Арстанбек Сыдыкбеков: “Атам көрөгөч киши болчу”

Түгөлбай ата менен Асылгүл апа

Апта башында, тагыраагы 14-май күнү, кыргыз адабиятынын патриархы Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүндө мемориалдык такта коюлду. Залкар жазуучубуз тирүү болсо бул күнү 100 жашка чыкмак. Салтанатты вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова ачып, кыргыздын көрүнүктүү жазуучулары, Эл жазуучусунун күйөрмандары жылуу пикирлерин айтып эскеришти. Учурдан пайдаланып, жазуучунун тун уулу Арстанбек менен баарлаштык.

– Арстанбек агай, атаңыз тирүү болсо бүгүн 100 жашка чыкмак экен. Мемориалдык тактанын жасалышы купулуңузга толдубу? 
– Бул такта мурда эле жасалып бүткөн. Бирок ар кандай себептерден улам коюлбай келди. Башында өйдө илебиз дешкен, анан жылдырмай болушту. Акыры ушул жерге кадашты. Көркөм сүрөт окуу жайынын бүтүрүүчүсү катары айтып коюшум керек, мемориалдык тактанын жасалышында айып жок. Белгилүү скульптор, сүрөтчү Виктор Арнольдович Шестопал өзү жасады. Эң мыкты эмгектеринин бири болду десем жаңылышпайм. Болгону жазганда кичине ката кетиптир. Силерге байкалдыбы?

– Жок. 
– Жүр, анда көргөзөйүн. “Баатыры” деген сөздү көрүп турасыңбы? Ошонун аягындагы “ы” тамгасы түшүп калыптыр. 1997-жылды, 1977-жыл деп жазып коюшуптур. Канча жылдан бери эч ким ушуну байкабайт. Илгенде көрүп, шашылыш оңдоттук. Турмушта мындай казустар боло берет тура.

– Бул үйдүн долбоорун атаңыз өзү чийген дешет? 
– 1949-жылы атама Сталиндик сыйлык беришти. Атам ал акчага курулуш материалдарын алып, 1953-жылы ушул үйдү тургузган. Немис усталарды жалдап, алар жарым жыл ичинде куруп бүтүштү. Долбоорун баштан-аяк атам өзү чийди. Иванов деген архитектор көрүп, чийменин тактыгына таң берген. Кийин атам “бөлмөлөрдү чоңураак кылсам болмок экен” деп өкүнүп жүрдү.

– Үйгө аттуу-баштуу адамдар көп келсе керек? 
– Белгилүү советтик акын Константин Симонов келип жүрдү. Казак жазуучусу Мухтар Ауэзов Көлгө баратканда жыл сайын биздикине кайрылчу. Иса Коноевич Ахунбаев менен ынак дос эле. Ал киши операциядан кийин үйгө келчү. Анан “Түкө, бирдеме барбы?” деп сурачу. Атам өзү ичимдикти оозуна алчу эмес, ошого карабай үйдө коньяк турчу. Андан куюп берип, экөө түн жарымга чейин сүйлөшүп олтурганын көрчүмүн. Атам сөзгө аябай маани берчү. Көлгө баратканда жолдон улуу киши көрсө, сөзсүз машинеге салып, үйүнө чейин жеткирип койчу. Кээде кежирленип, “Ой ата, токтобой эле кете бербейлиби?” десем, “акмак десе, мен булар менен сүйлөшөм” деп урушчу. Айткандай эле аксакалдардан кыргыздын санжырасын, байыркы баатырлар жөнүндө уламыштарды сурачу. Узун сабак кептин кызуусуна киргенде кете албай ошол жакта түнөп калчубуз. Кайсыл үйгө барбайлы, кой союп коноктошчу.

