Мургабда кайрадан ат дүбүртү жаңырат

Мургабдагы Ат чабыш, 19-июл, 2009-жыл. Сүрөт “Азаттыктын” сайтынан алынды

Фестивалдын уюштуруучусу, “Кыргыз аты” корунун жетекчиси, франциялык саяпкер Жаклин Рипар “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Кыргыз жылкысын сактап калуу максатында иш алып барган уюмдун билдиришинче, төртүнчү жолку фестивал Чыгыш Памирде адаттагыдай эле 14-15-июл күндөрү өтөт. Эмне себептен фестивал Тоолуу Бадахшандын алыскы Мургаб аймагында уюштурулуп жатат?

– Фестивалды  жергиликтүү бийликтердин колдоосу менен төртүнчү жыл катары менен уюштуруп жатабыз. Быйылкысы Мургабдагы кыргыз ооданынын 80 жылдык мааракесине арналууда. Биз Кыргызстанда көп иш жүргүздүк. Бизден жардам сурагандарга көмөк көрсөтүп жатабыз. Бирок донорлор бизден Памирде көбүрөөк иштөөнү сурап жатат. Себеби деңиз деңгээлинен 3 жарым-4 миң метр бийик жайгашкан Мургабда иш алпарган уюмдар жок болуп жатат. Ал жактын турмуш-шарты өзгөчөлүү, киши аз жашайт. Маданий ар түрдүүлүктү сактоо үчүн Тажикстандагы кыргыздарга жардам берүүгө зор мүмкүнчүлүк болуп жатат.

Америкалык Кристинсен кору, Франциянын элчилиги колдогон фестивалдын уюштуруучусу Мургабдагы майрам туристтер үчүн эмес экендигин баса белгиледи. Себеби 2010-жылы Кыргызстанда бир катар фестивалдар чет элдик туристтер жок деп өткөрүлбөй калган. Бирок Рипар айым Мургаб иш-чарасы кыргызстандыктар үчүн тажикстандык боордоштору менен таанышууга мүмкүндүк берээрин белгилеп, буларды кошумчалады:
– Үч жылдан бери бул фестивал аздыр-көптүр элге белгилүү болуп калды. The Lonely Planet өңдөнгөн дүйнөгө таанымал саякат китептеринде«Ат чабыш фестивалы» дайым июлдун ортосунда өтөт деп жазылган. Батыштык туристтер келип жүрүшөт. Эгер бийликтер ар дайым бир мезгилде өткөрүү керектигин кабылдаса, жылдан жылга коноктордун саны көбөйөт деп ойлойм. Ошол эле убакта бул майрам туристтер үчүн эмес, жергиликтүү салтты жандандыруу үчүн өткөрүлөт. Биринчи кезекте, бул кыргыздар үчүн уюштурулган фестивал. Мургабда көп кыргыз жашайт, бирок бул аймакта мындай иш-чара өткөрүлбөйт. Ошондуктан биздин майрамга жергиликтүү тургундар атчан, жөө-жалаңдап, Мургабдын ар тарбынан эки-үч миң киши келет.

Кор колдогон Ат чабыш фестивалы мындан 10 жылча мурда Ысык-Көлдө, акыркы үч жылдан бери Чоң-Алайда өтүп келген. Чоң-Алайдагы фестивал бирок ар түрдүү себептер менен быйыл болбой калды. Анын аралыгында жазгы капсалаңда мал кырылып, алайлыктардын арасында турмуштун айынан шаарларга агылгандар көп болуп жатканы айтылууда.

Мургаб фестивалында ат чабыштан тышкары кыргыз жылкысы кандай болоорун окуткан курстар өткөрүлөт. Себеби кыргыз жылкысынын тукумун сактап калуу максатындагы алгачкы топ Тажикстандын дал ушул районунда былтыр түзүлгөн:
– Биз ат баккан он кишини бириктирип, бир топ түзгөнбүз. Мургабда кыргыздар адатта кой, топоз багышат. Алардын ону биригип, кыргыз жылкысын өстүрүүгө макул болушту. Бул максатта бир донор таап, үч бээ, бир айгырды алып барганбыз, ушул күндөрү бир бээ кулундайт деп күтүп жатабыз. Ал аталган топ баккан кыргыз  жылкысынын алгачкы тукуму болуп калмакчы.

Кыргызстанда кыргыз жылкысы советтик доордо этке союлуп, башка жылкылар менен аргындашып кеткен. Бийик тоодо кыш чилдесинде өзү жер челип, жем таап жеген, чыдамкай бул жаныбардын Кыргызстанда 20 миң чактысы гана калган, көбү Нарында. Рипардын айтымында, Мургабга да бул жылкыны Кыргызстандан алып барышкан:
– Кыргыз жылкысын сатып алыш өтө кыйын, саны аз. Анын үстүнө бул жылкыны малчылар мал бакканда минишет, ошондуктан, саткылары келбейт. Айгырды Алайдан таптык, ал эми үч бээни Нарындан алдык.

Кезегинде кыргыздар Нарындан Алайга тоо аралап, аска-зоо аркылуу өткөн бир таман жол аркылуу барышкан. Ал эми мургабдык жылкычылар бээлерди Нарындан Бишкек аркылуу алгач Ошко, кийин Мургабга атайын машинага жүктөп алып барышты. Рипар бул да оңой болбогонун белгилейт:
– Өтө кыйын болду. Анткени октябр айы болчу, Мургабдан үч жылкычы Ошко түшүп келди, алар менен Нарынга бардык, жол кар, муз эле. Жылкыны жеткириш үчүн алар баш-аягы үч миң чакырым жол жүрүштү. Кыйын болду, бирок акыры аман-эсен жетип алышты.

Жылкылар Чыгыш Памирге барганда кыйналган эмес, себеби эки жактын шарты бири-бирине жакын, анын үстүнө жылкынын кыргыз малчыларынын колуна түшкөндүгү да алардын жаңы шартка тез көнүшүнө огожо болду:
– Албетте, эки жакта тең бир эле эл. Анын үстүнө Мургабдын бийиктиги Нарындан көп айырмаланбайт, Нарында да абдан суук. Ошондуктан, жылкыга  бийиктикке көнүш кыйын болгон жок. Адатта Памирге башка жактан жылкы алып келгенде, жылкылар чөбүн сиңире албай кыйналышат. Бирок нарындык бээлер Мургабга келээри менен эле эч кыйынчылыксыз оттоп кетишти. Азырга чейин көнүп кетүү жагынан эч маселе чыккан жок.

Мургабга туристтер адатта Ош аркылуу барышат, жип машинасы менен Оштон Алайга чейин алты саат, андан Мургабга чейин дагы алты саат. Жылда июлдун так ортосунда өтүп келаткан көчмөндөрдүн майрамында боз үйлөр тигилип, ат чабылат, улуттук оюндар ойнолот, акындардын айтышы, кол эмгектеринин көргөзмөсү болот.

Жаңыл Жусупжан, «Азаттык», 29.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.