Кыргыздын эски чапанынын жаӊы жашоосу

14-апрель күнү Бишкек шаарындагы Менеджмент жана дизайн университетинде «Уз» студиясынын заманбап түспөлүндөгү чапандар коллекциясынын ачылышы болду. Колдон суурулуп, көздөн учуп кеткен көп баалуулуктарыбыздын бири – шырылган сымбаттуу чапандарыбыз кайрадан жаӊы жашоо алып, ушул күнү ачылыш салтанатына келген адамдардын баарын ар бир чапандын жаӊыча өзгөчөлүгү, колго сайылган саймалары, ыӊгайлуу белдемчи жана куржундары суктандырып, сүйүнтүп турду. Эмесе, биздин мезгил-убакытка мындай чапандарды тартуулаган уз айым Жумагүл САРИЕВА менен болгон маегибиз ар бир окурманга кызыгууну туудурат деп ойлойбуз.

– Жумагүл айым, бул шырылып тигилген чапандардын өзгөчөлүгү эмнеде?
– Шырылган кийим бекем, сымбаттуу келип, жука болгону менен жылуулугу жакшы. Мейманга да, үйгө да ыӊгайлуу. Илгери чапанды тажабай кийишчү, ал  көчмөн калк үчүн одеялдын да кызматын аткарчу. Уктай калайын десе үстүнө жамынчу, шибер чөпкө жаткысы келсе жерге сала калчу. Азыркы учурда, алыс жолго чыкканда бул чапанды каалагандай бүктөп же тоголоктоп туруп салып алсаӊ да, шырылып тигилгендиктен, бырышпай жүрө берет.

– Өзүӊүз бала кезде шырылган чапан кийип калдыӊызбы?
– Албетте. Мен жана менин биртуугандарым кичине кезибизде шырылган чапан гана эмес, шырылып тигилген шымды да, топуну да, чыптаманы, ал эмес шырылып тигилген өтүктү да кийип калдык. Апам баарыбызга өз колу менен тикчү. Кийинки замандын чапандарын көргөндө эле  нааразы боло берчү, «туура эмес тигип атышат, мындай болчу эмес эле, жакшы, бекем шырылып, кынаптап тигилчү эле» деп. Алардын убагында чапандын бышыктыгы шырылганынан бааланчу. Ушул жерден бир эскерүүнү айта кетейин. Апам кыз кезинде таенем ага шырдак белек кылып, ал шырдактын астына эски чапандын өөнүн бастырып коюптур. Кыязы, бул жерде, алган кыз ошол өөндөй бекем болсун, аны жасаган адамдын батасы тийсин деген ырымдын мааниси жатат. Шырылган эски чапандын ошол үзүндүсү кийин шырдак эскирип сүрүлүп, чирип бүтүп калганда да эч нерсе болбоптур. Демек, шырылган нерсенин бышыктыгы, сапаты ушунда. Шырылган нерсе сынынан бузулбайт, ага чаӊ да жукпайт. Апам ошол шырылган өөнгө аяр мамиле кылып, аябай сактап келди.

Байыркы чапандар

Негизи биздин үй-бүлөдө чапан узак жылдардан бери жашап келатат. Чоӊ атабыздын чапанын абдан жакшы көрчүбүз. Ал чоӊ киши эле, чапанына үч-төртөөбүз кирип кетип, жылуу-жумшак олтуруп алчубуз. Чоӊ атам бизден ала албай эле, «баягылар дагы тартып алып  кеткен турбайбы» деп калчу.

– Чапандарыӊызга түшүрүлгөн оюларды кандайча тандап атасыз?
– Оюларга мен өзгөчө маани берип, чапандарыбызга ошол мааниси бар гана оюларды салып жатам. «Боз үй», «умай эне», «гүл», «тоо теке» оюларын көп колдоном. Мисалы, түтүнү чыгып турган «боз үй» оюусун алалы. Бул чапандарды кийген жаштар үйбүлөлүү болсун, ак өргөлүү болсун, түтүнү булаган үйү ырыскы-берекелүү болсун деген жакшы ниетте түшүрүп сайдык.  Кыргыздар боз үйдө төрөлүп, чоӊоюп, боз үйдөн түп-тамырлашып кеткен эмеспи. Ал эми анын ыйыктыгы, уук-керегелери, түндүгү жана башкасы өтө тереӊ философияны камтып тураарын баарыбыз билебиз.  «Тоо теке» оюусу болсо бийик деӊгээлге жеткиси келген, бийиктикти көздөгөн, өжөр, иштерман кыздар үчүн багытталган. Ошентип, ар бир оюу жөн салынбайт.  Бизге болсо кичине кезибизде апам көз тийбесин деп «бото көз» оюсун салып,  чапаныбызды топчу менен кооздоп койчу.

