Улуу балерина

Музыканын теориясы болгондо он эки студент чөнтөктөй аудиториядан сыгылыша орун алчубуз. Сабакты композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти, коомдук ишмер Мукаш Абдраев өтчү. Мукаш агайыбыз сыпаа, ак көңүл, жөнөкөй, музыка изилдөөчүлөрдүн баасын кошумчалай айтканда музыкалык сабаты жогору, мыкты педагог эле. Тамчыдай ноталардын жүрөгү кандай согуп, күрөө тамыры кантип айланаарын тастыктаган теориядан айрымда башыбыз айланчу. Ошондой учурда агайыбыз көңүлүбүздү саамга башка темага бурчу.

Сүйүүнүн татаал жолунда

Ал мүнөттөрдө студенттер маданият тармагына башын сайган инсандар жөнүндө ашыга сурашчу.

– Агай, Бүбүсара Бейшеналиева турмушта кандай адам? – деди бир ирет Роза аттуу курбубуз.

Агай туна түшүп, чегип аткан чылымын өчүрө, сөз баштады.

– Апырткандык эмес, Бүбүсарадай төп адам чанда жаралат. Ал кишинин Кыргыз ССРи менен СССРдин эл артистикасы экенин, СССР Жогорку Совети менен Кыргыз ССР Жогорку Советине бир канча жолу депутат болгонун, коомдук иштердеги жигерин, сахнаны өзгөчө урматтаарын супарадай жайганга убакыт аз. Ток этээрин айтканда кол менен кармагыстай таза жан. Сөз баалап, убадага туруктуу. Жолдошчулукка бекем. Илбериңки, жапакеч. Кыскасы, Кудай Бүбүсарадан аянбаптыр. Элибиздин сыймыгына, сыйына татыктуу.

– Байбы? – Нурыйла бүлк этти.

– Негизги байлыгы сахна, – деди агай. – Андан тышкары шаардыктардыкындай квартирасы, “Волга” автомашинеси бар.

– Үй-бүлө күткөнбү? – Күлүй жазгана сурады.

– Балериналар төрөбөйт дешет го, – момураган жоош Апал быдылдап жиберди.

Мукаш агай борсулдай күлдү.

– Балериналардын деле үй-бүлөсү, балдары, тиричилиги болот, – деди күлкүсүн токтотуп. – Бүбүсаранын уулу бар. Камкор эне.

– Жалгыз жашайт дешет го? – Суроолор биринен сала бири узады.

– Уулу Эрмек Москвада окуйт.

– Жолдошучу?

– Ажырашып кетишкен.

– Эмнеге?

– Чоң сүйүүнүн айынан, – студенттер менен жубайлык сүйүү жагдайында биринчи сүйлөшкөндүктөнбү, композитордун үнү кысыла чыкты. Баарыбыздын жүзүбүздө: “Ортодо чоң сүйүү болсо эмнеге ажырашат?” деген беймаза суроо турду. Агай адатынча чылымын дембе-дем сорду. Дегиңкисин ал кишинин колунан чылым түшчү эмес.

– Сүйүүнүн опурталдуу жактары арбын,-деди сөзүн салмактуу улап, ичи тарлар агадил, ишенчээк адамдарга бөйпөңдөп атып, жумурундагы көөсүн чачат. Журтубуз чыгармаларын куштарлана уккан, таланттуу композитор Акмат Аманбаев Бүбүсаранын жубайы болчу. Эрмектин атасы. Экөөнүн тең ишенчээктиги ажырашууда башкы ролду ойноду. Адамдардын жеке тагдырларын талкуулоонун зарылдыгы жок, ал чыгарма эмес.

Балеттин тилин түшүнүүгө аракеттенди

Дагы бир жолу сахнанын ички турмушу жөнүндө сурадык. Ошондо опера жана балет театрынын башкы хормейстери С.Юсупов менен пикирлешти. Көп өтпөй бизди театрга ээрчитип барып, Султан Юсупович менен бирдикте сахна көшөгөлөрүнүн булуң-бурчтарына бир-экиден жашырган. Жашырып атып: “Ары-бери басып, иштегендерге тоскоол болбогула. Ушул турушуңарда сахнаны гана эмес, көрүүчүлөрдү да баамдайсыңар. Карегиңер ролдорду аткаруучулардын чеберчилигинде, кулагыңар музыкада болсун. Пикириңерди семинарда угам”, – деп талап кыла айткан. Ал күнү П.И.Чайковскийдин “Франческа да Римини” балети коюлаарын билчүбүз. Кудай жалгап, Франческанын партиясы Б.Бейшеналиеванын аткаруусунда экен. Ал киши чыкканда сахна жасалгасы көзгө илинбей калды. Бийчинин айжаркын табигый турпаты, кыймылынын элпек, көркөм, назик, ийкемдүүлүгү бири-бирине куюлуша, балеттин баа-баркын көкөлөтүп жиберген. Музыка Франческаны эмес, Франческа – Бүбүсара музыканы башкарып алган. Көрүүчүлөр кирпик ирмебей дымыраган.

