Бөбөк сенин ырларың

КР Эл артисти Каныкей Эралиева 45 жылдан бери балдардын дүйнөсүндө жашап, алардыкындай таза, назик жүрөгү менен сүйүктүү кайрыктарды жаратып келет. “Бөбөктөр”, “Таарынчак”, “Ынтымак”, “Жөжөлөрүм” ж.б. балдар үчүн жазылган ырлар эсиңизде болгон чыгаар. Бүгүн Каныкей эже дал ушул балдарга арналган обондору тууралуу сөз кылып берет.

-Бөбөктөргө арналган ырлар эсиңиздеби?

Жыпара Исабаева, акын: “Классташтарымды ырдатчу экенмин” 
-Албетте, эсимде. Биздин убакта “Жөжөлөрүм”, “Көк жылгаяк”, “Карагат” сыяктуу ырлар көп ырдалчу. Бирок, менин үнүм жок болгондуктан, ырдачу эмесмин. Өзүм ырдабаганым менен клубка концерт уюштуруп, спектакль коюп, классташтарымды кыйнап ырдатчу экенмин (күлүп).

Нурдөөлөт Копоев, актер: “Колдорубуз көк боек, тергенибиз бүлдүркөн”
-Биз мектепте окуп жүргөндө, балдарга арналган ырларды көп ырдадык. Чоң класс болуп калганда деле “Колдорубуз көк боек, тергенибиз бүлдүркөн. Суу боюнда салаалап, кыздар көзүн күйдүргөн, ай бүлдүркөн, бүлдүркө-өн” деп ырдачубуз. Анан “Ар дайым апам болсун, ар дайым мен болоюн” деген саптар да эсимде калыптыр. Ал эми бир кызыбыз дайыма “Ак гүлдөр, көк гүлдөр, карачы татына” деп ырдай берчү (күлүп).

Алтынай Нарбаева, КР Эмгек сиңирген артисти: “Ыр менен балдарды тарбиялап келем”
-Өзүм мектепте 1-7-класстарга чейин музыка сабагынан берем. Анан кантип бөбөктөргө арналган ырларды унутайын. Мындайча айтканда, окуучуларга үйрөтүп, күн сайын ырдайм. Патриоттук темадагы “Боз үй”, “Ала-арча”, “Туулган жер” ж.б. ырлардан сырткары, “Алиппем”, “Ай бүлдүркөн, бүлдүркөн”, “Тып-тып”, “Айым, күнүм – ата-энем” аттуу ырларды окуучуларым көңүлдүү маанайда ырдашат. Мугалим катары ыр менен балдарды тарбиялап келем.

Гүлнур Асанова, ырчы: “Бүкөнтайды” жатка айтчумун”
-Биз адабият сабагынан “Бүкөнтай бучук мурун, үч жашар кыз. Бир күндө жүз жыгылып, жүз басаар кыз” деген ырды жатка айтчубуз. Ал эми обондуу ырлардан “От улыбки”, “Чунга-чунга”, “Жөжөлөрүмдү” көп ырдадым. Азыр болсо, мектепте окуган 1-5-класстын окуучуларына “ырдап берчи?” десең, дароо эле сүйүү жөнүндөгү ырлардан созуп киришет. Таңгаласың.

Асема, актриса: “Уулума “Ай чыктыны” үйрөттүм”
-Мен да бала чагымда “Ай бүлдүркөн, бүлдүркөндү”, “Ай чыкты карачыны”, “Тып-тыпты”, анан азыр обонун унутуп атам, мугалим тууралуу обону сонун бир ырды ырдачумун. Ал эми азыркы бөбөктөр балдар жөнүндө ырларды ырдашпаганын өзүмдүн уулумдан улам билем. Заманга жараша окшойт, уулум орус тилинде ырдайт. Өткөндө кыйнап атып, “Ай чыктыны” араң үйрөттүм (күлүп).