– Топчу демекчи, сиздердин коллекцияда топчулар арбын колдонулуп, наристелердин да баш кийиминде кадалганынын себеби эмнеде?
– Топчу да кыргыздарда көз тийгенден сактоо үчүн ырымдалчу. Аны атайы ар кайсы кийимге кадап коюшчу. Мына биздин чапандарды кийе турган кыздар да өздөрүнүн чоӊ апаларынан, таенелеринен калган күмүш топчуларды тагып алса болот. Негизинен, биз  оюуларды чапандардын далы, бели жагына түшүрүп сайганбыз, ал эми алды жагына ошол өздөрү жактырган, ата-бабаларынан калган топчуларын кадашса, эӊ жакшы болот. Бул бир четинен кооздук болсо, бир четинен тумар буюм, көз тийүүдөн сактоочу ырым.

– Бир карыш белдемчилериӊиз да өзгөчө экен…
– Кыздар азыр бели ылдый шымдарды кийип калышпадыбы. Аларды кийбегиле деп баарын жапырт тыйа албагандыктан, кысымга алып отурбай «ошонун үстүнөн ушу бир карыш белдемчини кийип алсаӊар  жарашып калат» деген идея менен чыгардык. Шым гана эмес, юбканын үстүнөн да кийсе болот. Кыздар – келечектеги энелер, алардын ден соолугу чыӊ болушу керек. Жаштык менен аны этибарга албай, белдерин ачып жүрүп суук тийгизип алып жатышат.  Биздин белдемчилер аларга мода көркүн да, ден соолук да бере алат деген ишенимдемин.

– Заманбап чапандарды тигүү идеясы эмнеден улам келип чыкты?

– Чапан коллекциясын жаратууга апам түрткү болду. Ал быйыл токсон жашка чыгат.  Буга чейин мага көп эле жолу айтып келди, «Сенин колуңан бирдеме келет, кыргыздын чапанын тиксеӊер боло» деп. Маани бербей жүрүп, эми гана колго кармап атам. Ушуга өкүнөм, эгер мындан  4-5 жыл мурун баштасам, апам өзү да кол тийгизип, үлгүлөрүн көргөзүп, өз колу менен шырып бермек экен. Андай болгондо апамдын ал иштерин сүрөткө тартып да алмак экем. Азыр эми карылыкка алдырып калды. «Колдо бар алтындын баркы жок» деген ушу.

– Апаӊыз сиздин ишиӊизди көргөндө кандай кабыл алды?
– Алгачкы чапандарыбызды алып барып көргөзсөк чекесинен карап, чапандын жеӊдери башкача бычыларын айтып, өзүнүн кеӊешин берди. Апам айткандан кийин аларды эске алып, оӊдоп тиктик. Эми биздин максат – элге кеӊири  жайылтып жеткирүү.

– Чапандардын баардык эскиздери жеке өзүӊүздүкүбү?
– Ооба. Жаштар көчөгө кийчү стилдерди ойлоп табууда көпкө издендим. Азыр презентацияга коюлгандардан тышкары да бир топ идеялар табылып, эскиздери даяр турат.

– Бычып-тигүүгө да кол кабыш кыласызбы же сиздин ишиӊиз эскиздерди гана даярдообу?
– Өзүмдүн идеямды жеткиликтүү иштеп чыгыш үчүн, азыркы даярдалган чапандардын ар биринин бычылышына, тигилишине,  топчуларын тандоодо, сайма түшүрүүдө өзүм көзөмөл кылып, кол тийгизип атам. Бычкан жагынан  Наргиза аттуу 5-курстун студент кызы абдан чоӊ жардам берүүдө. Азырынча аялдарга, кыз-келиндерге жана наристе балдарга ылайыктасак, эми мындан ары  эркектер да кийиш үчүн тиге баштайбыз. Офиске, машине айдаганга, эс алганга ыӊгайлаштырып, заманбап көрүнүштө болсун деген аракетибиз бар.