Бийчи окуянын биринчи тутумунан соң көшөгөнүн артына чыкканда элтейе да, апкаарый тиктедик. Апкаарыганыбыз даңазалуу адамды жакындан көрдүк. Элтейгенибиз ууздай денесине тер чыбырчыктай жайылыптыр. Дем тартышы тез-тез. Артисттердин бөлмөлөрү тараптагы сахнага кирчү далиске көөнөргөн диван коюлуптур. Балерина ошо диванга энтиге, чалкалай отура калып, кайра туруп, ары-бери басып, байгеге чабылчу күлүктөй тыбырчылап атты. Убактысы келээр замат кайра чыкты сахнага. “ Кантип бийлейт?..” деп чочудук. Бирок, төрөлгөндөн капаста жашап, жашоонун эл ичиндеги ырахатын жаңы эле таткандай, жарпы жазыла бийлеген. Көрүүчүлөр балерина кайып болуп кетип, Франческанын образын таап кайра кайрылгандай, дуулдата алакан чапкан. Алакандардын добушу театр­ ичин толкутуп турду. Ошол күргүштөгөн сыйдын чордонунда балеринанын мончоктогон тери, күч-кубаты, тынымсыз изденүүсү, ден соолугу жатканын сахнанын кабат-кабат көшөгөлөрүнүн бүктөмүндө туруп алгач көрдүк. Көрдүк да балетти сахнага алып чыгуунун балээдей азап-тозогу бар экенин түшүндүк. Искусство жаатын, өзгөчө балетти урматтоо сезимибиз күчөдү. Балеттин тилин түшүнүүгө аракеттенип, аны толук кандуу кабылдоого умтулдук.

Журтунун кубанычын жүрөгү менен сезип…

Ушундан кийин Б.Бейшеналиева башкы каарманга айланган композитор М.Раухвергер менен балетмейстер Л.М.Крамаревский койгон “Чолпон,” П.И.Чайковскийдин “Аккуу көлү”, В.Власов менен В.Ференин “Анар”, И.Штраустун “Чоң вальс”, С.Прокофьевдин “Ромео жана Джульетта”, В.Власовдун “Асел”, Л.Минкустун “Дон Хикоту” жана башка балеттерди көрдүк. Көрдүк да кылымдардын эшигин кагып, муундан-муунга мурасталган дүйнөлүк классикаларды, элибиздин элегинен өткөн, кыялында жашаган кайталангыс чыгармалар толуктап атканын туйдук. Кубандык. Журтунун кубанычын жүрөгү сезген бийчи бири оң, бири терс дегендей татаал жана кызыктуу образдарды тынымсыз жаратты. Мисалы, “Чолпон” балетиндеги айлакер Айдайдын кескин өзгөрүлмө, кара жаактыгын балеттик жанрда алгач ачып, СССР элдерин суктантуу менен классикалык кыргыз балетинин түптөлүшүнө салымын кошкон. Балеттин тутумуна учкай токтолсок, Айдай – Бүбүсара адам баласын чакмак алып ойноочудай бороондогон кара күч. Анын душман санаганы Чолпон. Чолпон чыгыш аялдарына тиешелүү өзгөчөлүктө тарбияланган таза жан. Туңгуч, эркин сүйүүсүнөн бактысын табаарында жолунан айлакер Айдай чыгат. Айдайдын максаты көзү түшкөн Нурдинди Чолпондон тартып алуу. Карөзгөй жана таш боордугун утурумдук сулуулугуна жашырган мастан жигитке жароокер да камкор, акылдуу да боорукер көрүнүп, жүрөгүн суна, торун жаят. Жигит баш тарткан соң каш кагымда жан дүйнөсүнө жарашкан ажаан кебетесине кирип, Чолпондун баёолугун, сүйүүсүн кордойт. Басмырлайт. Акыры Айдайдын шумдуктуу айла-амалы, жаштардын таза сүйүүсүнүн алдында шоона эшпей, жеңилет. Бирок, Б.Бейшеналиева мас­тандын миң түркүн кубулуштагы карөз­гөй образын ийине чыгара иштегендиктен, балетти кайта-кайта көрүүдөн тажачу эмес­пиз. Себеби, балерина түркүн доордогу  каармандардын чөйрөсүнө болгон көз карашын, жек көрүүсүн, тиричилигин, сүйүүсүн, кыскасы адам баласындагы терең психологияны балеттин тилинде окуяны көз алдыга бүгүнкүдөй тартып, жаңыча чечмелечү.

