Мухамбетали Абдырахман уулу : “Лиондон” кийингим келчү. Анан турмуш ушул өнөргө түрткү кылды”

Кыргызда колунан көөрү төгүлгөн мыкты усталар, кол өнөрчүлөр, тигүүчүлөр көп. Бүгүн мен, мына ушундай мыкты өнөргө ээ, “элим үчүн дайыма кызмат кылам” деген мекенчил мырзанын үйүнө конокко келдим. Мага анын таза кайыштан бут кийим жасап, ага кыргыздын оюларын түшүргөнү абдан таӊ калычтуу болду. Анда эмесе, Абдырахман уулу Мухамбеталинин өзү менен болгон маекке назар салыӊыздар.

– Али мырза, колуӊуздан жаралган бут кийимдериӊиздин аталышын «Кадам» деп коюпсуз. Эмне менен байланыштырдыӊыз?
– Жакшы деп жасаган ар бир жумуштарыбызга, жаӊы баштаган иштерибизге жакшы кадам таштасак, анын ийгилиги болот эмеспи. «Кадам» деп атаганымдын себеби ушунда.

– Сапатына кепилдикти кантип бересиз?
– Сапатына, бекемдигине кепилдик бере алганым үчүн, ар бир сатып алуучуга эгер жыртылып калса мага алып келиӊиз, кайра өзүм бекер эле тигип берем деп айтам. Себеби, бут кийимдин эч нерсе болбошуна көзүм жетет. Бул бизнести мен 3 жыл мурун баштагам. Башында колго көтөрүп сатчумун. Ошол кезде алган адамдар азыр үй-бүлөсү менен келип алып жатышат. Ишим нөлдөн башталган, башкача айтканда 350 сом менен гана. Ал акчага материал сатып алып, эки жеӊил бут кийим жасагам. Аны көтөрүп алып, көчөдө саткам. Башында элдерге көргөзгөнүмдө, көпчүлүгү: «Кой балам, мындай  оюсу бар бут кийимди артисттер эле кийишет. Бизге болмок беле?» – дечү. Бирок, мен болбой эле иштей бердим, элге тартуулай бердим.  Ошентип, бара-бара элге жага баштады, буюртмалар да көбөйдү. Үзүрлүү эмгек жөн келбейт деген сөз чындык экен, эӊ негизгеси эмгектенип иштөө.

– Бул кесип менен алектенип калганыӊызга эмне себеп болду?
– Негизи мен таза булгаарыдан бут кийим кийгим келчү. «Чистая кожа» деп эле калабыз го. Бирок, акчам жетчү эмес, элдердей болуп «Лиондон» бут кийим алууну кыялданчумун. Ал эми, мага окшоп акчасы жетпегендер көп да. Анан ойлондум, мен да кийейинин, алар да кийсин деп. Ушундан улам анан ушул иш менен алектене баштадым. Жашоонун муктаждыгы бул кесипти аркалоого түрткү кылды.

– Кол өнөрчүлүк сизге ким тараптан өттү деп ойлойсуз, атаэнеӊиз жөнүндө айтып берсеӊиз?
– Өзүмдүн атам мамлекеттик эле ишкер, бирок, анын колу да бир нерсеге жөндөмдүү.  Ошол себептен мага көп нерселерди мындай болот, тигиндей болот деп үйрөткөн. Ал эми, жети аталарыма кайрылсам, алардын баары мыкты уста болушкан экен. Кол өнөрчүлүк менин ата-бабаларымдан келе жаткан кесип деп айта алам.

Эмне үчүн улуттук калориттеги бут кийим жасап жатасыз?
– Учурда элибиз улуттук кийимге кайрадан басым жасап, улуулукка кайтып келе жатышат. Анүстүнө, улуттук калориттеги бут кийим жок болгондуктан, ушуга басым жасадым.


– Таза булгаарыны кайдан аласыз?
– Кыргыздын булгаарысы сапаты жактан мыкты, арзан, таза болгондуктан, өзүбүздөн алабыз. Ден соолуктун бузулушу буттан башталат эмеспи, сыз өтөт, башкасы болот дегендей. Булгаары бутту тердетпейт дагы. Бут кийимдин таманына токтолсок, аны биз атайын  Россиядан, Өзбекстандан алабыз. Кытайдан  келгендерди колдонбойбуз, себеби, ал сыз өткөрөт. Россиядан келгендер микропора деп аталат, анын ичи бышык болуп, бутка зыяны жок.


– Таза булгаарыдан жасалган бут кийимдериӊизге карапайым элдин чөнтөгү чак келеби?
– Бут кийимдин баардык түрлөрү (айымдардыкы, эркектердики, жаш балдардыкы),  ёлчёмдёрү 23төн 44кө чейинкилери бар. Булардын баарын элдин муктаждыгына жараша бааларын арзан кылып сатып жатабыз.  Кыргызстан боюнча эӊ таза кайыш меники болгондуктан, бааларын жогору кылсам да жарашмак.  Бирок, мен жеке кызыкчылыгымды ойлогон жокмун. Кыргыз эли азыркы учурда кытайдын бут кийимин алып, анысы  улам-улам жыртылып жаткан кезде өзүмдү ойлогондон алысмын. Жалпы эл бирдей болсо, тегиз болсо, баары эле жаӊы чыккан нерсени кийгиси келет, айрыкча кыргыздын орнаменттери менен жасалгандан кийин, ошого да карап, баасын арзан эле койдум. Жалпысынан чоӊ кишилердики 700дөн 1500 сомго чейин, жаш балдардыкы 400дөн 1000 сомго чейин.


