Салижан Жигитовдун азилдери

Калпактын алдындагы допу

Кубанычбек Маликов бир күнү Жигитовго айтат дейт:

Салижан, сен абыдан кыйын жигитсиң. Өзүң акынсың, билимдүүсүң. Анан ботом, алдагы кепкадан көрө кыргыздын жакшынакай калпагын кийип жүрбөйсүңбү. Кепка сага жарашпайт экен, – дегенинен Сакебиз атайы бир күнү калпак тиктириптир. Бирок анысы чоңурак келип калганынан базардан чаар допу сатып алат. Аны калпактын алдынан баса кийип алса, жараша түшөт. Бирок Сакебиз калпак кийип келген күнү К.Маликов жок. А кепка кийген күнү дайыма карпа-күрп кезигишчү экен. Бир күнү К.Маликовдун ордунда отурганын көрүп, үйүнө чаап барат да, кепкасын ыргытып, калпагын кийип, кайра тезинен келе калат. Анан койкоңдогон Саке күзгүгө каранып, калпагын түзөнүп атканын көргөн Маликов:

– Во-оо… калпак сага койкоюп калат турбайбы, – десе Сакебиз калпагын шарт чечип, анын алдындагы допуну көрсөткөн экен:

Мына, Куке, жарымым – кыргыз, жарымым – сарт болгон үчүн жарашып жүрбөйбү.

Са Жи Гит

«Азаттык» үналгысы Дастан Сарыгулов, Каныбек Иманалиев, Салижан Жигитовду «Манас» жөнүндөгү диалогго чакырат. Сарыгулов «Манас» эпосунун чеги жогун, түбү көрүнбөстүгүн түгөталбайт. Сакебиз болсо түз обо экенине карабай:

– Кыргыз болбой эле койдум. Карачы, курсагы ач, мээси бөксө. Ушундан көрө кытайга аралашып кетсек, эл болмокпуз. Анда мен көп болсо: Са Жа Гит болуп калмакмын, – деп Сарыгуловдун куйкасын куруштурган экен.

Кырыз орусту 70 жыл эзди

90-жылдардан кийин Кыргызстандан орустар кете баштаганда жармач патриоттордон ким бирөө:

– Булардын кетип атканы жакшы болду. Болбосо бизди 70 жыл бою жакшеле эзип келбедиби, – десе Сакебиз:

– Эй, орустар бизди 70 жыл эзген жок. Биз орустарды 70 жыл эздик. Алар бизге мектептерди, кабат үйлөрдү, завод-фабрика, суу сактагыч, көпүрө, электр станция ж.б. ж.б… куруп бербедиби. Бечаралар акыры «Буларың эчнерсе үйрөналбаган ит эл турбайбы» деп эзилип бүткөн үчүн кетип атпайбы, – деген экен.

«Эми түрктүн мойнуна минебиз»

Турциядан келген меймандар Сакебизден сурайт дейт:

– Силерди ушуга чейин бозүйдө жашаган калк деп айтышчу эле. Бирок заңгыраган кабат үйлөрдү кантип кургансыңар? Силерди канча көчмөн эл деген менен шаарыңар укмуш экен го, татынакай театр, музейиңер турат, – десе Сакебиз:

– Бул шаарды биз курган эмеспиз. Жалаң орустардын мойнуна минип, ошолорго курдурганбыз, – дейт.

– Азыр алардын көпчүлүгү кетип атса, эми кимге курдурасыңар? – десе, Сакебиз:

– Эми түрктүн мойнуна минбей жаныбыз жокпу, – дептир.

Ач элдин чоң курсактары

С.Жигитов А.Акаевдин кеңешчиси болуп турганда жоон топ аким, губернаторлор президенттин кабылдамасында отурат дейт. Аларды көргөн Сакебиз:

– Ой, кыргыздар, элде ачарчылык, кыйынчылык дейсиңер, бирок жүзүңөрдөн май тамып, бир да ачарчылык көрүнбөйт го. Губернаторуңардан тартып акимиңерге чейинкилердин курсагын карагылачы, а мынабу айыл башкармасычы… башканы койдум, жадагалса араңарда турган береги журналисттин курсагын карагылачы, – дегенине баарысы бири-биринин чердейген курсагын карап, мына анан чердейген курсактар сүлкүлдөп күлө баштаган экен.

