Канын-жанын отко салган кыргызстандык аталар

Экинчи дүйнөлүк согуш адамзаттын өзүн-өзү жок кылуу мүмкүнчүлүгүн көргөздү. Бул согуштун тарыхый мааниси үчүнчү дүйнөлүк согушту болтурбоосунда жатат. Бирок…

Бирок, ага карабастан, адам баласы ачык физикалык жок кылуунун ордуна дүйнөлүк басып алуучулук саясатын маалыматтык технология менен ишке ашыруу формасына өткөрдү. Бүгүн Мекенди коргоодо биз үчүн интеллектуалдык аскерлерди тарбиялап даярдоо эң башкы жана олуттуу улуттук саясатка айланышы керек. Согуш жүргүзүү жана коргонуу аракетинин формасы өзгөргөнү менен мааниси ошол бойдон калды. Бүгүнкү муун менен ата мекендик согуш убагындагы биздин аталарыбызды жана жердештерибизди бир гана нерсе байланыштырат, ал – Ата Журт эл үчүн болгон сүйүү сезими. Эгер биз, азыркы муун, Кыргыз эли жана жери үчүн аталарыбыздыкындай дымактуу сезимди, жалындаган от жүрөктү, чынчыл-берилгендикти, тайманбаган эрктүүлүктү жана кайратман-кайтпастыкты жоготсок, эгер биз ушул салттык сезим, мүнөзүбүздү өзүбүздөн суутуп алсак, анда биз бул дүйнөгө бекер келдик. Жараткан бизди Элине кызматы өтөбөгөн тирүүнүн өлүгүнө айланган жаштардан сактасын! Дал ушул максат менен кыргызстандык баатырлардын төмөнкү эрдиктерин мисал кылып жүрөгүңүздөргө сунуштамакчыбыз. 

Улуу ата мекендик согушта өзгөчө эрдик көргөзүп, дүйнөгө атагы чыккан 316-аткычтар дивизиясы согуштун жүрүшүн өзгөрткөнгө жетишкен. Бул дивизия менен өзгөчө кыргыздар сыймыктанууга чоң акысы бар.

1941-жылы 6-октябрда Жогорку башкы командалыктын буйругу менен 316-ачкычтар дивизиясы Москва алдына ташталган. Ал жерден К.К. Рокоссовскийдин 16-армиясынын курамына кирет (Батыш фронту). 10-октябрда коргоонуу чегине өтүп, Волоколамскты батыштан жана түштүк-батыштан Руза дарыясына чейин тосот.  16-октябрда Гитлердик армия панфиловчулар коргоп жаткан Волоколамскини көздөй чабуулга өтүп, бул жерге  тандалма мыкты 4 дивизия: 2 пехоталык жана 2 танкалык 200дөн ашык танкаларды согушка салат.

Ноябрдын башында панфиловчулардын эрдиги менен душмандын аскерлеринин биринчи чабуулу токтотулат.

15-16-ноябрда немецтик-фашисттик аскерлер Москваны басып алуу максатында  генералдык экинчи чабуулга өтүп, бул жолкусун 51 дивизия, анын ичинде 13 танкалык, 7 мотордоштурулган жана 31 пехоталык аскерди согушка салган.  Бул салгылашта Волоколамск шоссесинде катуу каршылык күч алат, дал ушул жерде 316-панфиловчулар дивизиясы Москванын алдында  өзүнүн легендарлуу эрдигин жасайт. СССРдин Жогорку Советинин президиумунун буйругу менен  28 панфиловчуга СССРдин баатыры наамы ыйгарылган. Ал эми 316-аткычтар дивизиясы Кызыл Туу ордени менен сыйланат.

Чолпонбай Түлөбердиев, СССРдин баатыры.  1942-жылы 6-августта Воронежде  Дон дарясынын жээгинде душмандын дзотун жок кылуу максатында амбразуранын оозун денеси менен жапкан. Натыйжада, дзот жайгашкан бийиктик советтик аскерлер менен алынган.

