Айжаркын Сарыбашева: «Жеӊил ойго алдырган кыздарга – намыстуу жигиттер үлгү»

Москва шаарында бир топ жылдан бери чоң мегаполистин жашоо шартына ыңгайлашып жашап жүргөн кыз-уландарыбыз ого эле көп, ошолордун бири Айжаркын  Россиядагы коомдук иштерде активдүү иштеп жүрүп, мекенчил кызыбыз катары мекенине келип, бул жерден дагы маданий багытта уюштуруу иштери менен алек болууда…

– Айжаркын, өзүң коомдук иштер менен алек болуп жүргөндөн кийин, биздин өлкөдөгү азыркы абалдын келип чыккан себебин эмнеден көрөсүң?
– Ар кайсы мезгилде коомду бир тартипке салуу максатында адамдардын коркунуч сезимин пайдаланып келишкен. Адам корккондо гана таңууланган шартка макул болот эмеспи. Ошондо көпчүлүк учурларда коомдун өнүгүшү мажбурланган түрдө жүрүп отуруп, кийин акырындык менен ал нерсе конфликтти жараткан. Адам баласына туура жашоо образын көргүзүп келген бир топ окуулар, диндер, илимдер бар,  алар адамдык факторду эске алуу менен тең салмактуу өнүгүүнүн системалары катары кызмат кылып келе жатат. Алар канчалык деңгээлде мезгилге туура келерин убакыт акырындык менен четинен көргөзүүдө. Бирок, тилекке каршы, универсалдуу система жоктой сезилет. Азыр адамдар кандайдыр бир белгиленген чек (рамка) менен жашайт, ал чекти болсо бүгүнкү жашоодо үстөмдүк кылып жаткан баалуулуктар (акча, жеке кызыкчылык) түзүп жатат. Ошол чекти бузуп, кулдук аң-сезимден бошото турган бизде  күчтүү «идейный» адамдарыбыз болсо, биз эртерек өз жолубузга түшмөкбүз деп ойлойм. Анткени, дүйнөлүк тарыхты карап көрсөңөр, өз улутунун руханий пайдубалын негиздеген адамдар кандай гана келечектүү өлкө куруп кетишкен. Соңку 20 жыл ичинде биздин коомчулук дале болсо адашуунун жолунда келатат. Буга союздун таасири күчтүү болду, анткени ал доордо 2-3 муун калыптанып, аң-сезими башкача формада түзүлдү. Жөнөкөй эле мисал келтирели, жашаган үйлөрдүн архитектурасын караңыздар: бардыгы квадрат формасында, стандарттуу түрдө окшош жасалган, компартия элдин өсүшүн каалаган эмес, себеби адамдын аң-сезими өскөн сайын ал ошончолук эркиндикке умтулат, мындай көрүнүш тикелей тоталитаризмге коркунуч жаратарын билишкен. Ошол себептен элдин аң-сезимин стандартташтырып, бир калыпка салган. Албетте бул нерсени талкалоо оңой эмес, мүмкүн ушул нерсенин инерциясы биздин бутубузду  азыр да чырмап жатса керек. Бул бир жагы. Ал эми экинчи жагынан болсо, эгер биз дагы эле  акырындык менен улуттук өзөгүбүздөн алыстай берсек (20 жыл  ичинде бардыгыбыз эле күбө болуп жатабыз), шамал эмес желге да туруштук бере албай каларыбызды түшүнүшүбүз керек.

– Ушул сөзүңдөн улам улуттук лидер деген маселеге токтолуп өтсөң…
– Эгемендүүлүк жылдардан бери элди ээрчитип кете турган адам чыккан жок, элибиз азыр лидерин таба элек десем болот. Ал эми азыркы саясатчылар жөнүндө сөз кылгым келбейт. Бийликке мамлекетчил, дээри түзүк, башынан ниети таза адамдар келиши керек эле, бирок андай болбоду. Саясат – бул таланттуу, ишбилги, таза адамдардын ишмердүүлүгү болуш керек. Демек, аларды тандоо, эл арасынан мыктыларды алып чыгуу жолун ойлошубуз керек, жалпы шайлоодо эч качан андай адамдар чыкпайт өңдөнөт, ошондуктан, бийликке мыктыларды, эл сыйлаган адамдарды алып келүү системасын жаратууга мезгил келди. Биз буга акырындык менен келе жатабыз, бирок мезгилди кууп жетиш үчүн бул багытта чоң эмгектерди жасоо шарт. Күчтүү жана чечкиндүү саясат – күчтүү жана эрктүү мамлекетти жаратат.