Акаевден арткан акылы

А.Акаев президент, С.Жигитов менен Б.Жакиев анын коомдук кеңешчилери эле. Бир күнү Салижан менен Бексултан шахмат ойноп отурса «легендарлуу» парламенттин депутаты М.Байжиев келип калат.

– Ии, акылчылар… Оюндан омурткаңар сынып отурасыңар, – десе Сакебиз шахматтан башын көтөрүп:

– Акаевге болгон акылымды айтып, андан артканын мынабул досуңа айтам. Бирок болбой эле артып калып атат. Акыл сага да жетпей атса, мага ушинтип тез-тез келип турсаң, – дептир.

Сакенин малай ээрчиткени

Т.Сыдыкбеков «Кыргыз эл баатыры» наамын алганын уккан К.Жусупов С.Жигитовго:

– Түкө наам алганын куттуктап, барып койбойлубу, – дейт. Бирок К.Жусуповдун жанында сокур тыйын жок экен. Анда Саке:

– Сен ушинтип дайым эле унчукпайсың, – деп акчаны жалгыз өзү чыгарат.

Жолдон торт анан гүл алышат. Бирок тортту да, гүлдү да Кеңеш досуна көтөртүп коюп, өзү койкоңдоп алдырак басып кетет.

– Эй, сен түрктүн байына окшобой, жок дегенде бирөөсүн көтөрүп алчы, – десе Сакебиз:

– Эгер мен түрктүн байына окшосом, түрктүн малайы да так сендей болушу керек. Келжектебей көтөрсөң, – деп экөө бирдей каткырыптыр.

Жигитовдун жигиттиги

«Легендарлуу» парламентте отургандарды С.Жигитов интермедия кылып, «КМ» гезитине сандан-санга тамаша кылып чыгарганы А.Акаевге майдай жакчу экен. Президент бир күнү Сакебизге жолуккан жерден:

– Сиз парламентти укмуштай согуп атасыз. Алардын айтышын интермедия кылып жазгандарыңызды жыргап окуйм. Эрдик жасап атасыз, эрдик! – дейт.

Анда Сакебиз:

– Ой, ботом, өзүм Жигиттин баласы болсом, жигиттик кылам да. Эрдик айдан кылайын, – дептир.

Каникул

А.Акаев өлкө президенти болгонго чейин С.Жигитов экөө бир үй, бир короодо жашап, экөө күндө эртең менен бирге чуркайт. Жигитов ал кезде «Кыргыз экциклопедиясынан» бошоп, жумушсуз жүргөн экен. Бир күнү эртең менен А.Акаев экөө кобурашып калат:

– Салижан Жигитович, эми кайдан иштейин дейсиз?

– Илимдер академиясында иштесемби деп атам.

– Андан көрө ЖОЖдордун бирине барыңыз. Аякта тогуз ай иштеп, үч ай каникулда болосуз, – десе: – Аскар Акаевич, сиз эчнерсе билбейт турбайсызбы. Академияда андан жакшы. Ал жакта бир ай план түзүшүп, он бир ай канукулда жыргап жүрөсүң, – дептир.

Түрктөрдү күлдүргөнү

Жигитов Өзбекстанда элчи болуп отурганда Турциядан өкүлдөр келип, алардын тарыхын, маданиятын сурайт. Бирок бир да өзбек өз элинин тарыхын жарытып айталбай койгондо Сакебиз чыдабай кетип:

– Мынабул чапан менен допучан турган өзбекти көрдүңөрбү?

– Көрдүк, – дейт түрк делегаттары.

– Көрсөңөр, мындан 3-4 кылым мурда деле өзбектин кийгени ушул болгон. Бирок ошондон бери булар чапанына топчу кадабаган бойдон келатат, – деген экен, өзбегиң да, түркүң да боорун тырмап каткырыптыр.

Элчиликтен эмнеге эрте келген?

Элчиликтен бошоп келгенин уккандын баары бир күнү:

– Эмнеге эрте келдиң? – десе Сакебиз:

– Иштейин деп баргам. Бирок Акаев мага телефон чалып, мен Каримов менен сүйлөшүп, ортодо экөөнү байланыштырып турам го десем, экөө менсиз эле телефондон түз сүйлөшөт экен. Анан жумушу жок отурбайын деп келе бердим, – деп жүрчү.

Өмүр бою кетирген катасы

Өзбекстандын бир журналисти Сакебизден сурайт:

– Өмүрүңүздө канча ката кетирдиңиз?