– Чапандарыӊыздардын кездемелери кандай жана аларды кайдан алып атасыздар?
– Биздин кездемелердин баары нукура таза пахтадан, синтетикасы жок. Индиядан алдырабыз. Кийгенде тердетпейт. Илгерки кездемелер да нукура болчу. Ал убакта чапанга кышкысын жүн салып шырышса, биз азыр таза пахтадан кебез кошуп шырып атабыз.

– Бул кийимди кандайча жууп-тазаласа болот?
– Өзүбүз жууп текшерип көрдүк да, жуула турган эрежесин жазып даярдап койдук. Автомат машинеге жууганда  30 градуска, жеӊил-желпи жуучу программасына койсо болот. Бирок, агартып жиберүүчү жуучу каражаттарын кошпош керек. Ал эми колго бапестеп жууп, силкип жайса, андан жакшы. Жуулгандан кийинки акыбалынан коркпой эле койсо болот, тескерисинче, чапан жумшарып, мурдагыдан да жакшы болуп калат.

– Уул-кыздарыӊыз шаарда чоӊоюп-окуп калышты да, алар сиздин чапандарды, жаӊы ишмердүүлүгүӊүздү кандай кабыл алышты?
– Ишти ноябрь айында баштаган элек. Ошондон бери тыным жок. Акыркы бир айдан бери күн-түн иштеп жүрөм. Мурдагыдай алардын жанында кечке боло албаганыма эле анча-мынча чүнчүшпөсө, бул кийимдерге абдан кубанып атышат. Төрт балам бар. Мектепте окуган экөөсүнө да, чет элде окуп жүргөн кыздарыма да чапан, чыптама кийгизем. Бөтөн элде жүргөн кыздарым  өздөрүнүн кыргыз экенин сезсин дейм. Алар сүйүнүп, сыймыктанып кийип жүрүшөт. Биз балдарды тарбиялаганда андай бол, мындай бол, кыргыздын мунусун үйрөн, тигинисин бил деп эле акыл үйрөтө бербей, аларга кыргыздын киймдерин, калпагын жарашыктуу кылып кийгизип, буюм-тайымдарын колдондуруп, ошого көндүрүшүбүз керек. Ошондо алар кыргыздын кийимдеринин ыӊгайлуулугун, сапаттуулугун, көрктүүлүгүн, буюмдун барк-баасын билип калышат. Ошону менен бирге, кантсе да канда бар да, ар бир нукура кыргыз буюму адамга кандайдыр бир духту берип турат. Андыктан, алар кыргыз кийимин кийгенде өздөрүн башкача сезип, бой келбетин керип түзөлө түшүшөт. Мисалы, биз дизайнер Айдай Асангулова экөөбүз атайы бир мектепке барып, мүчөл жашка толгон он өспүрүм балага кыргыз калпагын салтанаттуу түрдө тартуулап кийгизип, аларга калпактын маанисин чечмелеп берип, үйгө барганда калпак башыӊардан өйдө жерде туруш керек, оӊ кол менен алып, оӊ кол менен сунуп жүргүлө деген сыяктуу  кеп-кеӊешибизди айтканбыз. Ошондо ал балдардын калпакка болгон мамилеси кадимкидей өзгөрө түшкөн. Мына ушул сыяктуу жагдайлар аркылуу мурунку муун улам кийинки муунга тарыхыбызды, салт-санаабызды айтышыбыз керек. Бул, башкалардын алдында мактаныч үчүн эмес, балдарды тарбиялаш үчүн зарыл нерсе. Эгер биз өзүбүздүн ата-бабаларыбыздын жашап өткөн тереӊ, бай дүйнөсүн, баалуулуктарын даӊазалабасак, кыргыз катары өсө албайбыз. Азыркы менин чапан менен алышканым, кандайдыр бир деӊгээлде өзүмдүн колуман келип турган кичинекей күрөшүм, муну менен бабаларды, кыргызды барктоо жана көтөрүү.