– Сиз Түгөлбай атанын тун уулусуз да, калган бир туугандарыңыз кайда? 
– Биз төрт бир тууганбыз. Улуусу мен. Менин атымды Арстанбек деп Алыкул Осмонов коюптур. Ал киши атам менен дос экен. Менден кийинки иним – Аскарбек. Жарым жыл мурда көзү өтүп кетти, киши колдуу болуп. Андан кийинки иним – Сабырбек. Акыркы жылдары ыр жазып жүрөт. Эң кичүүбүз Динара илимге оогон. Окумуштуу, психолог, философия илиминин доктору Арон Абрамович Брудныйга турмушка чыгып, эки уул көрдү. Тилекке каршы, Динара да жашоодон эрте узады.

– Атаңыз силерге кандай мамиле кылчу эле? 
– Атам бизди аябай жакшы көрчү. Түшкө чейин бөлмөсүнөн чыкпай иштечү. Ал убакта эч кимибиз тынчын алчу эмеспиз. Түштөн кийинки убактысын бүт биз менен өткөрчү, бакка барчубуз, сейилдечүбүз. Ал кезде шаардагы балдардын баары орусча окуган да. Биз үйдөн орусча сүйлөсөк, жактырчу эмес. “Кыргызча сүйлөгүлө” деп урушчу. “Балдарым табиятка жакын өссүн” дегенби, ушул короого жан-жаныбардын түрүн алып келген. Бир элигибиз бар эле. Чоочун киши көрсө эле мүйүзү менен качырып кирчү. Үйгө келген акын эжекелер:”Арстан, мынабу итти жоготчу, сүзүп атат” – деп чырылдап эле жатчу. Дагы бир сүзөнөөк сур текебиз бир жолу Эркиндик бульварынан качып, вокзалга чейин кетип калды. Ошондо жол кыймылы кадимкидей токтоп, милициянын жардамы менен араң кармагам. 17ге жакын тоту куш бактык. Көбүн үйгө келгендерге белек кылдык. Колдо калгандары кийин өлүп калды. Көрсө, кан жаңыртыш керек экен. Каздар жүрчү, каркылдап. Керемет убак болуптур, эми ойлосом.

– Атаңыз “Көк асабаны” жазганда кысым болгон турбайбы? 
– Атам 33 жашында Сталиндик сыйлыкты алганы менен комсомолго да, партияга да өткөн эмес. Пенсиядан баш тартып жүрүп, 70 жашында чыкты. 60 жылдыгы болгондо Москвадан келген “Эл достугу” төш белгисин алып, биздикилер берген Ардак грамотадан баш тартып койгон. Почта менен жиберишсе, кайра конвертти жаап өздөрүнө салып жиберди. Эмнеге минтип жатканын сурасам, “Көк асабаны” баспай коюшту, түштөн кийинки кур мактоонун мага эмне кереги бар?” деген эле. Атам көрөгөч киши болчу. “Көк асаба” баары бир жарык көрөт” деген. Кийин айтканындай эле болду.

– Атаңыз көзү өтөрдө керээз калтырды беле? 
– Атам көзү өтөрдө: “Мамлекеттен бир тыйын албай ушул үйдү кургам, мен өлгөндө музей кылгыла” деген керээзин айткан. Азыр аны аткарууга аракет кылып жатабыз. Көрүп турасыңар, жаныбызда 12 кабат имарат турат (“Россия” бизнес-борбру – ред.). Бул курулганы күндү тосуп, көлөкөдө олтуруп калдык. Мен кээде “эгер атам тирилип, бул үйдү көрсө, кайра эси ооп жыгылмак” деп тамашалап калам. Акаевдин чиновниктери кылды да муну. Имарат курулуп жатканда аябай эле каршы чыктык. Бирок эч ким бизди укпады. Коркутуулар болду. Дагы жакшы, фамилиябыз белгилүү болгону үчүн кол салышкан жок. Болбосо үйдү түрттүрүп салышат беле.

