КР Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеев Москвада

Иш сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен тартып, 15-апрелге чейинки аралыкта, тактап айтканда дээрлик 10 күн бою Москвада жүрүп, мигранттык турмушту баштан кечирген кыргыз мекендештерибиздин ал-абалы менен жакындан таанышып, Ала-Тоого кайткан КР Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасы, айтылуу “Бриллиант жылан” үчилтигинин автору, атактуу жазуучу Чолпонбек АБЫКЕЕВ “НУР” газетасына агынан жарыла, дилдеги ойлорун төктү эле. Эмесе, назар салыңыздар…

– Урматтуу Чолпонбек агай, сөз удулун алыскы Ала-Тоодон ат арытып, жол карытып келгендеги максатыңызга бурсак… 
– Рахмат, жакшы болот, Акылбек. Ыдыраган илгерки СССР Жазуучулар Союзу соңку кезде Москва шаарында Эл Аралык Жазуучулар Коому деген аталышта кайрадан түзүлгөн эле. КР Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасы катары ошол Коомго келдим эле. Буюрса, Эл Аралык Жазуучулар Коомундагы иштерим ийгиликтүү аяктады. Жетекчиси менен жолуктум. Коомдун “Литературная” деген газетасы да бар. Ошого жылына 1-2 ирет кыргыз акын-жазуучулары быздын чыгармаларын орус тилине которуп, жарыялап туруу демилгесин да колго алдык. Бул жакшы жетишкендик эмеспи. Ошону менен бирге эле Москва жакын жер эмес, кыргыздар үчүн. Ушунча келаткан соң “Жөн барбайын” деп ушул жылдын март айында жарык көргөн “Бриллиант жылан”, “Кызыл көйнөкчөн келин”, “Кыргыздын үч ыйыгы” деген 3 томдук тандалмалар жыйнагымы Мекенден сыртта жүргөн мекендештериме көрсөтүп, тартуулап кетейин деген изги ниетте кошо ала келгем. Ушундан улам чыгармачыл адамдар менен, кыргыз диаспораларынын жетекчилери менен, интеллигенция өкүлдөрү менен жолугуштум.

– Дал ошондой жолугушуулардын жүрүшүндө алган таасирлериңиз?
– Москвага келгениме он күнгө чукулдады. Эми ар адамдын мекени болот. Анын сыңарындай кыргыз улутунун мекени Кыргызстан. Кайда гана барбайын, кайсыл чогулушка катышпайын, мекендештеримдин көзүнөн бир нерсенин кемип турганын байкадым. Мекеним – Кыргызстандын кем болуп турганын тушундум. Бир ирет ресторанда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү аябагандай чоң чогулуш өткөрүштү. Ошого байманалуу капчыгы калың, жашоо тирилиги мыкты инсандар келишти. Ошондой болсо да ошолордун баскан-турганынан, сүйлөгөнүнөн, мындай бир мамилелеринен кандайдыр бир тартынуу, басынуу дегенди, ал тургай үнүн да катуу чыгарбай ички эмоцияларын тизгиндеп турганын байкадым. Өздөрүнүн өзгө жерде жашап жатканын, дайыма жүрөгүнөн чыгарбаганын сездим. Маселен, эгер КРде ошондой деңгээлдеги айлыгы бар, бийлиги бар, байлыгы бар, атактуу адамдар жолугушса, тимеле ошол ресторанды көңтөрүп ие жаздашмак. Ошондой тойлор өтүп да жүрөт, катышып да жүрөм дегендей. Кандайдыр бир тартынуу, басынуу дегенди ал жактан көрбөйсүң. Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Анан да чыгармачыл адамдар менен да өтө көп жолугуштум. Кур дегенде 4-5 жолу жолугушуу өткөрүлдү бейм. Ошондо бир нерсени байкадым. Чыгармачыл адамдар роман болобу, поэзия болобу айтор жазган чыгармаларынын баарында Мекенден алыста жүргөнүн чагылдырышыптыр. Ырларынын көбү Мекенди сагынууга арналган, ал түгүл махабатка арнаган саптарында да “Буюрса, өз жерибизге барсак, алтындай тилегибизге жетсек, сүйүшүп бактылуу болсок” деген ойду камтышыптыр. Мына ошолорду угуп, окуп “Мекенден канчалык алыс жүрбө, ал сага ошончолук жакын болуп тартыла берет окшобойбу” деген пикирге жетелендим. “Кыргыздын үч ыйыгы” деген 3-томдугумда “Ар бир адам үчүн улуту, мекени, мамлекети ыйык” деп жазгам. Ушуну ар бирибиз түшүнүшүбүз керек. Ушул кундөрдө ушул пикириме дагы бир жолу ынандым жана бекемдедим.

