“Миң жыл жашаган” Түгөлбай Сыдыкбеков

Сүрөт Уикипедиядан алынды

Кыргыз элине, кыргыз адабиятына, кыргыз тилине Түгөлбай Сыдыкбековдой күйгөн, кызмат кылган адамдар саналуу. Өзүнүн даңазалуу, жемиштүү өмүрүндө мекенчил көз карашы үчүн Түкөбүздөй азап тарткан кыргыз жазуучусу чанда кезигет.

Т.Сыдыкбеков 14-майда 100 жашка чыгып отурат. Бирок, улуттун улуу уулунун бул мааракесин мамлекеттик деңгээлде белгилөө кыргыз өкмөтү, анын маданият министрлиги тарабынан унутта калышы кандай өкүнүчтүү.

Биз ошол кенемтени толтуруу максатында профессор Абдылда Мусаевдин Тукебиз жөнүндөгү ой толгоолорун сандан-санга жарыялап, улуу жазуучунун буга чейин эч жерде жарыяланбаган уникалдуу сүрөттөрү менен коштомокчубуз. Сүрөттөрдөн өздөрүн көргөндөр, башкаларды тааныгандар болсо редакцияга телефон чалгыла, жазгыла.

Улуу сүрөткер Түгөлбай Сыдыкбеков акыркы китептеринин бирин “Мен миң жыл жашадым” деп атады эле. Албетте, бул философиялык, эстетикалык туюнтма. “Мен миң жыл жашадым” дегени бул жазуучунун эстетикалык чен-өлчөмү, дүйнө кабылдоосу, дүйнө көрүүсү, сезүүсү, туюусу. Ушунун баары анын көркөм мурасында орун алды.

Ал эми Т.Сыдыкбековдун өзүнүн чыныгы туулган жылын, күнүн аныктоосу да өзүнчө кызык. “Жылың чычкан, жер титирегенден кийин туура жыл маалы толуп, экинчи жазда, кой төлү аяктап калганда төрөлгөнсүң” – деген экен энеси. Жазуучу териштирип, сүрүштүрүп отуруп туулган жылын 1912-жыл деп токтойт. Бирок туулган күнү, айы жөнүндө болгон маалыматы “кой төлү аяктаган маал”. Т.Сыдыкбеков минтип эскерет: “мурунку убакта биз тарапта кой төлү аяктап калган кез жыл мүнөзүнө карата 15-апрель менен 15-майдын аралыгы экен. Ошондуктан 30 барча кагазды таятасынын топусуна салып, алты айлык кызым Динаранын алдына койдум. Талпынып отурган кызымдын колуна илинген барча кагазда 14-май жазылыптыр. Ошентип, жашым отуз тогузга карап калган кезде, 1951-жылы февралда төрөлгөн күнүмдү аныктадым” (Т.Сыдыкбеков. Мезгил сабактары, 1982-ж., 416-б.)

Демек, жакындап калган 14-майда ал туптуура 100 жашка чыгат.

Сүрөткердин жекече тагдыры канчалык татаал, карама-каршылыктуу, көп кырдуу болсо, чыгармачылыгы да ошондой. Ал 85 жыл жашап, анын ичинен 67 жыл колунан калем түшүрбөй, баш көтөрбөй эмгектенип, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин чыгармачылыктын түйшүгүн тарткан инсан.

Дүйнөлүк адабияттын тарыхында мындай узак чыгармачылык өмүрдү өз башынан өткөргөндөр өтө эле сейрек. Бирок кептин баары чыгармачылык өмүрдүн узактыгында эмес, мазмундуулугунда, жемиштүүлүгүндө.

Чыгармачылыгынын өнүмдүүлүгү, турмушту көркөм иликтөөнүн масштабы, эстетикалык дөөлөттөрдүн салмагы боюнча ал чыны менен залкар, чыны менен улуттук адабияттын патриархы, баба дыйканы.

Башкасын айтпаганда да, ал өзүнчө эле бир бүтүн китепкана адабий мурас калтырып кетти. Бардык жанрдагы чыгармаларын, анын ичинде олчойгон 14 романын эске алганда, анын жазгандары болжол менен 850 басма табактан туруп, 35 томдон ашык болчудай. Сандык көрсөткүчтү алганда да кыргыз профессионал адабиятында мындай өнүмдүү иштеген ким бар?