Б.Бейшеналиеванын кайталангыс бийиктигинин сыры – балеттин түргө түшүрүүнү талап кылган күмүштүн эритмесиндей ийкемдүүлүгүн көрөгөчтүк менен боюна сиңиргенинде болчу. Ошол өзгөчөлүгүндө окуянын жүлүнүнө жан киргизип, көрүүчүнү жетелеп алчу. Ушуга шайкеш чиеленишкен образдардын түйүнүн чечүүнү көксөгөн көп кырдуу устаттыгы, драматизимге бай ички интеллектуалдуулугу ондогон чыгармалардын бактысын ачкан. Авторлорго сый тартуулаган.

Окуянын жүрүшүнө  жан киргизип

Балеринага экинчи ирет бетме-бет жолукканым да эсимден кетпейт. Анда “Лелинчил жаш” гезитинде кабарчы элем. Б.Бейшеналиева Африка өлкөлөрүндөгү жана АКШдагы гастролдорунан кайткан. Редакциялык жыйында гезиттин ишемби күнкү санына ал киши менен маек уюштуруу пландаштырылды. Маектешүү мага тапшырылды. Бул шейшемби күнү болчу. Убакыт чукул эле. Бирок, балерина менен жолугушаарыма кубандым. Тапшырма алаар замат театрга жеттим. Театрдын директору “Азыр эле чыкты”, – деп үйүнүн телефон номерин берди. Дароо телефон чалдым. Балеринанын жумшак үнү угулганда көптөн бери көрүшпөгөн жакын адамымды тапкандай толкундандым. Эртеси саат ондо театрдан жолугушмай болдук. Тогузда эле театрды алысыраактан акмаладым. “Ала-Тоо” кинотеатрын беттей басып, Эркиндик бульварына жеткенде балеринанын жогортон келатканын көрүп, негедир дүпүйгөн эмен багына далдалана калгам. Мүмкүн театрдан күтпөй жолдо жүргөнүмдөн уялгандырмын. Мүмкүн сүрдөгөндүрмүн. Өткөн-кеткендер бийчини урматтай карап атышты. Театрдын эшигинин алдына чукулдаганда гана актрисага катарлаша калып, саламдаштым. Жаштар гезитинин телефондон сүйлөшкөн кабарчысы экенимди айттым. “Адеп маектешели. Бүгүнкү көнүгүүлөрүм убакытты көп талап кылбайт,” – деди жаркылдай. Аба ырайы жөнүндө кобурашып, жогорку кабатка көтөрүлдүк. Балерина иш бөлмөсүнүн каалгасын ачкан соң, бөлмөгө адеп мени киргизип, сый көрсөттү. Маңдайлаш отурдук. Маектин максатын мурунку күнү телефондон айтканыма кубандым. Анткени, балерина кандай суроолор бар дебестен, отураар замат гастролдун жүрүшүнө канагаттана сөз баштады. Сүйлөп атканында күн желесиндеги периштедей көрүндү. Сөз менен айтып бералгыс ошол сулуулуктун шапатасында отуруп, убакыттын өткөнүн байкабагам.

– Кызыктырган суроолоруңардын баарына жооп бердим окшойт. Ошентип бул сапар да совет элин жер каратпай, бийик деңгээлде аяктады. Эми көнүгүү залына барып, айрым этюддарды жасайын, – деди жароокер жылмайып.

– Маегиңиз үчүн чоң ырахмат! – Шашыла тургам.

Коштошкон соң көчөгө батпай бапырап, редакцияга көңүлдүү келгем. Иш ордума отуруп, калем алып, маекти жазууга киришкенде гана кулагыма гастролдун жүрүшү илинбей, сулуулуктун туткунунда калганыма түшүнгөм. Өзүмө-өзүм күлгөм.

– Маек даярбы? – деди түштөн кийин редактор чакырып алып.

– Кечирип коюңуз, даярдай албадым. – Жооп берүү менен редактордун жемесин күттүм.

– Эмнеге? – Редактор ишенбегендей сурады. Себеби, тапшырманы аткарбай калган учурум болгон эмес.

– Жазалбадым, – дедим чындыкты айткандан уялып.

– Бул кайдыгердигиңиз биринчи да, акыркы да болсун, – редактор эскертүүсүн өкүм жана олуттуу айтты. – Сиздин ордуңузда башка кабарчы болсо катуу сүйлөшмөкмүн. Отуз мүнөт убакыт берем. Маекти кийиңкиге калтырып, маалымат даярдаңыз, – сөзүнүн аягын жумшак бүтүргөн.

Андан бери элүү жыл өттү. Коом алмашты. Өмүрлөр суудай акты. Жер томсорду, гулдөдү. Жаңы муундар келди. Ушул мезгилдердин баарында улуу балеринанын эмгеги кыргыз балет искусствосунун ырысына шерик жаңырып, жашарып келет.

Токтош АБДИЕВА, “Кыргыз туусу”, 22.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.