– Москвадагы чыгармачыл кыргыз жаштарга кандай кеп-кеңештерди берер элеңиз?
– Эми чыгармачылык деген бул – бир-эки жыл Мекенден алыс жүрсөң эле баягы “Күйгөн катын кошокчу” дегендей, күйүп-жанып эле ыр жазып ийип, анан кайра Мекениңе барганда, токтотуп коюу дегендик эмес. Чыгармачылык – ыйык нерсе. Баш-отун коюп, чыгармачылыкка барарда, ошол адам чыгармачылык деген нерсенин касиетин да ойлонушу керек. Адегенде, жөн эле кызыкчылык үчүн ыр жазып, буулукканын чыгарып алмай да жагы бар. А бирок түбөлүктүү чыгармачылык деген бар. Түбөлүктүү чыгармачылыкта – түбөлүктүү акын болгусу, же болбосо түбөлүктүү жазуучу болгусу келген адам, оор түйшүккө малынарын, чыгармачылыктагы жашоо – жеңил жашоо эмес экенин астына ала билип, астына ала ошого даяр болушу керек да. Ошондо гана ал адам чыныгы чыгармачылдардын дүйнөсүнө кошула алат. Антпесе, жөн эле баягы кыргызда илгертен бери айтылгандай жаның кыйналганда ыр, жазган койгон кошокчулук өнөкөтүң чыгармачылыкка жатпайт. Бул деген баягы буулуккандагы бурганак ойлор болуп калат да. Ошол экөөнүн ортосун айра билиш кажет. Ошону айра билген адам гана өз жолун табат. Чыгармачылык – улуу касиет. Ошондуктан сөз кудуретине, сөз касиетине сыйынып, ошону менен күнү-түнү азап чегип, күнү-түнү алек болуш керек. Мындайча айтканда, чыгармачылык деле спорттун түрү сыяктуу. Боксер, мушкер деп коебуз, ошол неме жанагы груша деген немесин 1 күндө жок дегенде 4-5сааттан муштагылай жылдар бою машыкса, андан жакшы боксер чыгат, дүйнөнүн чемпиону болушу мүмкүн. Ошол сыяктуу “Көкүрөктө көрөңгөм бар” деген неме, күн сайын 4-5 сааттан чыгармачылык менен шугулданып, кайта-кайта азаптанса, андан да келечекте мыкты калемгер чыгат. Ийгиликке жетет. Анан да чыгармачылыкта философиялык жүк деген бар. Ошол философиялык жүгүңдү толтурбасаң болбойт. Ал – дүйнөлүк философиялык чыгармалар менен тааныш болуп, ошолорду окуй билүү дегендик. Дүйнөлүк атактуу акын-жазуучулардын чыгармаларын окубай, ошолордун маани-маңызын түшүнбөй туруп, “Мындай эле чыга калып, мен укмуш акын-жазуучу боло калам” дегениң акылга сыйбайт. Анда сен өзүңдүн районуңдун деңгээлиндеги кайсы бир той ырчысына айланасың, же болбосо айылыңдагы “Ушул деле бирдеме жазышты билет” деген сөзгө илинген катардагы калемгер сөрөй бойдон калмагың бышык. Андыктан, республикалык деңгээлде, дүйнөлүк деңгээлде акын-жазуучу болууну көздөсөң, эбегейсиз эмгек этүүң талап этилет.