– Ой, айланайын, мени кой, СССР өлкөсү 70 жыл бою толтура ката кетириптир, анан ошол өлкөдө жашаган менин бүт өмүрүм ката менен өттү да, – деген экен.

Арбактын аманаты

Турар Койчуевдин 60 жылдыгы болуп калат. Куттуктоолор Президент, Премьер-министрдин атынан окулат. Оголе көп куттуктоолор эки саттан ашык окулуп, залдагы эл куттуктоо сөздөрдөн жадаган кезде сөз С.Жигитовго жетет. Саке сөздү баштагандале:

– Азыр калем кармагандын баары арбактар менен сүйлөшүп калды. Алардын арасында мен да бармын. Анан мен да майда-чүйдөлөрдөн эмесмин. Азыр эле тойго келатып Карл Маркстын арбагы менен кобураштым. Ал мага «Турар Койчуевге айта бар, менин «Капитал» деген эмгегимди окуп жүрүп, илимдин кандидаты болду. Кийин аны кайта-кайта көчүрүп доктор, акыры академик наамына жеткен. Андан соң рынок экономикасы келип, баары сатыла баштады. Мейли, сатылсын, бирок ушу Турар Койчиев мени сатып кетет деп ойлогон эмесмин, ушуну айта бар» – деди деп, трибунадан түшүп кеткен экен.

«Жуликке» жолуккандагысы

С.Жигиов бир күнү көчөдө баратса, алдынан бейтааныш зайып чыга калат. «Көзү ачык элем, алаканыңызды көргөзүңүзчү» дегенделе Сакебиз «Мейли, карасаң кара» деп, өзү айткандай, ичинен баш чайкап, чөнтөгүнөн акча сууруп, тигиге сунат. Биртоп күндөн кийин көзгө тааныш баягы көзү ачык көчөдөн жолугуп, Сакенин алаканын дагы бир жолу ачтырат. Саке анда да марттыгын көрсөтөт. Даа бир карпа-күрп кезигишүүдө көзү ачыкты Сакем өзү чакырат:

– Сага жолуккандан баштап менин да көзүм ачылып кетти. Бери келип, алаканыңды көргөзчү, бирок сенден тыйын албайм, – деп көзү ачыктын алаканын ачтырып, – сен жеткен жулик турбайсыңбы, – деген экен.

«КМга толгон «дөбөттөр»

«Кыргызстан маданияты» гезитинин кеңсесине С.Жигитов күнүгө келсе, күнүгөле тамак жеп отурушкан болот. Бир күнү аларды көргөн Саке:

– Оо, ырас болбодубу, бекер тамактын үстүнөн чыгыпмын, – деп босогодон аттагандале жайдаңдай.

Отургандар «баа» деп каткырып, ооздору жабылалекте Сакенин «КМ» кожоюну Нуралы Капаровго:

– Ой, сен, байка. Буларың байдын дөбөтүндөй болуп семирип кетип үрбөй калышпасын, – деп отургандарды кыраан каткыга тойгузуп, «дөбөттөр» отурган үстөлдүн эң төрүнө өтүп кеткен экен.

Кеңештин кеңеши

Сакенин ашказаны ооруп жүрүп, К.Жусуповдун кеңеши менен урологиялык дарыланууга өтөт. Бир күнү Р.Отунбаева экөө кезигишип калат. Сакенин шопоюп арыктаганын көргөн Роза айым:

– Сиз өтөле арыктап алыпсыз, бирок арыктаганыңыз жарашат экен, – десе Сакебиз:

– Өз заарамды ичип жүрүп эле ушинтип жалпайган бетим татынакай болуп баратат, – дегенине Отунбаеванын абыдан боору эзилет, бирок ишенбейт. Ошондон көп өтпөй, жоон топ эл каймактары чогулган жерде ким бирөө К.Жусуповдун ашказан оорудан кантип айыгып кеткенин сураса, туурадан С.Жигитов чыга калыптыр:

– Кеңештин кантип айыгып кеткенин менден сурагыла, өзү жымсалдап айтмак беле. А мен болгонун болгондой айтам. Бул досум өзүнүн сийдигин өзү ичип жүрүп эле айыгып кетти, – десе – Сырымды сага айткан мен да акмакмын, – деген Кеңеш досунун күйбөгөнү күл болуптур.