Сүйүнбаев. 1943-жылы Дондо советтик танкачылар десант автоматчылар менен аскердик тапшырманы аткаруу убагында душмандын танкачылары жана автоматчылары менен кокусунан беттешип калат. Кармаш катуу жүрүп, эки жак машиналардан чыгып жекеме-жеке күрөк, автоматтын кундагы менен мушташка өтүшөт. Беттешүү учуранда Сүйүнбаев өзүнөн эки келген олбурлуу немецтин астында калгандыгына карабастан, душмандын башындагы каскасын чече коюп, эки колу менен күүлөнүп туруп башын жарган. Беттешүүнүн акырында Сүйүнбаевдин эсебинде 20 фашист жок кылынган. («Известия», 1943, 8-январь.)

Дайыр Асанов, СССРдин баатыры. 1943-жылы 23-мартта Харьковдун алдындагы Пятницкое кыштагы үчүн болгон салгылашууда өзгөчө эрдик көргөзгөн. Ал 4 сааттын ичинде душмандын 8 танка, 6 бронемашинасын жана 40ка жакын фашистти жок кылып, алардын чабуулунун мизин кайтарган.

Жумак Курманов. 1943-жылы 31-январда Сталинград алдындагы салгылашууда сан жагынан көптүк кылган душмандын аскерлери менен жеке беттешүү учурунда 17 фашистти атып өлтүргөн. (Артемьев, А.П Братский «Боевой союз народов СССР в ВОВ». М, 1975, 125-126)

Титов А.А. СССРдин баатыры. 1943-жылы 27-сентябрда Днепрдин жээгиндеги болгон салгылашта душмандын 3 пулеметтук эсебин, 2 танка, 1 пушка, ошондой эле немец аскерлеринин жана офицерлеринин группасын жок кылган.

Г.И. Воедило. 1943-жылы Ростов облусундагы жүрүп жаткан салгылашуу убагында танктын механик-айдоочусу Г.И.Воедило немецтердин 2 миномет, 2 пулемет, бир канча фашистти жок кылган. Жана аскердик тапшырма учурунда штабка «СС»тин эки офицерин колго түшүрүп келген. Кийинки салгылаштын жүрүшүндө Воедило душмандын 2 ПТРин(противотанковое ружье), 2 орнотулган пулеметун, ошондой эле гитлерчилердин группасын атып жок кылган. Майдан талаадагы узакка созулган согуш учурунда танктын механик-айдоочусу Воедило баатырларча көз жумган.

Кубат Жуматаев Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1942-жылы 16-сентябрда  Кавказ үчүн болгон согушта баатырдыктын өлбөс үлгүсүн көргөзгөн. Ал душмандын чабуулун кайтарып жаткан учурда немецтик танкалардын курчоосунда калат. Кубат Жуматаев көз ирмебестен акыркы гранаталарын өзүнө байлап, алдыда келе жаткан бронемашинага боюн таштап, жардырып жиберген.  Мындай эрдик, калган жоокерлерди согушка шыктандырып, натыйжада душмандын мизи майтарылган.(Архив, Киргиз.фил.ИМЛ)

Акын Садырбаев Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. 1942-жыл, декабрь айы. Душмандын дзотун жок кылуу максатында Акын Садырбаев эки жоокерди жетектөө менен амбразурага 7 метр жетпей окопко келип кармашат. Атышуу учурунда душмандын дзотунан окопко келип түшкөн 16 гранатаны  Акын Садырбаев алып кайра дзотту көздөй  ыргытууга жетишет. Он жетинчи граната баатырдын өмүрүн алып түшкөн. Бул эрдиктен кийин калган 2 жоокер советтик кошумча аскерлер келгенчекти 1 сутка тынбай согушту токтотушкан эмес. («Советкская Киргизия», 1943, 14-январь)

Сулайман Жүндүбаев жана Керим Кирбакбаев Кавказ үчүн болгон салгылашта душмандын 6 танкасын жана бир бронемашинаны жок кылышкан. Ошондой эле эрдик менен Тыныбай Бейшенбаев жана Абдыкалык Жумакеев фашисттердин 15 танкасын жүрүштөн чыгарган. Бул гвардеецтердин кылган эрдиги жалпы фронтко тараган.  (Архив, Киргиз.фил.ИМЛ,ф.56, оп 1, д. 982, л. 104.)

