Актан Арым Кубат «Эне үчүн бейиш» тасмасы үчүн «Мыкты режиссура» сыйлыгын алды

“Эне үчүн бейиш” тасмасынан кадр

Кыргыз кинорежиссеру Актан Арым Кубат «Эне үчүн бейиш» тасмасы үчүн «Мыкты режиссура» сыйлыгын алды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары кабарлайт.

Чебоксарыда өткөн эларалык кинофестивалда «Сибирь. Мон амур» (Орусия) тасмасы башбайгеге ээ болгон. 45 жаштагы тасма режиссеру Вячеслав Росс «Мыкты сценарий» наамын жеңип алды.

Финлянддык «Ирис» (режиссеру Ульрика Бенгте)  киносу «Мыкты оператордук иш» деген сыйлыкка ээ болуп, ал эми Актана Арым Кубаттын  «Эне үчүн бейиш» (Кыргызстан-Казакстан) тасмасы «Мыкты режиссура» сыйлыгын алды.

Чебоксарыдагы бешинчи кинофорумда Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Польша, Финляндия, Тажикстан жана Швециядан 11 кинорежиссеру күч сынашкан.

Фестивалдык жумалыкта күн-түн дебей бекер кино көрсөтүлүп, чыгармачыл адамдар, белгилүү актер, режиссерлор менен жолугушуулар өттү. О.э. маалымат жыйын, чеберчилик-класстар уюштурулду.

«kyr.24.kg» MA, 28.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.