Кыргыз совет адабият таануусунун акыркы адабиятчысы

Адам өмүрү кызык тура, гүлдөп турган мезгилинде бу жалган дүйнөгө түркүк болчудай, дайыма эле ушул боюнча туруп турчудай, акылы ашып-ташып, бардык нерсе айтканындай боло берчүдөй, чындыкты чыркыратып колуна кармап туруп анан башкалар менен сүйлөшүп жаткандай баам-туюм менен жашаса, качан убакыт келип, карылыкка моюн суна баштаганда гана бу жарыкчылыктын уучталган колдон куюлган cуудай кетип бара жатканын сезип, артка бир кайрылып, жасаган эмгегин, кимдерге жакшылык кылып, эмне иштерди аткарганын көз алдынан өткөрүп, акын Арстанбек айтмакчы “устаранын мизинде оодарылган дүнүйөнүн” ыргагында жетишкен ийгилиги менен жетишпей калган кыял-ceзимдеринe байырлап, бир көз ирмем артка кылчайып караганда убакыт “издеп” калат экен. Менин агайым Абдыкадыр Садыков да ушул көз ирмем абалда турат деп элестетип, чын дилден ушул макаланы арнап коюуну туура көрүп отурам. Ага себеп бар, анткени агайым быйыл адам өмүрүнүн бийик серелеринин бири сексен жашты багындырып (ага жеткен да, жетпеген да бар экендиги анык), көп жылдардан бери жан дүйнөсүндө калыптандырган, айтчу сөзүн айтып, аткарган иштери үчүн укчу сөзүн угуп койчу мезгилде турат. Агайым айтчу сөзүн “А. Садыковдун санжырасы” менен “Шакирттерим” аттуу эскерме китептеринде айтып, эми укчу сөзүн өзүнүн шакирттеринен күтүп жатканы белгилүү.

Адам канча көп болсо, сөз ошончо көп дегендей, шакирттери агайы жөнүндө ар кандай шартта, ар кандай жерде айтчу сөзүн даярдап жатса керек, мен агайым тууралуу элден жашыра турган сөзүм жок болгондуктан, жан дүйнөмдө жүргөн кебимди минтип гезит бетине, коомчулукка жарыя кылып айтайын деп чечип отурам. Анткени, анын мага кылган жакшылыгы, минтип коомчулуктун алдында кыйкырып айта тургандай эле болгондуктан, бүгүн сексенге келип, кимге эмне жакшылык кылганын өз оозунан угууга кумар болуп турганда, айтпай калсам Теңирдин өзү деле мени кечирбейт болуш керек…

Сөз башынан болсун. Мен буга өзүнчө токтолуп жатканым, ал агайымдын элде жок жакшы сапаттарынын бирин – адабият үчүн, анын өнүгүүсү үчүн кам көргөн айкөлдүгүн көрсөтүп турат. Маселен, кежир, каяшачыл баланы башкалар эмес, өзүнүн атасы менен энеси да жакшы көрбөйт эмеспи. Чынында менде ошондой каяшачыл сапат бар экендигин өзүм да жакшы билсем да, аны ушул мезгилге чейин оңдой албай келем. Агайым менен таанышканыма, жакындан алака-катыш түзүп байланышканыма да ушул сапатым себепкер болгондуктан, ага өзүнчө токтолбой кетүүгө болбойт. Анткени, кыргыз адабияты тууралуу, андагы айрым сүрөткерлер жөнүндө, деги эле көркөм-эстетикалык аңдаштыруу маселеси боюнча жетелеме көз карашка баш ийбеген касиетимен улам, ошол мезгилде кыргыз адабият таануу илиминин “көзүрү” болуп турган К. Артыкбаевдин “тырмагынын” алдынан чыга албай, эмне кылаарымды, кантип кандидат болоорумду билбей жүргөн маалда агайым өзү биринчи мага “кол сунуп”, кандидат болуу үчүн диссертация жазуу гана эмес, коомдук-социалдык жактан айрым бир процедуралардан “өтүүгө” жол көрсөтүп берди. Бул жерден, б. а. агайым көрсөтүп берген ушул “жол” аркылуу басып кандидат болгондон кийин эки нерсени баамдадым. Биринчиси – окумуштуу болуу сөзсүз эле ачылыш жасоо эмес экендиги болсо, экинчиси – залкар окумуштуулар деле пендечилик менен жашап, социалдык кызыкчылыктарга көз каранды боло тургандыгы.Окумуштуулардын эстетикалык табити социалдык кызыкчылыктарга көз каранды боло тургандыгын

