Арстанбап токою


Кыргыз жеринин табигый феномени болгон айтылуу Арстанбап-ата токойлорун көргөн да, көрбөгөн да арманда дегим келет. Мындай баалуу, табигыйлыгын сактап кала алган ажайып токойлор бизде гана кездешет. Менин чыгармачылык жолумдагы Арстанбап-ата токойлорун көрүп, аны менен таанышып, ичин аралап, ширин жемиштеринен таткандагы сезимди эч айтып жеткире албасмын. Баарынан таң калыштуусу – жергиликтүү элдин токтоолугу болду. Алар мындай баалуу байлыктын ээси катары өздөрүн бийик алып жүрүүнү билбеген жөнөкөйлүгү, жупунулугу таңдандырды. Ошол эле учурда бул токойлорго дуйнө эли суктанып, анын маселелерине көңүл буруп келишет.

Уламыш

Фергана жана Чаткал кырка тоолорунун чыгыш капталында деңиз деңгээлинен 1000 – 2300 метр бийиктикте “король токойлору” деген аталышка эгедер болгон эң сонун токой массивдери жайылып өсүп турат. Бул токойлордо грек жаңгагы, алча, алкор, алма, клен жана башка көптөгөн дарактардын түрү өсөт. Айтылуу Арстанбап дарыясынын боюнда жайылып өскөн бул жаңгак-мөмөлүү токойлор дүйнө жүзүндөгү эң ири токой массиви катары саналып, 600 000 гектар аянтты ээлеп турат. Аскалуу капчыгайларда бийиктен ылдый карай ак көбүк чачып агып түшкөн агын дайралардын шаркыратмалары бул ажайып жаратылышка ого бетер көрк берип турат.

Уламышта мындай кеп айтылат. Жоокерчилик заманда улуу колбашчы Александр Македонский жортуулдап келип, дал ушул жерде жүрүшүн токтотуп кайра артка кайткан экен. Себеби азыркы Хожент шаарын басып киргенде жоокерлеринин ичи өтүп, кырыла башташат. Колбашчынын кандуу кылычынан корккон жергиликтүү эл ага соогатка жаңгак ала барышат. Жаңгак жеген жоокерлер оорусунан айыгып, ал күчкө толо башташат. Кайткан сапарында ал жоокерлерине бул токойлордон жаңгак, алма сыяктуу жемиштерин алып кетүүгө буйруган, ошондон кийин кыргыз токоюнун жаңгактары гректерде пайда болуп, ошондон улам “грек жаңгагы” аталып калган. Эми бул ажайып жердин аталыш тарыхы туурасында айталы.

Эл оозунда айтылып калган көп уламыштардын биринде мындай деп айтылат; байыркы, эч кимдин эсинде так сакталбаган илгерки заманда Мухамбет пайгамбардын Арстанбап аттуу кызматкери болуптур. Баатыр мүчөлүү, алдуу – күчтүү кызматкерин пайгамбар дагы баалачу, анын ак кызматын көргөн пайгамбар кызматкерин жер бетинен бейиш кура турган ыңгайлуу жайды таап келүүгө буйруган экен. Арстанбап көп жерди кыдырып келип, агын дайралары кооз ушул түштүк жергесине токтойт. Болгону бул кооз жердин айланасына жашыл токойлор жетишпей тургансыйт. Арстанбап бул жерлерге токой дарактары болгон алма, өрүк, алча, бадам, мисте, шабдаалылардын көчөттөрүн эгип, багууну колго алат. Баарынан көп ал жаңгак дарактарын тигет. Бара-бара бул жайда эң сонун токой массиви пайда боло баштайт, бирок мээнеткеч багбан дагы клен, терек, мажүрүм тал, кайың сыяктуу бак-дарактарды өстүрүүнү улантат. Токой ичин ар кандай дарылык касиети бар чөптөр, жыпар жыттуу гүлдөр басып, тимеле ажайып көрктүү жерге айланат. Бул керемет жерде Арстанбап-ата абдан көп, балким миңдеген жылдарды жашап, акыры каза болот. Ошондо багбандын татыктуу эмгегин эске алып, жергиликтүү эл бул ыйык жердин атын Арстанбап-ата токойлору атап алышат. Бул күндө да республикабыздын эң баалуу, кооз токою болгон бул жер өзгөчө ботаникалык бак катары каралып келет.

