Кытайда электрондук оюнчук комуз сатыкка түштү


Кытайлык кыргыз ишкер Жаасын Өмүрөспүрүмдөр үчүн оюнчук комуз жасатып базарга салды. Бул идея анда он жыл мурда эле жаралган болсо да каражат тартыштыгы айынан быйыл гана ишке ашырган.

– Мындан он жыл мурда балама базардан оюнчук сатып алайын деп, көңүлүм толгудай эч нерсе таба албай, акыры оюнчук гитара алып бергем. Ошол кезде ушу гитаранын ордунда комуз болуп калганда кандай сонун болоор эле деп ойлогом. Кыргыз балдарына ылайыктуу, кыргыздын улуттук боёгуна каныккан бир да оюнчук жок экенин ошондо сезип, катуу түйшөлгөм. Ошол жүрөгүмдө жүргөн нерсены акыры быйыл ишке ашырдым.

Бул электрондук комуз адам денесине зыянсыз матeриалдан жасалган. Кадимки комуз сыяктуу бооруна үч кыл тартылып, тээк койулган. Аны чертип күүгө салууга болбойт. Анткен менен музыка койгуч тетиктер бар. Аны басса кыргыздын комуз күүлөрү жаңырып турат.

Жаасын мырзанын тааныштырышынча, комузга жалпы 9 күү киргизилген. Ар бири 40 секунд жаңырат. «Мындай оюнчук кичик балдарды жөн эле алаксытбастан, кыргыздын улуттук музыкалары менен аң-сезимин сугарып өсүүсүнө өбөлгө түзөт», – дейт эмгектин автору.

Бектур Илияс, Ак-Чий, Үрүмчү,
«Азаттык», 24.04.2012-ж.

P.S. Автордун жазуу стили сакталды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.