Балдардай таза, аруу болушуң керек

-Обон жаратууга болгон шыгым бала кезимде эле ойгонгон. Алгачкы обондорум 1967-жылдары жазылды. Мектептен өздүк көркөм чыгармачылыкка катышып, ошол жерден кичинекей обон жазып алып, төбөм көккө жете сүйүнгөн учурларым болгон. Анда мен таенемдин колунда элем, а киши обондорумду түшүнбөй деле калса керек. Бирок, апам кимдин үйүндө аккордеон, баян, комуз болсо, мага сурап берчү. Мен аларды чертип, ырдачумун. Ал кезде сүйүү темасындагы лирикалуу ырларды жаратууга, алтургай китепканадан сүйүү тууралуу китеп окуганга тыюу салынчу. Биз жалаң мектепке, мугалимдерге, ата-мекенге арнап, чыгарма жазчубуз. Алгачкы жазылган обондорум: “Бөбөктөр”, “Жөжөлөрүм”, “Ынтымак”, “Таарынчак”, “Жаңы жыл жылмаят” ж.б. Бул ырларды камтыган “Күн балдары” аттуу китептин түпкүлүгү менин бала чагымда жатат (!) десем болот. Балдарга чыгарма жаратуу үчүн алардын жандүйнөсүнө кириш керек, балдардай таза, аруу болуп, ошол толкунга түшүш керек. Антпесең, балдар жасалма ырларды ырдабайт.

“Жөжөлөрүм”, “Таарынчак” жана “Ай бүлдүркөн, бүлдүркөн”

-“Жөжөлөрүм” деген ыр 1972-жылы мен училищада окуп жүр-гөндө жазылган. Сөзүн:
Жөргөлөгөн жөжөлөрүм,
Бөбөгүмдөй көрөмүн.
Чыйпылдашып ээрчигенде,
Жемден чачып беремин – деп, Аскар Исаев жазган. Аскар агай КР Эмгек сиңирген архитектору. Бу кишинин жубайы Жамиля эже искусство институтунда иштейт экен. Мен 8-класста окуп атканда, өзүнүн иш сапары менен Ак-Талаага барыптыр. Ал жерден “кимдин кызы таланттуу?” деп сураштырып отуруп, айылдаштарым “бул жакта обончу кыз бар” деп мени да айтышкан экен. Ал эже менен ата-энем да таанышкан. Кийин шаарга окууга келгенде, алардын үйүн таап баргам. Азыр ойлосом, илбериңки экенмин, Жамиля эжеге жардам берип, идиш-аягын жууп, үйүн тазалап, тамагын жасачумун. Анан Аскар агай “бул сөздөргө обон жаз” деп калды. Карасам, “Жөжөлөрүм” экен. Обон жазылгандан кийин угузсам, “Каныкей, ушул ырды кызым Эркингүл ырдасын” деп, алгач ирет радиого Эркингүл Исаеванын аткаруусунда жазылган. Азыр да радионун казынасында. “Таарынчактын” сөзү Турар Кожомбердиевдики. Жогоруда айткандай, мен дагы таенем менен жашап, а кишиге көп таарынат элем. Анан бул ырдын сөзүн окуп, өзүмдүн таенемди эстеп, бир чети эркелеп атканымды элестетип, эне-баланын мүнөзүн берип жазгам. Мында таарынчак бөбөккө энеси тарбия катары акыл айтып атканы.

Балды бачым бербейт деп,
Чоң энеме таарынып.
Жатып алдым бүк түшүп,
Сары тонду жамынып.

Балды жакшы көрөм деп,
Балдын баарын жеп койду.
Таарынгандын тамагы,
Таттуу болот деп койду.

Бал жесең деп чоң энем,
Келбей койду жалынып.
А минтээрин билгенде,
Жатпайт элем таарынып.

Ал эми “Ай бүлдүркөн, бүлдүр-көндүн” сөзү Жолон Мамытовдуку, обону жолдошум Атайбек Бөдөшовдуку. Жолон ага Атайбек экөөбүзгө бир топ ырларын берген. Атай өзү бүлдүркөн көп өскөн жерде чоңойгон экен, өзүнүн бала чагын эстеп, ал ырга жакшынакай обон жаратты.

Жыты сонун буркурап,
Ай бүлдүркөн, бүлдүркөн.
Жар башынан салаалап,
Балдар көзүн күйдүргөн. 

Эң биринчи жолу бул ырды телевидениеге кызыбыз Нуржан ырдады. Андан кийин уулубуз Нурлан ырдады. Кийин радиого жаздыраарда Жанета Бобкова ырдап чыкты. Бул ырлар бүгүнкү күнгө чейин бала бакча, мектептерде ырдалып келет. Балдарга жаңылык катары айта кетсем, учурда Бактыгүл Чотурованын сөзүнө жазылган “Апам, атам жана мен” деген жаңы ырга обон жаратып атам. Буюрса, бул ырды жакында угуп каласыздар.

Айнура Касымова, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.