Эрмек Мойдунов, Кыргыз эл артисти: “Болот Миңжылкыевдин жанында ырдагандан уялчумун…”

– Агай, баарлашууну фонограмманы жоюудан, Көркөм кеңештин түзүлгөнүнөн баштасак. Буга жаш ырчылардын көбү нааразы. Сизчи?
– Фонограмма Кыргызстанда эле калды, андыктан аны жоюш керек. Көркөм кеңештин жоктугунан ушундай акыбалга кептелдик да. Мисалы мен 45 жылдан бери жандуу ырдап, экзамен берип келатам. Азыркылар экзамен бербейт да. Мен Көркөм кеңешке макулмун, бирок жыйынтык чыкпайт. Себеби, Жогорку Кеңешке арызданып барып жаткандар көп. Түшүнбөгөн депутаттар аларды колдоп жатышпайбы…

– Азыркы ырчылардан кимди жактырасыз?
– Эч кимди. Мага таарынышса таарына беришсин. Кыйын болсоң Болот Миңжылкыевдей, Токтонаалы Сейталиевдей ырда! Мен Болот Миңжылкыев менен гастролдоп барганда анын жанында ырдагандан уялчумун.

Бектемир Эгинчиевдин “Айнагүл” деген ыры бар го. Ошол ырды оркестр менен бейкапар ырдап жүргөм. Анан эле бир күнү ал ырды радиодон башка бирөө ырдап жатат. Жакамды кармадым, үнү тимеле укмуш! Азыркы тил менен айтканда, мен өчүп эле калдым. Эртеси маэстро Асанкан Жумакматовго барып, “Кечиресиз, “Айнагүл” деген ырды мен экинчи ырдабайм. Бектемир Эгинчиевдин деңгээлиндей ырдай албайт экем. Анын ырдаганын угуп алып уялып калдым”, – десем, маэстро бир чети таңгалып, бир чети ыраазы болгон. Азыркыларда ыйман жок. Уялышпайт. Ал ырга алы жетеби, жокпу, айтор, ырдай беришет.

– Мисалы сиз кайсы ырды деңгээлине жеткире ырдай алдым деп ойлойсуз?
– “Эне жөнүндө баллада” аттуу ырды 1967-жылы мен ырдап чыккам. Менден кийин 16сы ырдады. Бул жерде кеп Мойдуновдо эмес, жетимчиликте. Мен жетимчиликтин азабын аябай тарткан адаммын. Бул ырды жетим адам ырдаса элдин жүрөгүнө жетет. “Эстелик” деген ырды да мендей ырдай алышпайт. Шекербек Шеркулов досум болчу. Азыр андай комузчу жок. Ал сүйлөгөндө акындар унчукпай турчу. Төлөш Турдалиев комуз менен укмуш ырдачу. Көрсө, булар Атайдан сабак алышкан экен. Мыскал эжедей ким ырдай алат? Кана, айтчы, ким?

– Кенже Кубатованы айтып жүрүшөт го?
– Ой, айланайын, мен өлө элекмин, тирүүмүн го. Менин көзүм турганда минтип айтпагылачы… Ошентип айткандар менен мени беттештирип койчу, айланайын. Алардын бетине эле айтам. Калыстык керек да. Өз салмагыңды, ордуңду билген жакшы. Азыркылар туугандарын, тааныштарын, кошуналарын чакырып концерт берип жатышпайбы. Анан алар гүл берип, “укмуш ырдайт экенсиң” деп жатса, укмуш экем деп көөп жатышпайбы.

– Сиз деле убагында көпсөңүз керек?
– Абдан көпкөм. Өзүмдү эч кимге теңебей, учуп эле калгам. Негизи адам өмүрүндө бир жолу көбөт экен. Жаш кезекте кылгандын баарына Кудайдан кечирим сурап жатпаймынбы. Көп жылдан бери беш маал намазга жыгылып келем. Аракты таштаганыма быйыл 17 жыл болду. Ошондон бери оозума ала элекмин. Жайы-кышы кымыз ичем. Дегеле арактан жыргаган адам жок. Таланттуу адамдардын көбү ушундан кетип калышты да.

– Кечиресиз, намазга жыгылгандар “ырдаганга, сүрөткө түшкөнгө болбойт экен” деп ырчылыкты таштап кетип жатышат го…
– Чыны Алла таалам ырчыларды жаман көрөт экен. Куранда: “Ар бир инсан өзүнүн колунан келген иште иштеп үй-бүлөсүн баксын” деп жазылган жери бар. Менин колумдан келген ырчылык кесип менен үй-бүлөмдү багып келатам. Эки уулум бар. Эжеңер Жаркын да намазга жыгылат.

– Сахнада башкы ролду дирижер ойнойбу же ырчыбы?
– Сахнада башкы ролду дирижер эмес, ырчы ойнойт. Оркестр токтосоң токтойт, жайласаң жайлайт. Бат кетип калса, дирижерге акырын шыбырап же карап коем. Сенин ар бир кыймылыңды жакшы түшүнгөн улуу дирижер Асанкан Жумакматов болчу. Ал киши менен ырдаш оңой болчу. Ушунча сезгич эле да.

– Сиз канча деген Маданият министрин көрдүңүз. Кимисинин иши жакты?
– Кыргыз Эл Баатыры Күлүйпа Кондучалованын. Бул кишидей кыйын министрди көргөн жокмун.

Маектешкен Назира Саалиева, “Де факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.