улам жыл өткөн сайын тереңдеп баамдап, алгач ага совет мамлекетинин жаттама саясаты күнөөлүү десем, “кайран СССР” кулап, “жапайы капитализм” шыпылдап Кыргызстандагы ар бир үйдү аралап келгенде, бир мезгилде партиянын токтомуна негизделип сын же адабият таануу боюнча “фундаменталдуу” илимий эмгек жазгандар мурдагы көз караштарынан “ойт берип”, адашып жүргөндөй түр көрсөтүп, эч нерсе болбогондой, капитализмди жылмая тосуп алгандарын көргөн маалда кыргыз окумуштууларынын “диалектикалык жан дүйнөсүнө” дагы бир таң берген элем. Буга мынчалык басым коюп токтолуп жатканым айлана-тегерегинде жүрүп, “кыпкызыл” партбилетке “таянып”, бирди жарым жазмакерге саясатташкан мазмунда акыл үйрөтүп, кантип жазуу керектигине карата кеңеш берип жүргөн адабиятчылардын дээрлик баары “жапайы капитализмди” карай өтүп кеткенде, бир мезгилде ичкен ашына, берген сыйлыктары менен наамдарына түкүрбөй, эсил кеткен СССР менен бирге калып, могикандын акыркы адамындай болгон агайымдын позициясына бүгүн чын дилден ыраазы болуп отурам.

Агайым, агайым эле дейт, деги “Абдыкадыр Садыков” ал ким деген ой азыр окурмандардын жүрөгүн өйүп тургандыктан, анын сексен жылдык баскан жолуна баам салып, буга чейин аткарган иштерине токтолуу менен түшүндүрөйүн. ХХ кылымдын 30-жылдары совет бийлиги өзүнүн саясый багытын аныктап, эл душмандарын “жоюп”, М. Горькийдин калеми менен “соцреализмди кабыл алып” калыптандырган болсо, А. Садыков анын баарын эне сүтү менен оозанып, азыр да ошол түшүнүгү менен жашап келе жаткан адабиятчы. Кыргыз совет адабияты совет бийлигинин, коммунисттик режимдин түздөн-түз жараткан туундусу болсо, кыргыз адабият илиминдеги А. Садыковдун илимий-теориялык ишмердиги да дал ошондой эле кайталангыс социалисттик көрүнүш. Жазган эле эмес, бүтүндөй туруш-турпаты, табияты менен дал ошондой коммунист.