Анын үстүнө ошол китепкананы түзгөн чыгармаларда кыргыз элинин байыркы доорунан баштап, социализм заманы, анын кыйрашы, эгемендүүлүк жылдары сыяктуу ченемсиз тарыхый бурулуштардын духу, атмосферасы ишенимдүү берилип, сүрөткердин өзүнүн гана эстетикасы менен көркөм иликтөөгө алынган.

Жазуучунун чыгармачылыгы өздөрүнүн жанрдык көп түрдүүлүгү, идеялык-тематикалык кеңирилиги, турмушту сүрөттөөдөгү масштабдуулугу боюнча аны баарыдан мурда универсалдуу сөз чебери деп мүнөздөшкө негиз берет. Автордун ар бири улуттук көркөм өнүгүштө өзүнчөлүктүү орун алган романдарынан тышкары, анын ырлары жана поэмалары, аңгемелери жана повесттери, жомоктору жана драмалары, публицистикалык ой жоруулары, “Манас” эпосуна, кыргыздын байыркы тарыхына, таштагы жазууларга арналган илимий макалалары, философиялык эскиздери жана бир серпимдери биздин бул мүнөздөмөбүздү ырастап, бекемдеп турат.

Ал Совет бийлигинин да, кыргыз совет адабиятынын да башталышынан аягына чейин күбө болуп, ошол адабияттын пайдубалын түптөшүп, өнүгүшүнө омоктуу салым кошкон, а тургай постсоветтик мезгилдеги улуттук адабиятыбыздын өнүгүшүнө активдүү катышкан бирден -бир карыя сүрөткерибиздин бири.

Анын чыгармачылык тагдыры кыргыз профессионал адабиятынын тагдыры менен тагдырлаш, ортоктош, анын драмалуу, оош-кыйыштуу жолунан улуттук адабиятыбыздын оош-кыйыштуу жолун, ийгиликтери менен бөксөлүктөрүн көрүүгө болот.

Айтор, бул абдан драмалуу өмүр сүргөн, улут тагдырына байланыштуу түйүндүү маселелер боюнча коммунисттик идеологиянын заманында официалдуу бийлик менен тартынбай талашып-тартышып, ошондон улам далай куугунтук жеген талантуу адам кыйла кызыктуу жана бай көркөм мурас калтырып кетти. Анын замандаштары, өз учурундагы адабий чөйрө, жеке тагдыры жөнүндөгү эскерүүлөрү, маектери да абдан баалуу.

Бир караганда, Совет бийлиги, социалисттик курулуш Т.Сыдыкбековго баарын эле бергендей, сый урматка бөлөгөндөй болду. Бөтөнчө “Биздин замандын кишилери” романы үчүн 37 жаштагы жазуучу Сталиндик сыйлыктын лауреаты болгондон кийин мындай сый-урмат биринин артынан бири келди: Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, академик, 12 жыл катары менен Жогорку Кеңештин эл депутаты, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендери.

Анан эле 70-жылдардын башынан баштап эмнегедир жазуучуга бийликтин мамилеси түп тамырынан өзгөрөт.

Маселен ушунча жогорку сыйлыктарды алып келе жаткан Т.Сыдыкбековго бараандуу 60 жылдыгына карата 1972-жылдын 12-майында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун “Ардак грамотасы” менен сыйлоо жөнүндө чечим чыгат. Бул эмне деген логика? Ал мезгилде эң чоң сыйлыктар 60 жылдыкка карата берилчү эмес беле. Мындан чоң союздук сыйлыктарды мурда эле албады беле. Муну кандайча кабыл алуу керек? Шылдыңбы? Мазактообу? Т.Сыдыкбеков бийликтин бул кадамын дал ошондой кабыл алган. Үч жарым жыл бою чакырышканына карабай өжөрлөнүп барбай да койгон, грамотасын албай да койгон. Айласы кеткен Жогорку Кеңеш 1975- жылы 25-ноябрда өз Указын өзү жокко чыгарууга мажбур болгон. Союз учурунда мындай окуяларга таптакыр жол берилген эмес.

(Уландысы кийинки санда)

Абдылда Мусаев, БГУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор,
“Алиби” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 01.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.