Согуш убагында кыргызстандыктардын мекен үчүн жан аябай салгылашып,  душманды жок кылууда көргөзгөн кайталангыс өзгөчө эрдиги жалпы фронт үчүн жоокерлердин дымагын көтөрүүдө чоң шыктануу жана үлгү болгон. Мына ушундай сыймыктуу кыргыз уулдарынын бири Муса Эсенгулов майдан талаада баатырларча курман болгон. Ал согуштун жүрүшүндө өзү жалгыз душмандардын танкаларына каршылык көргөзүп чыккан. Муса Эсенгулов ПТР (противотанковое ружье) менен  2 танкты талкалап, натыйжада өзү да куралсыз калып катуу жарадар болот, бирок ага карабастан кайрат-эркин жыйнап, акыркы күчү менен согушту токтотпостон колуна граната алып, душмандын танкынын алдына боюн таштайт. Жыйынтыгында Муса Эсенгулов  кошо жарылып, душманды токтотуп курман болгон. («Письма с фронта», Ташкент, 1949, 60-62)

Согуш жылдарынын алгачкы жылдарынан баштап өзгөчө Сталинградды коргоодо И.В.Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясында душмандын тирүү күчүн жок кылууда снайперлердин кыймылы кеңири өнүгүп аты чыккан. Ошолордун арасынан өзгөчө чеберчиликке жана эрктүүлүккө жеткен кыргыздын көзгө атаар мергендери Токтогул Шабеков, Алымкул Абибулдаев, Бозжигит Турдубаев жана башкалар өздөрүнүн эсебинде 150дөн ашык гитлерчилерди  атып жок кылышкан.

Дагы бир жоокерликтин мыкты чеберчилигин көргөзгөн кыргызстандык пулеметчик Михаил Тарада Демянскинин алдындагы болгон салгылашта 100гө жакын фашистти атып жок кылган. Мындай эрдиги менен ал душмандын чабуулун токтоткондугу үчүн жогорку сыйлык  – Ленин орденин алган. (ЦГА Киргиз. ССР, 503, оп.)

1942-жылы Панфилов дивизиясындагы ашпозчу Миралкан Сейтекинов өзүнүн эр жүрөктүүлүгү жана шамдагайлыгы менен айырмаланган. Түштөнүү убагында аскерге түшкү тамак жеткирип бараткан учурда Миралкан Сейтекинов кокусунан немецтердин тобуна тушугат, ашпозчу буйдалбастан автоматын оңтойлото кармай душмандын 9 солдат офицерин атып үлгүрөт. Натыйжада калган гитлерчилер качып кутулуп, тамак кечиктирилбестен өз убагында аскерлерге жеткирилген. («Красная Звезда», 1942, 3 ноябрь.)

8-гвардиялык дивизияда Мекен алдында кызмат өтөгөн жердешибиз Степан Виноградов согуш талаасында үч жолу жарадар болгондугуна карабастан, душмандын 53 солдатын жок кылып, 12 гитлерчини колго түшүрүп туткундап келген.

