ИШЕНИМ деген эмне?

Негизи айтылат эмеспи: «Жашоодо өзүӊдөн башка эч кимге ишенбе» деп. Чындыгында өзүӊдөн башкага ишенбеш  керек, бирок, ошол эле учурда бирөөгө ишенбей жашоо да мүмкүн эмес. Себеби, ар бирибиз ата-энебизге, бир туугандарыбызга, досторубузга, кээ бир учурда жаӊы эле таанышкан адамга ишенебиз. Эгер, адамдардын ортосунда бири-бирине болгон ишеним болбосо, жашоого болгон кызыгуубуз жоголуп, жалпы элдин бири-бири менен болгон карым-катнашы үзүлүп калат. Ошондуктан, биз жаштар, өзүбүздү кандай учурда ишенип, кандай учурда ишенбеш керек дегенге  тарбиялашыбыз керек. Бүгүн, «Ак шумкар КУТ» жаштар коомдук бирикмесинде «ИШЕНИМ» темасы талкууга алынды.

Максат Казакбаев: – Улуу ойчул Конфуций айткан: «Как можно имет дело с человеком, которому нельзя доверять. Если у повозки нет оси, как можно на ней ездить» – деп. Башкача айтканда, ишеним артпаган адам менен кантип иш алып барасыӊ дейт. Ишенимди дагы арабага салыштырыптыр, дөӊгөлөгү болбосо араба кантип жүрөт эле деп. Ошо сыӊары, эгер адамдар бири-бирине ишенишпесе, баштаган жумушу эч качан аягына чыкпайт.

Айбек Бузурманкулов: – Дүйнөлүк изилдөөчүлөр ишеним боюнча эксперимент жүргүзүшкөн. Бир адамдын колун байлап, ага ысык чокту көргөзүп, колуӊа басабыз дешет. Анан, ал адамдын көзүн таӊып, колуна муздак эле затты тийгизишсе, колу күйүп кеткен экен. Демек, жанагы адам ысык затты басат деп катуу ишенип алган. Ишеним ушундай күчтүү болгондуктан, ишендирип айткандыктан, физикалык денеси күйүп кетти. Ошондуктан, «Ишеним  болбой, иш болбойт» демекчи, кандай гана жумуш болбосун, адам өзүнө бекем ишенип баштаса, ишинин аягына чыгат деп ойлойм. Кыргызстан эмнеге өнүкпөй калды? Себеби, элдин келечекке болгон ишеними жоголуп баратат. Кайсы жерге барба, “элибиз жоголуп баратат, тилибиз жоголуп жатат, мамлекетибиз эч качан өнүкпөйт” деген сөздөрдү угасыӊ. Эгер ушундай сөздөргө чындап ишенип алсак, чындыгында жоголуп кетебиз.

Улан Орозбаев: – Ишенимди байланыш катары түшүнөм. Бул, Жаратканга болгон ишеним. Жараткан менен адамдын ортосундагы байланыш. Ошол эле сыяктуу, адамдардын ортосундагы байланышты, алардын бири-бирине болгон ишеними деп эсептейм. Адамдар бири-бири менен байланышып, мамиле түзмөйүнчө, ишеним болбойт. Кыргызда «Баштаган ишиӊди таштаба» деген макал бар. Муну менен эмнени айткым келет, эгер сен бир жумушту баштасаӊ, сөзсүз аягына  чыгышыӊ керек. Ошондо, өзүӊө болгон ишенимиӊ артып, башка элдер да сага ишене башташат.

Максат Казакбаев: –  Адамга болобу, табиятка болобу, ишеним түбөлүктүү болбойт. “Эгер бирөөгө көбүрөөк убакыт ишенсеӊ, анда алданасыӊ” деген сөз бар. Буга кандай карайсыӊар?

Замир Ыманкалиев: – Ишенимдин түрү көп. Мисалы, адамга болгон ишеним, жаратылышка болгон ишеним, бирөөгө жумуш тапшырып жаткандагы ишеним. «Ишеним болбой, иш болбойт» деген макалдын мааниси да бир жумушту баштаарда бири-бирине ишенүү. Чакан ишкана ачсаӊ, андагы аткарыла турган ишти жумушчуларга ишенип тапшырышыӊ керек. Эгерде, ишенбей кайра-кайра сурай берсеӊ, ал адам кысынат да, ишиӊ жыйынтыксыз болуп калат. Өзүнө ишенген адам башка бирөөгө да ишенет. Менимче, ишеним – бул бир иш жасоодогу стимул болуп эсептелет.