– Сиз анык мекенчил турбайсызбы?
– Эл-жерди сүйүү, өз журтуна берилгендик үй-бүлөбүзгө укумдан-тукумга калса керек. Мисалы, таятабыз абдан сабаттуу адам болуптур. Бирок ал 1930-жылдары кыргыздын башка мыкты, сабаттуу адамдарындай эле Сибирге сүргүнгө айдалып, ошол бойдон дайынсыз калган.  Ал Кытай тарапка үркүн убагында качып барып отурукташып калган кыргыздарга кам көрүп, алар ачкадан өлбөсүн деп мал жөнөтүп турчу экен. Мунусун чыккынчылык катары санашып, сүргүнгө айдагандарынын себеби ушунда. Баса, мына ушул таятабыз сүргүнгө айдалганда да шырылган чапандын пайдасы зор болуптур. Анткен себеби, туугандары акчаны түтүкчө кылып ороп, чапандын шырылган жолчолоруна сойлотуп, билинтпей кийирип коюшкан экен.

Ата-энем менен улуу агам да эл үчүн күйүп-бышып турушчу. Өкүнүчтүүсү, агам 39 жашында каза болуп калган. Ал сексенинчи жылдарга чейин эле кыргыз тилин күчөтүш керек, окутуш керекдеп салгылашып чыккан. Өзү физикадан сабак берип, эл агартуунун отличниги болгон, СССР боюнча эӊ кучтуу методисттер менен чогуу иштешип калды. Биздин Миӊ-Куштагы мектеп уран чыккан жердин эле оозунда эле, башкача айтканда, ошол жердеги конторада окучубуз. Агам урандын зыяны окуучулардын ден соолугуна, өмүрүнө терс жана зыяндуу таасирин берип атканын айтып, арызданып, бирок биздегилерден жыйынтык болбогондон кийин  Москвага чейин арыз жазган. Анын мындай аракеттерин албетте жогору жакта иштегендер таптакыр жактырган эмес. Москвадан текшеруу келгенден кийин, мектепти башка жайга көчүрүштү. Ал эми жаӊы мектептин курулушу үчүн да агам өзү жүгүрүп, өз күчү менен акча таап бүтүрткөн. Анан ошол мектеп бүткөндөн үч ай өткөн соӊ рак оорусунан каза болуп калды. Мен ойлойм, ишиндеги оор көйгөйлөр, аткаминерлердин кысымы, урандын зыяндуулугу аны ушу ооруга алып келди деп. Азыр мектеп да, көчө да анын Жусуп Сары уулу деген ысымын алып жүрөт. Ал эми чоӊ ата, чоӊ энелерим тууралуу да айта берсе кызыктуу, ары аянычтуу окуялар арбын.

Бала бакчадагы, мектеп жашындагы балдарга топулардын, күрмө, чапан, шым, чыптамалардын заманбап эскиздери даярдалып, учурда аларды да иш жүзүнө ашыруу аракети жүрүп атат. Нукура кездемеден шырылып тигилген кийимдер жеӊил, жылуу, көрктүү келип, балдардын ойноп-турганына өтө ыӊгайлуу.
Кийим түспөлүндөгү куржундарды сабакка кийгенде студент кыздар китеп-дептерлерин, папкаларын, ал эмес ноутбукту да салып жүрсө болот. Бул куржундарда саркечтик да, бел жылуулугу да, сумка кызматын аткаруу да бар.

 

 

Чапандар ар кандай узундукта, табияттын ар кандай мезгилине, ар кандай жаш куракка негизделип тигилген. Учурда айымдарга, кыздарга жана наристелерге тигилген болсо, жакынкы арада эркектерге арналган заманбап чапандар да даярдалганы турат.

Салтанат Кыдырмаева, “Көк Асаба”

Соц тармактар:

One thought on “Кыргыздын эски чапанынын жаӊы жашоосу

  • 17.12.2013 at 12:30
    Permalink

    Кыргыздын чапандарына жаны жашоо берген дизайнерлерге чон ыраазычылыгымды билдиргим келет.Бар болунуздар,дагы да коп-коп жаны чапандарды ар кандай варианттарын иштеп чыга бериниздер.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.