Ашырбай Коенкөзов легендарлуу чалгынчы, кыргыздын чыгаан уулу.  31-декабрда 1943-жылы Псковдун алдында душмандар менен болгон катуу салгылашта баатырларча курман болгон. Ашырбай Коенкөзов согуш жылдарында эле аты чыккан белгилүү панфиловчу болгон. Ал аз убакыттын ичинде 138 фашисттик солдат офицерлерин жок кылып, 15 «тил» туткунга түшүрүп, кармап келген. 1943-жылы декабрь айынын ичинде эле Ашырбай Коенкөзовдун чакан тобу душмандын 10 эшелонун жүрүштөн чыгарып, 10 паравоз жана фашисттердин тирүү аскерлери менен 20дан ашуун вагондорду жардырып жок кылышкан. (Соловьев П.Ф. «Солдаты Родины любимой», Фрунзе, 1974, с. 372.)

Иван Немцев, СССР баатыры. 1943-жылы «Безымянная» бийиктиги үчүн болгон кандуу салгылашта 25 фашистти жок кылып, 6 солдат жана 1 офицерди колго түшүргөн. Контратака учурунда жердешибиз Иван Немцев пулемет менен душмандын 2 взводун талкалаган. Кармаш учурунда 2 жолу жарадар болгонуна карабастан, душманды сүрүп чыгарууда акырына чейин туруп берген.

Анварбек Чортеков, СССР баатыры. 1943-жылы Днепрдин батыш жээгиндеги плацдарм үчүн болгон согушта, кайтпас эрдиктин бийик үлгүсүн көргөзгөн. Ал душмандын 4 жолку чабуулун токтотуп, 30дай гитлерчини жок кылар замат, душман ээлеген бийиктикти колго алган. Анварбек Чортековдун чыдамкайлыгы жана эрктүүлүгү менен фашисттер артты көздөй чегинүүгө аргасыз болушкан.

Садык Алиназаров, СССР баатыры. 1943-жылы плацдармды коргоо учурунда 42 сааттын ичинде 21 фашистти атып, душмандын 2 офицерин колго түшүрүп келген.

Алексей Кривощеков, СССР баатыры, кыргызстандык атактуу минер. 1943-жылы Курск алдындагы салгылашта душмандын мина коюлган талаасын ачып, советтик аскерлердин жылышына шарт түзгөн. Сержант Кривощеков аскердик эрдиктин мүнөздөмөсүндө белгиленгендей, ал бардыгы болуп өзү жалгыз 2315 минанын жарылуусунун алдын алып чечкен. (С.К. Керимбаев, «Советский Киргизстан в ВОВ», 1941-1945)

Жапар Жабаев 1942-жылы Курск алдындагы салгылашууда партизандык кыймылдын катарын толуктаган. Ал мыкты чебер жоокер, согуш учурунда эр жүрөктүүлүгү менен айырмаланган. Кармаш учурунда душмандын 5 аскерин колго түшүргөн. Салгылаш учурунда душмандын орнотулган пулеметтук эсебине жете барып фашисттерди атып жок кылган да, пулеметун тартып алган. Кийинки кармаш учурунда гитлердик чоң гарнизонго биринчилерден болуп кирип барып 9 фашистти жок кылган, дал ошол салгылаш учурунда Жапар Жабаев баатырларча курман болгон. («История Киргизской ССР», т.2, с. 114-115)

Казак Жаркынбаев, СССР баатыры. Днестрдин жээгиндеги болгон салгылаш учурунда 45-миллиметрлик пушка менен душмандын 2 пулеметтук эсебин жана 25тен ашык фашистти жок кылган. Душмандын 5 чи чабуулун Казак Жаркынбаев пулемет менен 12 гитлерчини атып отуруп токтоткон.

Жумар Асаналиев, СССР баатыры.   1944-жылы  душмандын аскерлерине аз сандагы ок жана гранаталар менен  туруштук берген. Ал орнотулган пулемет менен фашисттердин биринчи чабуулун токтотот, душман өзүнүн 20 аскерин жоготуп чегинүүгө мажбур болот. Бирок Жумар Асаналиевдин жалгыз экенин билип калган гитлерчилер советтик жоокерди тирүүлөй кармап алууну  көздөшөт да, кайрадан күчөтүлгөн чабуулга өтүшөт. Акыркы гранаталарын колго алган Жумар Асаналиев курчап алган душмандарды жардырып, өзүн кошо курмандыкка чалган.