– Эми агай, “Москва кайрыктары” адабий клубу менен тааныштыңыз, “НУР” газетасын окудуңуз, дал ушул иштердин башында Багытбек Бапанов турарынан кабардар болдуңуз. Ошол мырзанын аракетине астыртан кандай баа бердиңиз?
– Башат болмоюн, ал жерден эч ким барып суу ичпейт. Ошол сыяктуу “Москва кайрыктары” адабий клубу түзүлбөсө, бүгүнкү күндөгү Москвада жашап, иштеп жүрүшкөн чыгармачыл кыргыз жаштарынын башы эзели бирикмек эмес. Ар кимиси өз-өзүнчө жүрө беришмек “Атаңгөрү биз бирдеме жазчу элек” дешип. Ошол себептүү “Москва кайрыктарын” уюштуруп койгондун өзү эле чоң нерсе. Анткени, ушул күндөрү ким эле болбосун көчөдө баратып, 1 куплет же 2 куплет ыр жаза коюп, “Эми муну кайда алпарам?” десе, дароо эле жүрөгүнө “Москва кайрыктарына” алпарып көрөйүнчү” деген ой орнойт. Мына ушунун өзү жакшы нерсе да. Анан да 20 киши чогулуп алып эле, бири-бирине ыр окуй беришсе да тажашат. “Койчу, ай, баланча баландай жазат, түкүнчө түкүндөй жазат, күндө эле угуп атпайбызбы?” дешип. Бара-бара бири-бирине жолугушпай калышат. А газета дегендин касиети болот, газетага чыксаң, сенин ырыңды өзүң тааныбагандар окуйт, “Ии, сенин ырыңды окудум” деп пикирин айтып, телефон чалат. Ушул себептүү Б. Бапановдун чыгармачылыкка тиешеси жок дарыгер экенине карабай, канчалаган түйшүктөргө ноюбай “НУР” газетасын чыгарып, “Москва кайрыктары” адабий клубун негиздеп, канчалаган жаштардын башын бириктирип койгонун бийик кадам, чоң эрдик, чоң бир жакшылык деп эсептейм. “Москва кайрыктары” адабий клубу менен КР Улуттук Жазуучулар Союзунун ортосунда эриш-аркак иш тутуу маселесин да келишимдин негизинде жолго коюп жатабыз. Б. Бапанов – кыргыз үчүн күйгөн, эл-жерин сүйгөн, мыкты азамат, мекенчил жигит экен. Жасап аткан ишине КР Улуттук Жазуучулар Союзунун атынан рахмат айтар элем. Маселен, Багыттай болуп акча таап, бизнес жаатында шугулданган инсандар толтура. Бирок алардын арасынан Багыт өңдөнүп “Сыртта жүргөн кыргыздар эмне болуп атат?” деп тынчсызданып, көмөкчү колун сунгандары жокко эсе. Ошондуктан Багыттай азаматыбызды алкап, дамамат колдошубуз гана керек.

– Буюрса, бүрсүгүнү КРге кайра кайтуунун алдында турасыз. Маек соңунда Москвадагы кыргыз мекендештериңизге каалооңуз?
– Үмүт өчпөйт. Биз кыргыздар учурда кайсы бир деңгээлде Теңирдин улуу сыноосунан өтүп атабыз. Антсе да мамлекетибиздин өсүп өнүгүүсү анчалык алыс эмес, буюрса, Кыргызстан жакын арада гүлдөгөн мамлекетке айланат, буга мен бөркүмдөй эле ишенем. Ошого жеткирүүчүлөр мына, урматтуу сыртта эмгектенип жүргөн мекендештер – силерсиңер. Анткени, мамлекет дайыма силердей кара жанын карч уруп иштеген мээнеткөй атуулдардын эсебинен гана гүлдөөрү ырас. Эч убакта башыңарга кыйын иш түшсө, чөгүп мөгдүрөп кетпегиле, анын баары убактылуу нерсе. Бардык кыйынчылыктарды көктүк, өжөрлүк, мээнеткечтик менен жеңгиле, дайыма өзүңөргө бекем болгула. Кыргыз деген ыйык атты сактагыла. Себеби, КРдин чегарасынан өткөндөн баштап, силердин “Гүлмира, Каныбек, Мырзабек” сыяктуу өз атыңар өчөт. Ким болбосун силерди ” А бул кыргыз турбайбы” деп айтат. Ошондуктан кыргыз деген атыңарга көлөкө түшүрбөгүлө. Биз айкөл Манас атабыздын тукумубуз. Дүйнөдө тарыхы бар улуу элбиз. Байыркы улуу кыргыз каганатын түзгөн түптүү журттун кулунусуңар. Ата бабанын арбагы колдосун. Мекениңерди, улутуңарды сүйүүнү дайыма жүрөгүңөргө сактап жүргүлө.

– Эмесе, рахмат агай, сапарыңыз байсалдуу болсун, көздөн учкан Ала-Тообузга биздин атыбыздан ысык салам айта барыңыз.
– Силерге да рахмат, “НУР” газетасынын арымы кеңейе беришине тилектешмин.

Багыт Бапанов – кыргыз үчүн күйгөн, эл-жерин сүйгөн, мыкты азамат, мекенчил жигит экен. Жасап аткан ишине КР Улуттук Жазуучулар Союзунун атынан рахмат айтар элем. Маселен, Багыттай болуп, акча таап, бизнес жаатында шугулданган инсандар толтура. Бирок алардын арасынан Багыт өңдөнүп, “Сыртта жүргөн кыргыздар эмне болуп атат?” деп тынчсызданып, көмөкчү колун сунгандары жокко эсе. Ошондуктан Багыттай азаматыбызды алкап, дамамат колдошубуз гана керек.

Акылбек Мамадалиев, “Нур” («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.