– Сенин тарыхта өткөн инсандардан үлгү туткан образың барбы?
–  Мен Курманжан датканын алтынчы муунундагы урпагы болгондуктан, чоң энемден үлгү алганга аракет кылам. Биз ошол Асанбектен бери карай тараган болобуз. Курманжан датка кыргыз эненин образын берген деп эсептейм. Чоң энебиз үй-бүлөдө да, эл башына келгенде да ордун билип, ар дайым энелик касиет менен ошончолук кадыр-баркка жетишкен. Менимче, кыргыз энелердин жашоо образын кыздарга пропагандалашыбыз керек. Себеби бизге Каныкей, Сайкал, Жаңыл Мырза, Курманжан датка апаларыбыздай, Таттыбүбү  эжелерибиздей инсандардын образы гана үлгү болуп, таасир бере алат. Анткени, баары бир кыргыз кызы өзүнүн кайталангыс касиети жана деңгээли менен башкалардан айырмаланып турат. Азыр дагы мыкты кыздарыбыз көп, ошолор менен сыймыктансак болот. Кыргыз кыздарынын өзүнө болгон баасы жогору бирок текебер эмес, сулуу бирок суз эмес,  жылдыздуу, жөнөкөй, тарбиялуу, бирок чектелген эмес, эркин келет.  Мен айтар элем, биздин эркиндигибиз акыл-эстүүлүк менен чектелген. Болбосо азыр гендердик тең укуктуулук деген көрүнүш биздин улуттук демократияга, салтыбызга туура келбей калып жатат. Кыргызда эч качан аял кишини басынтуу болгон эмес, кыргыздыкындай сый жана эркиндикти бир дагы элдин салтынан таба албайсыңар. «Кыздын кырк чачы улуу», «Кыз намысы бийик, кыз адеби кымбат», «Кыз – улуттун жүзү, аял – үйдүн куту», «Келген келин сүйлөсүн» деген макал-лакаптар буга далил. Ошондуктан кыз кишинин орду салт менен жөндөлсө деп ойлойм. Себеби Батыштын демократиялык баалуулуктары биздин улуттук менталитетке туура келбей калып жатат. Кыргыз кызы жеке карьераны эмес, негизи үй-бүлөнү биринчи орунга коюп келген, анткени кыздын табияты эне болушта жатат эмеспи.

– Кыргыз кыздарынын тарбиясы, бүгүнкү абалы жана орду туурасында да айта кетсең?
– Алгач үй-бүлөдө тарбия бекем болбосо болбойт, анан дээринде болуш керек, албетте билим дагы өзүнүн таасирин бербей койбойт. Себеби, билим түшүнүктү кеңейтип, көрүүнү тереңдетет. Тарбия чечүүчү фактор, ал баланы адам катары калыптанышына пайдубал болуп, ички өзөгүн түзүп берет. Дээр кандай болсо, ниет ошондой болот. Кыргыздар ушулардын бардыгын мыкты түшүнгөн эл болгон, ошондуктан биздин салт-санаанын бардыгы тарбияга байланышкан. «Кызга кырк үйдөн тыюу» деген макал эле кыз тарбиялоонун деңгээлин жана маданиятын көргөзүп турат. Негизи биздин кыздар кыз катары өздөрүнүн миссиясын так билиши керек, тилекке каршы, азыркы коом ага тарбиялабайт. Ошондуктан заманбап кыргыз кыздарынын идеологиялык кодекси керек го деп ойлойм, өзүбүз үчүн. Улуттун жүзү анын кыздарынын жүзүндө дегендей, кыздардын коомдун өнүгүшүндө орду чоң жана талашсыз. Себеби эне үйдүн куту, очок ээси болгондон кийин, кыргыз кыздары идеологиянын башкы кыймылдаткыч күчү болуусуна табият өзү жол берет. Эгер биздин кыздардын тарбиясы мыкты, билими күчтүү, акылы зирек, тыкан, кыргызча таза сүйлөгөн, салтты жакшы билген, тың болсо – албетте эркек балдар кыздарга карай түзөлөт. Кыздарыбыз улуттук идеяны жана салттуу маданиятты алып жүрсө, өзүнүн намысына жана улутуна татыктуу жүрсө эӊ сонун болмок. Ар бирибиз өзүбүздөн баштасак эле өзгөрүү тез жүрмөк, кеп өзүбүздө. Кыздар келечекте эне болот, эне эр төрөйт, эр элди багат.  Кыздар жеңил ойлуулукка алдырып баратса, эркектер ошого кайра түртпөстөн, өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүп, жигитчилик сапаты менен үлгү болсо жакшы болмок. Болбосо, өзгөчө сыртта жүргөн кыздардын абалы оор болуп калып жатканын көрүп жатпайбызбы.  Эркектерден деле көп нерсе көз каранды, ошондуктан биздин балдар ар-намысын сактап, жигитче жүрүшүн каалайм. Кыргыз жигиттерибиз кыздарыбызды коргоп, ага сый мамиле менен ардактап турса, кыздар да ошончо ийменчээк,  жароокер, назик болот да.

Айбек Байымбетов, “Көк Асаба”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.