КГБдагы компроматтар

Аман Токтогулов КГБда иштеп турганда С.Жигитов экөө жолугушуп калат. Аман:

– КГБда кыргыз акын-жазуучуларынын бири-бири тууралуу компроматтары толуп кетти. Токтотушпайбы, – десе Сакебиз:

– Ошолордун бирден көчүрмөсүн бизге жылдыра бербейсиңби, – дейт.

– Ой, Саке, мен алардын баарын чогултуп туруп, өрттөп атпаймбы, – десе Сакебиз:

– Ооба, мен сага аябай ишенип калбадымбы… – деген экен.

Халтурщикти көмүшкөн Саке

Каныбек Иманалиев Президенттин басмасөз катчысы болуп турганда Акүй жактан Каныбек, Күнбатыштан С.Жигитов чыгат. Каныбек салам узатаары менен Сакенин кайдан келатканын сурайт. Анда Саке:

– Ой, баландай халтурщик акын өлүптүр, ошону Аларча көрүстөнүнө көмүшүп келатам, – деп таамай жоопту тарс айтыптыр.

Ишенчээк интеллигенция

И.Абдуразаков Мамлекеттик катчы кызматынан түшүп калган жылдары Салижан досу жазуучулар арасында өз «версиясын» жаратат: «Абдуразаков А.Акаевдин кабинетине каалга чертпей кирип барса, Майрам Дүйшөновна үйгө кийчү тапичкеси менен президентти шакылдатып башка койгулап атыптыр. Анан Ишенбай бечара: «Ой, кечирип койгула!» – деп каалганы кайра жаап чыгып кетери менен «Бул киши чатакташканыбызды көрүп калды» деп эртеси кызматтан алып салыптыр десем, жазуучулар ишенип алып, Ишенбай жөнүндө имиш таратып алышкан. А ишенбегендери менден келип да «ошондой бекен?» деп сураганда, «Ооба, кудай урган Ишенбай деле маданияттуу, билимдүү дипломат деп жүрсө… Ботом, Президентке киргенде өзү деле этика боюнча эшикти тыкылдатып кирбейби, ага чала болуптур» дегениме огобетер ишенип алышыптыр» деп, ишенчээк интеллигенциябызга боорун тырмап күлчү.

Мааракедеги чындык

Омор Султанов 60 жылдык тоюн берип атканда, конверттерге да, калпак, чапанга да карк болуп, тойго келгендердин каалоо-тилектертерине да карк болуп турганда Жигитовго сөз кесеги келип, айтып турганы: – Омоке, сен мынабуларга ишенбе. Булардыкы калп. Мына меники чын. 60тан кийин сен «мышсың». Мындан кийин сенден жакшы поэзия да чыкпайт. Буга чейинки бергениңди бердиң, көргөндү көрдүң, сүйдүң. Булар сени алдап атат. Өзүң айткандай, «кашайып» 60 «мыштан» кийин сен акын болалбайсың, – дегени чын эле кийин Омокенин башына келди. «Сен жөнүндө поэмасы» уланбай калды.

Сакебиздин керээзи

Сакебиз дайыма азил-чыны аралаш бир кепти айтып калчу:

– Мен өлсөм, мүрзөмдүн башына: «Ушул бечара өмүр бою көпчүлүк «жижиң» калем кыргыз акын-жазуучулары менен окумуштууларынын жазгандарын оңдоп-түзөп жүрүп өттү» – деп жазып койгула!

Эркебаев & көзайнек

Эркебаев студент курагындале көзайнек тагынганын көргөн Саке:

– Оо, сен дагы Сооронбай Жусуевге окшоп олуттуу көрүнөйүн деген экенсиң, – дептир.

Усубалиев жана чейрек кылым

Усубалиев 24 жыл Кыргызстанды башкарды. Чейрек кылым. Азыр айткан жоопторуңузду угуп отурсам, бир да ката кетирбегендей сүйлөп атасыз. Эми билип-билбей, жылына эки ката кетирген болсоңуз, 25 жылда 50 ката кетирип атасыз. Ушуну моюнга аласызбы? Мен эми конкретный айтайын, сиздин эң чоң ката кетиргендигиңиз (кадр жагынан) – 25 жыл ичинде мынабул Абдуразаков менен Жигитовду көрбөй койдуңуз. Мына, Акаев келдиле, экөөбүзгө дароо кызмат берди, – дегенине Усубалиев шылкылдап күлгөн дешет.