– Атайын буюртма (заказ) менен бут кийим жасаткандар барбы?
– Ооба, бар. Себеби, айымдардын кээ бирөөлөрүнүн бутунун өлчөмү 36 болгону менен, кетмени чоӊ болот. Ошол себептен, буюртма бергенге муктаж болушат. Бут кийимге жуп  болсун деп, курга ж.б.буюмдарга буюртма беришет.

– Бут кийимди көргөндө көпчүлүк кыздар такалуусу барбы деп сурашар
– Такага кайрылсак, мен бут кийим жасардын алдында медициналык кызматкерден жана бут кийим жасап 28 жылдан бери иштеген кишиден така жасоо боюнча кеӊеш алгам. Аларга, така канча сантиметр болуш керек десем, 1-1,5 сантиметр болуш  керек экенин айтышкан. Себеби, бут кийимдин такасы канчалык бийик болгон сайын, аял кишинин жамбаш сөөктөрүнө ошончолук зыян келтирет экен. Ошого байланыштуу, ”такасы менен жасаӊыз” деген айымдарга, «сиздин ооруп калышыӊызды каалабайм» деп жооп берем.

– Чет мамлекеттерге чыгарайын деген оюӊуз барбы?
– Чет өлкөлөргө чыгара элекмин, жакынкы жылдары чыгаргандан алысмын. Себеби, мен чет мамлекеттерге чыгарганда кыргыз элим булгаарыдан тигилген бут кийим кийбей калат. Дагы эле баягы кытайдын буюмун кийгендин үстүндө болот. Качан гана кыргыз элим  булгаары бут кийим кийип, кытайдын  бут кийимдерин кийбей калганда, мен чет жакка чыгарганга даярмын.

Мамлекет тарабынан кандай жардам күтөсүз?
– Негизи мен мамлекетке кайрыла элекмин, мамлекет мага кайрыла элек, бири-бирибизге жардам бере элекпиз. Азыркы учурда биз өзүбүздөн чыккан буюмдарды көбөйтүшүбүз керек. Анткени мен билем, элибизде мыкты, өзүнүн ишин жакшы билген кыргыз балдар-кыздар көптүгүн. Алардын чыга албай келгенине себеп, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан жардам жок. Анан мындай өзүӊ чыгарган жумуштун келечеги бар болсо, бизнесмендерге көргөзсөӊ, дароо эле макул дешип, спонсор болгонго даяр болушат. Бирок, алар да өздөрү пайда көргүлөрү келет да, товардын баасын жогорулатканга туура келет. Мен ошол себептен эч ким менен иштешпедим. Ал деле байыбасын, мен деле байыбай эле коеюн, эӊ негизгиси кыргыз эли байысын.

– Өзүӊүз тууралуу айта кетсеӊиз?
– Өзүм Нарындагы  Ак-Талаа районунун  кулуну болом. Кесибим журналист, кол өнөрчүлүк боюнча Сүймөнкул Чокморов атындагы орто окуу жайын аяктагам.
– Алдыдагы ой-тилектер кандай?
– Келечектеги  максаттарым, бут кийимдин өзүн эле чыгара бербей, булгаарыдан жасалган кандай буюм болсо да, ошонун баарын сапаттуу кылып жасап чыгаруу. Канчалык сапаттуу жасалса жана баасы да арзан болсо, элимдин чөнтөгүнө үнөмдүү болот. Таза булгаары өзүбүздөн чыккандан кийин, анын пайдасын эл да көргүдөй кылып шарт түзүп беришибиз керек.  Өлкөбүздө 28 район бар эмеспи, ошол райондордон уз кыздарды, уста балдарды чогултуп, кол өнөрчүлүк боюнча мектеп ачып, жасап жаткан бумдарымды аларга да үйрөтүп, бут кийимдерди өлкөгө таратсам дейм. Бул оюмду бир жылдын ичинде ишке ашырсак деген ойлор бар.

Айпери Сыражидин кызы, “Көк Асаба”, 16.05-5.06.2012-ж.

Соц тармактар:

4 thoughts on “Мухамбетали Абдырахман уулу : “Лиондон” кийингим келчү. Анан турмуш ушул өнөргө түрткү кылды”

  • 22.05.2012 at 13:28
    Permalink

    Salamatsyzby! Bul but kiyimderdi kaidan alsa bolot?

    Reply
  • 22.05.2012 at 13:36
    Permalink

    Дүкөнү бар болсо дареги кайсыл жакта болду экен?

    Reply
    • 23.05.2012 at 08:31
      Permalink

      Бул материалды фейсбукка да чыгарып койдук элек. Ал жактан да даректерин издегендер болду. Акыры фейсбукчу Гулиза Авазова дарегин тьапканын билдирди – Guliza Avazova Таптык, Ош базарында Кыялда сатылат экен. Кыялда иниси иштеп, озу болсо кобунчосу уйундо отуруп заказдар боюнча тигет экен.

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.