Жакшылык Ынтымак уулу: – Америкалык Хорк деген акылман: «Адамдардын мага болгон ишенимин жоготуп алуу, баардык банктардагы акчаны жоготкондон да өкүнүчтүү болот» дептир. Андыктан, адамдар, бири-бирибизге болгон ишенимибизди жоготпой, айткан жумушубузду өз убагында аткарсак демекчимин.

Наргиза Нурболот кызы: – Ар нерсенин жакшы жана жаман жактары болот эмеспи. Ошо сыӊары  ишенимдин жакшы да, жаман да жактары болот. Көбүнчө айыбы жок, ак адам деле ишенчиликтен чыгып калышы мүмкүн. Кантип? Мисалы, бир адамга акча берип, бул жумушту аткарып койчу десеӊ, ал макул болуп, өз жумушуна кирише баштайт. Ал өтө ишенчиликтүү, берилген тапшырманы так аткарган мыкты адам. Бирок, сиз тапшырган жумушту жасап жатканда кандайдыр кокустуктар болуп, берилген тапшырманы убагында аткара албай калды. Ошондо ал адам сиздин ишенимиӊизден чыгат. Сиз аны жөн эле жемелебей, эмне үчүн аткара албай калганын тактап, анан чечим чыгарууӊуз керек. Ошондо ишенимдин таразасы туураланат.

Улан Үсөйүн уулу: –  Жакшы нерсеге да, жаман нерсеге да жеткирген ишеним болот. Мисалы,  бир өтө бай адамды дарыгерлер: «Аз эле өмүрүӊүз калыптыр, жакында өлөсүз» деп белгилүү бир мөөнөттү айтышат. Ал бай, «мен өлсөм байлыгым кимге калмак эле» деп,  дүйнөнү кыдырып жүрүп,  топтогон байлыгы түгөнүп, өлгөнгө эле даяр болуп калат. Күндөр өтүп, айткан убакыт келсе да өлбөйт. Дарыгерге барса, “сиз айыгыптырсыз, дартыӊыз жоголуптур” дейт. Өлөм деген ишеним менен байлыгын коротуп жүрүп, ал адамдын эч нерсеси калбай, көчөдө калган.  Ал эми ишенимдин жакшы жагы, ишеним үмүттү жаратат. Жакшы нерсени ойлоп, ишенип, үмүттөнсөӊ,  ал оюӊ сөзсүз ишке ашат. Маселен, окуудан да жооп берерде өзүӊө ишенсеӊ жооп бере аласыӊ, ишенбесеӊ, билген нерсеӊди да унутуп каласыӊ.

Абдылхак Алибеков:  – Ишеним –  адамдын негизги максаты.  Мисалы, ак барактын бети кандай болсо, биздин ишенимибиз да ошондой ак болушу керек. “Ишеним” деген сөзгө талдоо жасап көрсөк: “иш” анан “өнүм”. Демек, мыкты иштеп, ишенимди өнүктүрүү керек. Ишенимсиз адам -сокур сыяктуу.

Ноорузгүл Турусбек кызы:  –  Ишенимди экиге бөлүп карайм, биринчиси, өзүнө-өзү ишенүү, экинчиси, башка адамга ишенүү. Адам өзүнө-өзү ишенбесе гений болбойт, бирөөнүн ишеничин орундоо үчүн анын жасаган иши ага дем берет. Ишенимдин үлгүсү деп, эненин балага болгон ишенимин айтат элем. Бала жаӊы төрөлгөндө эле эне ага көптөгөн ишенимин, үмүтүн артып,  ишеним ошондо эле калыптанат. Ишенүүнү үч түргө бөлём: жүрөк менен, акыл менен, анан жөн эле сокур ишенүү деп. Ошол эле убакта, кеткен ишенимди кайра кайтаруу абдан эле оор.

Махабат Абдыманап кызы: – Бирөөнүн ишенимине кирүү үчүн аны алдоо дагы керек. Биз ЖОЖго тапшырып жатканда кабыл алган адамдар көн мүмкүнчүлүктөрдү айтып, бизди ишендиришкен. Окуп баштаганда айткандарынын 30 пайызы гана чын болуп, калганы калп болуп чыкты. Ойлоп калдым, ишендирүү үчүн алдоону да билүү керек турбайбы деп.