Академик, профессорлорду ардантканы

Тээ качан Кыргызстан Жазуучулар союзунун пленумунда чыгып сүйлөгөн С. Жигитов кашкайган бир чындыкты мынаминтип балп эттириптир:

– Карагылачы, илимдүү-билимдүү сынчылар! Силер «Кыргызстан маданиятына» көтөрүп келген материалдарды 10-класс билими бар Алым Токтомушев оңдоп-түзөп гезитке чыгарып атат. Уялбайсыңарбы! – дегенин уккан азуулу адабий сынчылардын баштары шылк дей түшкөн экен. Көрсө, чын эле «КМнын» сын бөлүмүндө иштеген А.Токтомушев академик, профессорлордун жазгандарынан өйдө гезитке оңдоп-түзөп жарыялачу тура.

Ит менен арстандын айырмасы

Академик, профессорлор арасынан ким бирөөсү:

– Э, Салижан, башка окумуштуулардын баарыле 10-15тен аспиранттарды чыгарды, а сен Искендер Жумабаевден башка эчбир аспирант тарбиялабапсың, – десе Сакебиз:

– Ит менен арстандын айырмасы эмнеде? Иттин тукуму көп, арстандыкы бирөө эле, – деп жаагын жааптыр.

Майда-чүйдөлөргө жооп

Бою С.Жигитовдукунан да пекене С.Бирназаров деген басмада иштеген досу кайсы бир жыйынга катыша турган ал кездеги премьер-министр А.Жумагулов баш болгон мамлекеттик чиновниктерди күтүп аткан болот. Жыйынга адегенде С.Жигитов эрте келет. Бирназаров ордунан шап тура калып, саламдан мурда:

– Саке, чоңдордон кимдер келет экен? Жумагулов өзү келмей болдубу? – деп, андан кийин саламын берсе, Сакебиз:

– Мен сага окшогон майда кишилер менен учурашпайм, – дегенде отургандар дуу дей түшөт. Жыйын катышуучуларын күтүп чебелектеген Бирназаров кайра суроо узатат:

– Жыйынды саат бирден кечиктирбей баштай берелиби? – десе отургандарды күлдүрүп:

– Мындай майда суроолор менен мага кайрылбай жүрчү, – дептир Саке.

Элчиликте чыгарган анекдоту

С.Жигитов Өзбекстандагы Кыргызстандын атайын ыйгарым укуктуу элчиси болуп турганда өзбек тилдүү журналисттер да куйкум тилдүү Сакебиздин аскиячы экенин билип алып, көрүнгөн суроого жооп сурай берчү экен. Эмне болсоле суроолорун Сакебизге жаадыра беришет. Бир күнү аны жабалактаган журналисттер курчап алып, өзбек жөнүндө чыгарган жаңы анекдотторунан уккусу келет. Сакебиз ошондо мамындай анекдот чыгарып ийиптир:

– Орустан «бул дүйнөгө эмнеге келдиң эле?» деген суроого, «арак ичип сайрандаганы» дейт. Еврей байыганы келгенин айтат. Өзбек болсо «Ислам Каримовдун 5 принцибин аткарганы гана келдим» (И.Каримовдун мамлекеттик беш принциби бар экен) дегени тез эле жайылып кетиптир.

Эки достун масилети

И.Абдуразаков сураптыр:

– Саке, деги сен кудайга ишенесиңби?

– Кудай бар экенине ишенейин дейм, бирок, кудай деп жүргөндүн баары кор болуп атпайбы. А кудайды оозуна албагандар сайрандап жашаганын көрүп мен да сайрандап жашаш үчүн кудайды оозума албай жүрөм, – дептир.

Бакиев жөнүндө экмети

К.Бакиевдин көчүгү бийликке жаңы бекиген кезде журналисттер Сакеден сураптыр:

– Сиздин оюңузча, Бакиев кандай президент болгудай?

– Ой, мунуңар кагаз окуп атканда президент сыяктанып эле турат. А кагаздан башын көтөрүп сүйлөсөле – парторг көзгө элестей түшөт экен, – деген экен.

Ишенбай досуна нааразы болгону

Сакебиз көп учурда үстүндөгү качанкы костюмдун бышыктыгына таңгалгандарга:

– Абдуразаков чоң болуп турганы мага жакшыле. Ал тез-тез семирип кетип, батпаган костюмдарын мага берчү. Кудай уруп, анын кызматтан түшкөнү мага эле жаман болду, костюмдары артпай атат, – дечү…

Олжобай Шакир, «24.kg» МА, 17.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.