Алишер Тоотаев “Күтүшкөн күндөрүн” кимге арнаган?

– “Күтүшкөн күндөр” аттуу ырыңыздын тарыхына токтоло кетсеңиз?
– Бул ырдын сөзү акын Минавар Мамасыдыковага таандык. Минавар эже менин айылым жөнүндө жазылган “Ачык койчу эшигиң” аттуу ырымды угуп, жактырып калып, мен бир ыр жазгам, ошого ушу ырга окшоштуруп обон жазып бербейсиңби деп “Күтүшкөн күндөрдүн” сөзүн мага берди. Ал ырдын тексти колума тийгенден кийин бир аз жерлерин оңдоп, Ош шаарындагы мамлекеттик университетинин искусство факультетинине барып, фортепьянодо ойноп жазгам. Бирок биринчи чыгарган обонумду жоготуп жибергем. Себеби, ал кезде диктофон жок же жаныма дептер, ручка салып албаптырмын. Ошол себептен,нотасын кагаз бетине түшүрө албай калгам. Азыркы ырдалып жүргөнү экинчи обону. Негизинен, көпчүлүк адамдар ушул ырыңды жашооңдон алып жазгансыңбы деп сурай беришет. Бул ырдын саптары менин жашоомо тиешеси жок. Башымдан орчундуу деле күндөр өткөн жок, бул жөн гана акындын сөзү. Мен буга обон эле жараткам. Ошондой эле бул ырды эч кимге арнаган эмесмин. Минавар эже менден бир топ жаш улуу болгондуктан, бул ырдын жазылыш себебин сурай алган эмесмин. Мага бул ырдын айрыкча “Жаштыгымда ойлобопмун мындайды” деген сабы аябай жагып калган. Анткени, студент болуп жүргөн кезде эч нерсени деле этибар албай жүрө берет экенбиз да.

– Чыгармачылыкка кандайча аралашып калдыңыз?
– Атам Теңизбай мектеп жашыма чейин элдик оозеки терме, санат ырларын мага жаттатчу. Кийин тамга тааныгандан кийин ырларды өзүм жаттап, кичине кезимен эле ырга жакын өстүм. Мектепте окуп жүргөндө чоң агаларыбыз комузчулар Токтомуш Насыров, Турдубек Атабаевдерден комуз үйрөндүм. Негизинен, атам Теңизбай Тоотаев дагы ыр жазат. Чыгармаларынын басымдуу бөлүгү арноо ырлары. Сүйүү ырларын такыр эле жазган жок. Азыр болсо, дин жолуна түшүп, ыр дүйнөсүнөн алыстап кетти. Мага ыр жазып берңиз дейин десем динге жакын болуп, ыр жазбай калды.

– Сиздин калемиңизге таандык ырлардан кайсы ырчы аткарып жүрөт?
– Менин ырларымды азыркы тапта көптөгөн ырчылар аткарып жүрүшөт. Алардын арасында Роза Шакирова “Айрылуу” деген ырымды “Өкүнүч” деп атап алып ырдап жүрсө,Санжар Бердибеков “Сагыныч” деген ырды аткарууда. Ал эми “Күтүшкөн күндөрдү” Алтынай Нарбаева ырдап жүрөт. Мындан сырткары, Оштогу көптөгөн ырчылар да менин чыгармаларымды аткарып жүрүшөт.

– Акыркы учурда көрүнбөй калдыңыз, эмне менен алек болуп жүрөсүз?
– Оштон Бишкекке көчүп келгениме үч жыл болуп калды. Ошол үч жылдан бери үй салып, курулуш иштери менен алек болуп жүрүп чыгармачылыктан бир аз алыстап кеттим. Быйыл курулуш иштери аяктады, эми чыгармачылыкка биротоло киришем. Чыгарма жаратууда жоопкерчилик ошол чыгарманы аткарууга караганда бир топ жогору экен. Чыгарма жаратыш үчүн нөлдөн башташ керек. Бир чыгарма жаратуу үчүн ага текст жазып, аны обонго салып, элге тартуулагычакты бир топ убакыт көп өтүп кетип, аткаруучулардан бир аз артта жүрөт экенсиң.

Жылдыз Мамбеталиева, “Обон” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.