Токубай Тайгараев 1944-жылы 10-июлда душмандын коргонуу чегин биринчилерден болуп бузуп кирген. Фашисттердин траншеясына кирип барып 10 немецти атып, 5 фрицти колго түшүргөн.  Согуштун экинчи күнүндө душмандан тартылып алынган бийиктикти коргоодо чоң эрдик көргөзгөн. Ал өзү менен кошо 3 аскер менен жалгыз калып, акыркы окко чейин салгылашкан. Бирок, ага карабастан душмандын чабуулу токтогон жок. Жарадар болгон Токубай Тайгараев акыркы гранаталарын колго алып, гитлерчилердин тобуна кирип барып жардырган, натыйжада Тайгараев баатырларча курман болуп фашисттердин жүрүшүн токтоткон.

Кочкор Мурзакаримов душмандын танкасын жүрүштөн чыгаруу убагында эки жолу ийининен жарадар болот, бирок, тайманбас эрктүүлүгү Мурзакаримовдун демин сууткан жок. Фашисттердин экинчи чабуулунун мизи кайтарылгандан кийин колго курал кармай турган 3 гана жоокер калат. Кийинки чабуул өтө катуу жүрүп, Мурзакаримов бул жолкусун пулеметуна снаряд тийип башынан жарадар болот. Өзү жалгыз калган кыргыздын чыгаан баатыры көзү көрбөй калса дагы акыркы гранаталарын чогултуп, душманды көздөй ыргытып жатты. Күч тең эмес эле, Мурзакаримов акыркы гранатасын бооруна алып, күчүн жыйнай жабылып келген немецтерди көздөй өзүн жардырып жиберген.  Натыйжада катуу жардыруудан кийин согуш талаасы тынчый түшөт. Куткарууга келген советтик артиллеристтер офицер Кочкор Мурзакаримовдун денесинин жанынан  өлүп жаткан 96 гитлерчини санашкан. Мындай эрдик фашисттердин акылына сыйган эмес, кыргыздын чыгаан уулдары Мекен үчүн жанын курман кылып, баатыр ата-бабаларынын жолун жолдошкон. («Советская Киргизия», 1945, 21 января.)

Калыйнур Үсөнбеков, СССР баатыры.   Согуштун акыркы жылдарында дагы кыргызстандыктар жан аябай салгылашышкан. Бир жолку жеке беттешүүдө Калыйнур Үсөнбеков 7 немецти бычактап, душмандын 2 аскерин колго түшүрүп келген.  («Герои Советского Союза – киргизстанцы», с. 204-206.)

Даярдаган Айбек БАЙЫМБЕТОВ, “Көк Асаба”, 16.05-5.06.2012-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Канын-жанын отко салган кыргызстандык аталар

  • 02.10.2012 at 14:27
    Permalink

    Атамдын агасы Айткулуев Акимкан 1916-жылы, Ысык Көл районунда Темир айылында туулган 1939-жылы совет-фин согушуна өз ыктыяры менен кеткен, Фрунзеде медтехникумда окуган. Акыркы каты талаа госпиталдан келген,1942-жылы энесине “жоокер дайынсыз жоголгон” деген кара кагаз жеткирилген. Ошол бойдон чоң атабыздан кабар болгон жок, издеп жатабыз, эгерде Фрунзе асеркомиссариатынан 1939-жылы согушка кеткендердин балдары-неберелери интернеттен ушул катты окуп калсаңар, чоң атаңардан сурап көргүлөчү, көлдүк Айткулуев Акимкан деген жигит жөнүндө, атабыз үйлөнгө да үлгүрбөй калган, артында туягы жок…Эрдигин айтып, эстеп, муундарга эскерүү калтыруу үчүн издешип коюууңарды өтүнөм.Кундуз

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.