Нурбол Айткулов: “Теңине албагандар кийин “кыргыз калпагыңды сат”деп жабышты”

Бурсадагы мелдештин катышуучулары. Сүрөт http://avdet.org сайтынан алынды

Учурда кыргыз бел-боо күрөшү дүйнөлүк спорттук аренага кошулду. Бул күрөш менен машыгып келе жаткан Кыргызстандын он жолку чемпиону, эл аралык турнирдик мелдештерде үч ирет чемпион болгон спорттун чебери Нурбол Айткулов менен маектештик.

– Менин билишимче, бул күрөш менен машыккан балбандар өлкөбүздүн ичинде гана мелдештерге катышчу. Ал эми чет мамлекеттерден келген чемпионат же Азиялык оюндарга чакыруу кагазы келгенде биздин балбандар бара албай калган учурлар көп экенин айтышат. Бул маселе азыркы тапта чечилдиби?
– Аталган күрөш спортунда кыска мөөнөттүн ичинде абдан чоң өзгөрүүлөр болуп кетти. Башкача айтканда, быйылкы жыл биз үчүн жеңиштүү жана жемиштүү башталды десем жаңылышпайм. Анткени, аталган күрөш боюнча февраль айында Түркия мамлекетинин Бурса шаарында эл аралык турнир өтүп, ал жактан бизге да чакыруу кагазы келген эле. Кыргыз күрөш федерациясынын президенти жана машыктыруучубуз бул ирет да аталган таймашка бизди катыштыруу үчүн аракет кылып спорт агенттигине каржы маселеси тууралуу кайрылган. Ал жактан Кудай жалгап каражат жок дебестен, колдон келген жардамын берип, аталган чет элдик турнирге алгачкы жолу барып катышып калдык. Эми буюрса ушул жылдын сентябрь айында да бел-боо күрөшү боюнча Казакстандын Астана шаарында Азиялык оюндар башталат, андан кийин ноябрь айында ошол эле мамлекетте дүйнөлүк чемпионат өтөт. Мына ушул аталган мелдештерге сөзсүз түрдө биздин спортчулар катышаарын спорт агенттиги машыктыруучубузга маалымдаган. Учурда каржы маселеси колго алынган, эми башка өлкөдөн чакыруулар келсе ар дайым катышып турабыз деп ойлойм.

– Түркиянын турнирине биринчи жолу катышкан экенсиң, ал жерден алган таасирлериң тууралуу бөлүшсөң?
– Аталган таймаш жогорку деңгээлде уюштурулганы көрүнүп турду. Себеби, биз ал жерге барган күндөн баштап кеткенге чейин, Түркия элинин сый-урматын көрүп, абдан ыраазы болдук. Муну менен чектелбестен спортчуларды бардык жагынан камсыз кылып турушту. Алардын мага дагы бир жаккан жагы көрктүү, чоң, бардык шарттагы спорттук залынын ичи болду. Ошондо “качан бизде дагы ушундай заңгыраган спорт залы курулат болду экен?” деген ойлор келди. Мындан тышкары үч күн беттешип мелдеш бүткөндөн кийин, түркиялыктар бизди Түркиянын эң кооз көрктүү жерлерине алып барып эс алдырып келишти.

– Мына ушул мелдешке канча мамлекет катышты жана алардын спортчуларынын ичинен сен канчанчы орунду ээледиң?
– Бул беттешке ондон ашык мамлекеттин ичинен жүздөн ашык спортчулар катышты. Биздин Кыргызстандан болсо мен, Канимет Барпыбеков деген балбан жана биздин машыктыруучубуз Азамат Осмонбеков болуп кеткенбиз. Бардыгынан кызыгы ал жакта биз барганда башка өлкөлөрдүн балбандары мурда бизди көрүп жүрбөгөндүктөн башында теңине алышпай, маскаралагансып күлүшүп, булар жаңы келген немелер эмнени кыйратмак эле дегенсип түр көрсөтүп, өздөрүнчө эле кыйын болуп жатышкан. Беттешти күтүп ушундай ачуум келип ызырынып турган элем. Ошентип таймаш да башталып калды. Биринчи күнү 70 кг. салмактагы төрт балбан менен күрөштүм. Алардын биринчиси румыниялык спортчуну уткандан кийин, болгариялык балбан менен кармаштым, аны да жеңдим. Андан кийинки да эки өлкөнүн спортчуларын көтөрүп чапкандан соң, финалда эки балбан менен күрөштүм, ал таймаш мен үчүн абдан оор болду. Бирок акырында биринин артынан бирин жеңип жеңишке ээ болдум. Мына ошентип алтын медаль тагынгам. Менден тышкары дагы бир биздин балбан Канимет Барпыбеков да 90 кг. салмактан 1-орунду алды. Ошондо баягы башында кыйын болгон башка мамлекеттик балбандар өздөрү келип куттуктап, аты-жөнүбүздү улам-улам сурап, ал тургай биздин кыргыз калпактарыбызды 100 долларга сатып алам деп чыгышты. Бизде төрт эле калпак бар болгондуктан аларга “бизден сиздерге белек,”-деп жөн эле бердик.

– Ал эми силердин федерацияда кандай өзгөрүүлөр болуп жатат, кандай шартта машыгып жатасыңар?
– Учурда машыктыруучубуз Азамат Осмонбековго ыраазычылыгымды билдирип кетет элем. Ал балбандарды жөн гана машыктырбастан, биздин жакшы шартта машыкканыбызга чуркап аракет кылып жүрүп, мурунку эскирген кичинекей спорт залынан кененирээк залга көчүрдү. Мындан тышкары биздин Түркиядагы алып келген жеңишибиз биздеги балбандарга дем күч бергендей мурункудан да катуу машыгууда.

– Аталган күрөштөн бир канча жолу чемпион болгон экенсиң. Эми башка спорттун түрү менен машыгып көрсөмбү деген ойлоруң барбы?
– “Дарак бир жерден көгөрөт” деген макал бекерден айтылбаса керек. Мен күрөш менен бала чактан бери машыгып келе жатам жана машыга берем. Ар бир адам өзүнө жаккан ишти тандаса жана ошол багытка кетсе, ал инсан көп нерсеге жетет болуш керек деп ойлойм.

Абдырай кызы Бегайим, “Заман-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.