду катка жазганым.

Аздектеген ошол катымды,
Аягы жок ойлор кишендеп.
Жазган элем төгүп жашымды,
Жаздым эле, “Сүйөм, ишен”-деп.

Алдыргандай түнгө эсимди,
Азап болду кыял курганым.
Билип туруп жибербесимди,
Бир баракты бекер булгадым…

Бакыт издеп сезим соңунда,
Башка тагдыр куруп кетсем мен.
Бүлүк салып өмүр жолума,
Бүтпөйт окшойт сиздик эскермем.

Бирок, ушул кезим жат өңдүү,
Баарын келди жаңы баштагым.
Бүгүн түнү жазган катымды,
Бералбастан айрып таштадым.

А мен сизге түнү кат жазгам…

 

УНЧУКПА?…

Үмүт берип, көңүлүмдү көтөрбө?
Ушул кезге тобо кылып өтөөрдө,
Бир жылт этчү элес кылып баардыгын,
Бүгүн сизге жолуктум ээ бекерге…?

Тагдыр сунса далай сыноо кечээрсиз,
Табышмагын сезимдердин чечээрсиз.
Менсиздикте кантти десем санааркап,
Менсиз деле жашай алат экенсиз…

Жүздөн төмөн аккан жаштан соолуга,
Жеттим балким, жетээр сөздүн соңуна.
Эми сиздик кыялдардан арылып,
Эркти издейм жаңы кадам коюга…

Ийне сымал жол табам деп жылчыкта,
Ичте калган сезимимди курчутпа?
Улуу жалын биротоло өчкүчө,
Умсундуруп, кыйнап мени… Унчукпа?

Улуу сезим көңүлүмөн өчкүчө,
Үмүт берип, суранаарым… Унчукпа…?

Соц тармактар:

8 thoughts on “Калича Жакыпова

  • 24.04.2012 at 17:49
    Permalink

    саламатсызбы. ырларыныз аябай жакты .. сизге ийгилик каалайм.

    Reply
  • 25.04.2012 at 18:39
    Permalink

    Азаматсын Калича, талантын ташкындай берсин!

    Reply
  • 27.05.2012 at 11:53
    Permalink

    Men negizi suiuu, sezim tuuraluu yrlaardy ancha jaktyra berchu emesmin. Sebebi, kop akindardyn yrlarynda kaitalana bergendei sezilchu maga. Biork, bul jash kyzdyn jazgandaryn okup alip bashka4a oido kaldim. Emnege bul jash akyndy murda ukkan emesmin? Je biz akyndarga konul burbaibyzby ozubuz? Neise, maga jakshy ermek boldu yrlarin.

    Кечир эми! Кетем өзүм ыраактап,
    Жан дүйнөмө болбо үмүт, тамызгы.
    Сендик сүйүү мага бербей ырахат,
    Сендик сүйүү- канча жашым агызды.
    ———————————-

    Бычактан курч болсо да өтүмүңүз,
    Бүгүн баарын унутуп, өчүрүңүз.
    Кур кыялды ээрчиген акылсызмын,
    Кудай үчүн? Анымды кечириңиз?
    ———————————-
    Кантсем экен? Жүргөнчөктү эзилип,
    Каршы алдыңдан чыксам бекен кезигип?
    Күн өткөрүп, жүрөк даабай жүргөндө,
    Калбас бекем, мен мезгилден кечигип?
    Калбас бекем, мен бир өмүр кечигип….

    Ukmush, soz jok.
    Mykty jazypsyn!

    Kyzgyz madaniat borboru, sizderge da rahmat. Ushul akyndyn bashka urlarynan da jarialap tursanyzdar?

    Reply
    • 28.05.2012 at 09:07
      Permalink

      Айрым талант өтө тартынчаак болот. Каличанын ырларын сурап жүрүп алганбыз. Кудай буюрса, жаңы ырлары жаралса, сиздер менен болүшуп турабыз.

      Reply
  • 11.06.2012 at 19:14
    Permalink

    Ushul kiz menen kantip bailanyssak bolot? Suiuu jonundo yrlary mykty eken. Yrlarinan gezitke alaly degen elek? Silerde dagy myndan bashka yrlari barbi?

    Reply
  • 01.01.2013 at 17:32
    Permalink

    Алга, акын кыз!

    Reply
  • 25.11.2015 at 21:23
    Permalink

    Сиздин ырларыныз мен учун ото бийик, кол жеткис ыйык нерсе. Мен ушул ырларды окуп аябай таасирленем. Балким биздин махабат окшоштур. Сиз унуткунуз келген сырдуу адам жашаса журогунуздо. Мен да унуткум келген адам журогумдо жашайт, бирок кантип унутам? Унута албайм… СИЗГЕ БАКТЫЛУУЛУК КААЛАЙМ.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.