Дамирбек Кыдыров: – Ишеним менен жоопкерчилик тыгыз байланышта. Себеби, ишенген адамыӊдын жоопкерчилиги жок болсо, «сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет» болуп, башкаларга болгон ишенимиӊ бузулат. Кийин бөлөк адамдар менен иштешүүдөн коркуп каласыӊ. Ишеним жалаӊ адамдардын гана ортосунда эмес, жаныбарлар менен өсүмдүктөргө да ишенүүгө болот. Өсүмдүктү тигип жатып, анын өсүп кетишине ишенсеӊ, ал өсөт. Ишеним – бул көзгө көрүнбөгөн сыйкырдуу сезим  деп эсептейм.

Диана Каныбек кызы: – Ишенимди мен диний ишеним, коомдук ишеним, өздүк ишеним деп үчкө бөлүп карайм. Айтып коюшат эмеспи, адамдын башына оор иш келгенде гана динге ишенип, Кудайды эстеп калышат деп. Бул чындык.  Адамдардын бири-бирине болгон ишеними коомдук ишенимге кирет. Адам өзүнө-өзү ишенбесе, ал коомдо өзүнүн ордун таба албайт. Ишеним бул кандайдыр бир жакшы ишти баштоодогу фундамент болуп саналат.

Азамат Эркиналиев: – Кыргыз эли табиятыбыздан ишенчээк калк болобуз. Ишенгенде да жүрөктөн ишенебиз. Тарыхыбызга кайрылсак, Барсбек каганыбыз түрктөргө өзүнө ишенгендей ишенип, алар бизге кошулат деп өзүнүн элине кошкон. Бирок, алар Барсбектин ишеничин актабай, аны өлтүрүп, элин-жерин басып алышкан. Мына ошондуктан, эӊ биринчи биз өзүбүзгө ишенип, өзгөгө жүрөк менен ишенүүдөн абайлаш керек. Жүрөк менен ишенүү – эӊ таза ишеним болуп эсептелет.

Гүлкайыр Калыбекова: – Сени курчап жүргөн досторуӊ, тааныштарыӊ сага ишенишин кааласаӊ, сен аларга ишеничти чындык менен көргөзө бил. Буга бир эле мисалды келтире алам, жогорку бийлик карапайым элди бир жолу эмес, үч жолу алдап ишендирди. Жалган айтса да ишендик, чын айтса да ишендик. Акыры жарылып,  алданбаш керектигин далилдедик. Алар мындан кийин жалпы элди чындык менен гана ишендире алышат. Азыркы бийликтегилер элди ишендире албаса, келечекти көрө билген улан-кыздарыбыз бийликке чындыкты алып келип, элди ишендире алышат.

Бул күнү жаштар талкуусунун мейманы болгон коомдук ишмер, карыя журналист Кенжалы Сарымсаков ишеним тууралуу өз пикирин айтып, жыйын-талкууну төмөнкү сөзү менен жыйынтыктады.

Кенжалы Сарымсаков, ардагер журналист: – Жапония өлкөсүндө жердин теӊинен көбү иштетүүгө жараксыз. Башка күнүмдүк жашоого керектелүүчү нерселердин 90-95 пайызын сырттан сатып алышат. Бирок, ошого карабастан өлкөсү бай, мыкты жашашат. Буларга эмне себеп, Жапонияда болгону 12 000 юрист бар. Алар бир канча миллиондогон доллар каражатка келишим түзүшөт да, башка бир да кагаз толтурбай өз жумуштарын аткара беришет. Бири-бирин алдашпайт. Жигиттик сөзүн бердиби, болду, ошону менен баштаган ишинин аягына чыгарышат. Бизге окшоп ондогон документтерди толтуруп, нотариустарга барышпайт. Демек, ишеним дегендин өзү эле ыйык болот. Биз, өлкөбүздү азыркы кыйын абалдан алып чыгуу үчүн ар бир жарандын жүрөгүнө ушул ыйык сезимди жаратышыбыз керек. Элибизде мындай сөз бар, “эгер бирөөнүн жүрөгүндөгү ишенимди өчүрүп алсаӊ, сен абдан пас адамсыӊ, ал эми бирөөнүн жүрөгүнө ишеним жарата алсаӊ, сен мыкты адамсыӊ” деген. Ушул эки адамды  айырмалай билишибиз керек. Демек, биздин өлкөдө ишеним деген сезим каймактай болуп коюуланса, кийинки келечектин бар экенине ишенебиз.

Айпери Сыражидин кызы, “Көк Асаба”, 16.05-5.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.