Географиялык, демографиялык, экологиялык абалы

Арстанбап токою Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун чыгыш тарабында жайгашкан. Райондун Ошко кеткен негизги трассасынан солго күн чыгышка бурулган жан жаңгак дарактарынын “коридоруна” туш болот. Жолдун эки тарабында өскөн жаңгак дарактары дүпүйүп, көлөкөлүү узун коридорду пайда кылган, бул Арстанбап токоюнун башталыш босогосу көргөн жанды абдан толкундатат. Кыргызстандын бул жаңгак-мөмөлүү токойлору уникалдуу жаратылыш феномени болуп саналат. Негизинен грек жаңгактары, мисте, жапайы алма, алча, алкор жана башка дарактар бул токойдун эндемик өсүмдүктөрү экендиги менен баалуу. Алардын ландшафтык, экономикалык жана чарбалык мааниси да зор.

Бүгүнкү күндө токой аянтынын ичинде 200 000 адам жана токойго жанаша жерде 1 миллион адам жашап, алардын турмуш тиричилиги токой жана токой ресурстары менен тыгыз байланышкан. Айдоо жерлери аз болгондуктан жалаң токой ичинде жашаган элдин негизги тиричилик булагы ушул баалуу табигый байлыктар экени талашсыз. Жергиликтүү эл ар улуттан туруп, анда кыргыз, өзбек, тажик, орус, немец жана башка улуттардын өкүлдөрү жашашат.Анан албетте элдин үлүшкө тийген жерлери дагы токойдо, ал жерлерде малын багышат, айдоо кылышат, чөп чабышат дегендей элдин токойго тийгизген антропогендик таасири күч. Мал жаюуну, аларга тоют камдоону, мыйзамсыз токой кыюулар токойдун деградацияланышына, ал турсун токой аянттарынын кыскарышына алып келди. Анын күбөсү – токойдун азыркы абалы – токойдун табигый калыптанышы басаңдап, өсүмдүктөрдүн жашынын балансы бузулуп, көп токой аянттарында дарактар ооруга чалдыгып, ар кандай зыянкечтер пайда болгон. Жаңгак-мөмөлүү токойлорду башкаруунун азыркы абалын толук жакшыртуу менен кайра иштеп чыгуу талапка ылайык, мындай шартта токой чарбасын стабилдүү өнүктүрүүгө болбойт. Ошол эле учурда токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана рационалдуу пайдалануунун илимий жактан негизделген жолдору бар. Мындан улам:

1. Дүйнөдө орун алган аянтынын чоңдугу, баалуулугу, уникалдуулугу жана кооздугу боюнча табигый жаңгак-мөмө токойлору бирден бир экендигине байланыштуу;
2. Жаңгак-мөмө токойлору – бул токой биотүрдүүлүгүнүн бай, табигый генофондун сактоочу;
3. Бул токойлор жергиликтүү элдин жашоосунда зор мааниге ээ;
4. Жаңгак-мөмө токойлору жер кыртышын эрозиядан сактап, жер алдындагы суулардын балансын жөндөп, атмосферага жана климатка таасир этип турат.

Андыктан мындай баалуу токойлорду ашыкча ысырапкорчулукка алып келүү анын касиеттерине терс таасирин тийгизери анык.

Жаңгак-мөмөлүү токойлордо өндүрүмдүүлүктү жогорулатууда анын тазалап кыркуу, табигый көбөйүшүнө шарт түзүү, жаңгак мөмөлөрүнүн сапаттуу жаңы сортторун өстүрүү, токойду туруктуу башкарууну пландоого жергиликтүү элди катыштыруу жагы көп айтылып келет. Албетте, жаңгак-мөмөлүү токойлордун жаратылышын илимий изилдөө иштерин улантуу менен токой чарбалардын ишин жакшыртуу үчүн шериктеш мамлекеттер аралык илимий кызматташтыкты чыңдоо, токой дарактарынын илдеттери, андагы зыянкечтер менен күрөшүүнү жолго коюу жагын да кароо зарыл.

Жийде Асанбек кызы, “Айыл Деми”, 11.05.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Арстанбап токою

  • 02.10.2012 at 16:56
    Permalink

    Жайында Көлдө эс алып жүрсөк, Темир айылынан чыккан азамат 18-кылымдагы ретро мобиль машинесин өз колу менен чогултуп жасап, элди ташып жүрүптүр. Мына кыргыздын өнөрлүү жаштары! Кыргыз гезиттери ушундай маалымат жазса, башкалар да таасирленип техникагаг кызыгат беле…

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.