Албетте, өткөн кылымдын 50-60-жылдарында келген адабий илимдин жаңы мууну өзүнөн мурдагылардын бирин билбей, баарын жаңыдан баштоого аргасыз болуп, Москвадан, Ленинграддан алган “билимдерине” таянып, жаңы толук өздөштүрүлүп бүтө элек көз караштар менен илим “жарата” башташкан болсо, А. Садыков да ушул мезгилде абдан активдүү эмгектенген окумуштуулардын катарына кирет. Чынын айтыш керек, алган билими, адабиятты кабылдоо табияты боюнча бир аз гана өйдө-ылдыйы болбосо, ак тооктун жөжөсүндөй окшош көз караш менен таалим-тарбия алган ошол мезгилдин муунуна мүнөздүү көрүнүш А. Садыковдун жазгандарын башкалардан айырмалай турган сапатка ээ кылбаганы менен анын кемчилдигин да так көрсөтүп берүүгө мүмкүнчүлүк түзө алган эмес. Бирок, ошол мезгилдеги жоон топ адабиятчылардын ичинен А. Садыков совет мамлекети аныктап койгон сыдыргы менен сыдырылгандай саясатты башкаларга салыштырмалуу эрте баамдаган да, көркөм адабияттан сыйпалаган кишиге да даана байкала турган маселеси традиция менен жаңычылдыкты (“Алыкул Осмоновдун поэзиясындагы традиция жана новаторлук”) жазууга киришкен. Алыкул Осмоновдун поэзиясы жөнүндө ошол мезгилде Ш. Үмөталиевдин, Р. Кыдырбаеванын монографиялык изилдөөлөрү жарыкка чыгып, кыргыз адабият илиминде, адабий сында туруктуу жана ырааттуу көз караштардын пайда болушу, А. Садыков тарабынан иштеле баштаган проблеманы туура кабылдоого, болгондо да тажрыйбасыз жаш адабиятчынын көз карашы менен ийгиликтүү жазылышына себеп болгондугун эске албай коюуга болбойт. Тактап айтканда, көп жагынан адабий коомчулуктун “даяр” көз карашы калыптанып, айрым бир чыгаан адабиятчыга гана белгилүү ньюанстарды берүү максатында эмес, күтүүсүз да, опурталдуу да ойлордон алыс турган ишти чыгаруу багытын көздөгөн маалда бул изилдөөнүн жаралышы шыр кеткен жол экендигин айкындап көрсөтөт. Адабий процесске көз чаптырганда, ошол жылдары, б. а. 50-жылдардын экинчи жарымынан баштап, айрыкча поэзияга кызыккан кыргыз жаштарынын арасында Алыкул Осмоновдун аты сыйкырдуу күчкө ээ болуп, мурда эч качан болуп көрбөгөндөй мартабага жетип, акындын поэзиясынын кемчилдигин эмес, жакшы жактарын издөө өзүнчө бир адабий көрүнүшкө айланып бараткан учурга туш келгендиктен, жаш адабиятчы А. Садыковдун илимий-теориялык ой жүгүртүүсү адабий коомчулукта оң кабыл алынган. Антпесе, мурдагыларга окшошпой, оригиналдуу эмгек жазуу милдетин башкы орунга коюп караганда маселенин маңызынын ачылышында бир топ талаш-тартыштуу ойлор болуп, өзгөчө улуу акындын адабий мурасынын айланасында түзүлгөн ушундай атмосферанын кырдаалында ал жөнүндө объективдүү, сергек илимий “электен” кылдат өткөрүлгөн олуттуу окумуштуулук боюнча бир катар полемиканын болушу мыйзамченемдүү көрүнүш эле.

Мен муну азыркы ХХI кылымдагы адабий чен-өлчөм менен баалап, учурда калыптанган илимий-теориялык көз карашка таянуу менен айтып жатам. Тактап айтканда, ал жылдарда советтик адабият таануу илимине мүнөздүү көрүнүш салт жана жаңычылдыкты саясый маселе катары карап, өзгөчө саясый “өң-түс” берүү менен түшүндүрүп келгендигинде турат. Буга чейин бул багытта ойлор ачык айтылбаса да, изилдөө темалары катары бул багытта изилдөө иштери жүрө тургандыгын эсепке алсак, төмөнкү кырдаалдарга аз болсо да токтоло кетүү жөндүү болуп тургансыйт. Коммунисттик көз караш, лениндик эстетикалык эреже боюнча “салт” “жаңычылдык” деген түшүнүктөрдүн өзүн белгилүү гана канондордун чегинде кароо андан алчу натыйжага “ортодоксалдуу” аныктама берүү аны ар бир элдеги, ар бир улуттагы “эки маданият” жөнүндөгү лениндик окууга таяп, анын “мазмунун” социалисттикке чыгарып, формасын “улуттук” көрүнүштөн издеп, курандын аятындай туруктуу формулага айландырып берген сынчыл партиялык позициядан кароого түздөн-түз милдеттендирген көз караштын чегинде мамиле кылышы талаш-тартышты туудурбай койбойт болчу.