– Түгөлбай атанын кол жазмалары эмне болду? 
– Үйдөгү шкафта кол жазма түрүндө 10 чактыдай чыгармасы бар. Ошону китеп кылып чыгарууга каражат жок. Бирок, 10-20 жыл ичинде алар сөзсүз жарык көрөт. Эл да руханий азык издейт да бир кезде. Ушинтип эле көр оокат артынан кууп жүрө бермек беле. Атамдын жарык көргөн акыркы китептери “Мен миң жыл жашадым” менен “Бел-белес” болду. Буларды чыгарууга тунгуч президент Аскар Акаев жардам берген. Кантсе да билимдүү киши эмес беле. Жакында эле атамдын артында калган эки уулу, неберелери биригип, өзүбүзчө “Түгөлбай Сыдыкбеков” коомун түздүк.

Түгөлбай Сыдыкбеков

Накыл сөздөр 

Зомбулук – бардык максатты мокотот.

Улуттук кызыкчылык менен улутчулдуктун ажырымы – түн менен күндөй. Бири жарыкка чакырат. Бири караңгылыкка баштайт. Экөө эриш-аркак келгенде, улутчулдукка чек коюлат. Улутчулдукка чек коюлган кезде гана улуттук маданият туура жолдо өнүгөт. Бирок “чек коюу” күч менен болушка тийиш эмес. Себеби караңгы-жарык, оң-сол бирине-бири карама-каршы болуп туруп эле бирине-бири муктаж.

Жакшы китептин чыгышы жакшы заводдун, фабриканын пайда болушуна тете. Демек, жакшы китептин чыкпай калышы ошо жакшы заводдун же фабриканын жок болгону. Ал эми заводду, фабриканы душман гана кыйратат.

Грузин, армян сыяктуу байыртадан басмасы бар калк салтка бекем. Бул – туура. Бирок байыркы жазуусун жоготкондор да салтка бекем. Кишини адепке үйрөткөн жакшы салтты өнүктүрүү пайдалуу. Себеби, ал замандар бою калыптанып келаткан үлгүлүү сабак. Көп муундарга үлгү берген салт бир муунга үлгү бербей калбайт. Демек, адам баласына пайдалуу, кишилерге үлгүлүү салтты тана баштаган кезде – салттын бузулганы эмес, күнүмдүк саясаттын бузукулугу…

Мансапкорго ишенүү – бөрүгө кой кайтартуу. Бөрү тоюнган сайын жутунат. Мансапкор да ошондой: адегенде өз мансабы үчүн ар-намысын сатат. Улам семирген сайын калганын сатат. Анан элин, жерин, энесин да аябай калат…

Жолоочу өз жолунан атайылап адашпайт. Эгерде, ал атайылап адашкысы келсе, анда ал өз башын азапка салат. Анын өмүрү кайгы менен аяктайт. Тарыхый жолдордон адашуу калайыкты туура жолдон адаштыруу. Калайыкты атайылап эле азапка салуу. Бир эл эмес, бир нече элдердин башына кайгы чөгөрүү…

Мындагы өкүнүчтүү нерсе, ошо элдерди кайгыга чөгөргөн зулумдун кылмышы ачык көрүнбөстөн көмүскөдө калат. Көп учурларда ал, эл көзүнө акылман, элчил баатыр өңдөнүп көрүнөт. Тарых бурмаланган кездерде дал ушундай зулумдар жылуу уяда доор сүрөт. Анын акыры унутулгус кайгыны төрөйт.

Бузуку киши өз кылмышын жашыруу үчүн арбакты сөгөт. Өз кылмышын арбакка түртө салат. Себеби, өлүк тирүү зулумдун айыбын ача албайт. Бирок мындагы адилеттик: ошондой зулумдун бетпактыгын калайык оңой эле билип коет. Калайыктын көңүлүндөгү нерсени жок этүү эч кандай зулумдун колунан келбейт.

Ошондуктан, албууттанган зулумдук ал канчалык күчтүү, амалдуу болсо да максатын биротоло жүзөгө ашыра албай өзү кыйрап – тарых алдында абийири төгүлүүдө…

31-май, 1976-жыл

“Де факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.