Бирок А. Садыковдун окумуштуулук “старты” ошол доор менен караганда туура жолго коюлган, б. а. ал темирдей бекем саясий позицияны кармап тургандыктан, улуттук адабият үчүн, жазмасы революциядан кийин башталган улуттук көркөм-адабий ойлоонун калыптануусу үчүн бир топ талаш-тартышты пайда кылып, байыркы элдик мурасты ар бир акындын өздөштүрүүсүнө карай багытталган терең изилдөө менен кылдат мамиле жасоого болгон багыттары бир топ сын пикирлерди жаратмак. Алыкул Осмоновдун поэзиясынын мисалында традиция жана жаңычылдык проблемасын ачып көрсөтүү өтө татаал маселелерден болгондуктан, аны илимий-теориялык жактан туура “чечүү” үчүн жаш окумуштуу бир гана ушул саясый багытты тандап алмак, башка көз караштар оңойлук менен мындай ийгиликтүү чечилбейт болчу. Көрүнүп тургандай, Алыкул Осмоновдун көркөм мурасына болгон мамилени түп-тамырынан бери өзгөртүшү (элүүнчү жылдардын экинчи жарымынан тартып, “ажиотаждын” башталышы), ушул маселеге кандайдыр бир даражада катышы бар окумуштуулар арасында тымызын ички карама-каршылыкты пайда кылып, ар кимиси анын чыгармачылыгына карата өз пикирин айтууга дилгирленип жаткан маалда табиятынан нукура сөз чебери болбогон А. Садыковдун позициясынын, б. а. адабиятчылык ишмердигинин жакшы башталышы экендигин толук туюндурат. Ошол мезгилдеги кыргыз поэзиясында “традиция” жана “жаңычылдык” маселеси Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгындай ачык, даана көрүнгөндөй эч бир акында орун албагандыгы окумуштуулардын бүйрүн кызытканы менен жаш изилдөөчү А. Садыковдун акындын чыгармачылыгында көрүнгөн “традиция” жана “жаңычылдык” маселесин коомдук-саясый аспектиде карашы тыңсынган адабиятчылардын бир тобунун оозун жап кылгандыгын бул жерде айтпай кетүүгө болбойт. Анткени, аны ар тараптуу изилдөөгө боло турганын ар кимиси жан дүйнөсүндө сезип турса да, А. Садыковдун адабий изилдөөсүндөгү илимий түйүндү кармап турган саясый позицияга эч ким каршы тура албай тургандыгын аңдаштырууга тийишпиз.

Абдыкадыр Садыковдун илимий “старты” “эмгектүү кулда чарчоо жок” принцибин өзүнүн жашоо кредосуна айландырган позицияда улантылды. Дал ошонун натыйжасында өтө натыйжалуу иштер аткарылды, б. а. А. Садыков “традиция жана жаңычылдык” темасынан түз эле “улуттук жана интернационалдык” проблемасы аркылуу улантты. Бул проблема азыр адабий-коомчулук үчүн андай деле таасирдүү болбогону менен саясый мүнөз күткөн “СССР элдери” үчүн өтө актуалдуу болуп, “көп улуттуу” совет адабиятынын борборунда турган “көйгөйлүү” проблемалардын бири болуу менен бирге саясый көз карашы жетик адистердин иштеп келгендигине бул заманда жашаган эч кимди күмөн туудурбай тургандыгы белгилүү. Мындай болушка тарыхый мыйзамченемдүүлүк коомдук-социалдык негиз бар десек жаңылышпайбыз. Совет бийлигинин, коммунисттик партиянын аздектеп көзөмөлдөгөн саясаты СССРдин аймагында жашаган улуттардын, элдердин биримдигин, достугун сактоого, улам чыңоого максаттуу түрдө багытталганы, бул идеяга бүтүндөй күндөлүк иш-аракеттери, үгүттөө пропагандалык чаралар тынымсыз жүрүп турганы, акыры келип СССРдин территориясында жашаган жүздөгөн улуттар, элдер өз атынан аталса аталып, аталбаса жалпы жонунан “совет эли”, ал эми конкреттүү адамдары болсо “совет адамы” деген атка конгону табыйгый, законченемдүү тарыхый окуя катарында кабыл алынган болсо, алардын баарына мүнөздүү бул сапаттар адабияттан орун алган болсо ал баары адабият таануу илиминен орун алмак. Ал эми А. Садыков аны ийгиликтүү аткара алды жана ошол турушу менен “советтик” көз карашы менен калды.

Кыргыз эли жашап турган маалда “совет адабияты” эч качан тарыхтан өчпөйт, сиз жасаган иштерге карата ар ким ар кандай пикир айтса да, эч ким өчүрө албайт. Сиз менен “советтик кыргыз адабият” таануу илими жыйынтыкталат деп ойлойм. Анткени, “соцреализм” жөнүндө сизден башка эми эч ким жазбайт.

Адабиятчы Болотбек Акматов, “Көк Асаба”, 16.05-5.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.