Кургак кесме

Алгач эт, пияз, сабиз өңдүү жашылчаларды кууруп ага суу куюп коебуз. Камырды колго жууруп, аны тегиз жайып кесмени колго бир калыпта кесебиз. Суналган кесмени карсканга бууга бышырып алабыз. Катуу, жумуртка кошулуп жуурулган камыр эзилбей куду алгачкы кескениндей суналып бышышы керек. (Анын эзилип же текши эмес бышканы жууругандан көз каранды.) Бышкан кургак кесмеге, жогоруда даярдалган шорпону аралаштырып же аз-аздан кошуп жеген жегиликтүү болот.

Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы, 85 жаштагы Озуйпа Ургазиева,
“Айыл Деми”, 01.2012-ж.

 

Kurgak_kesmeКамыр сууга салынбай, бууга бышырылгандыктан, кургак кесме аталып калган. Бул тамак тез даярдалганы, колдо бар азыктар менен жасалганы жана оңой бышырылганы үчүн Көл кылаасында популярдуу. Анан да «кайталангыс, өзүнө гана тиешелүү даамы бар» дешет көлдүктөр.

Керектелүүчү азыктар:

Эт – 400-600 грамм
Жуурулган камыр – 2 орточо жайым
Пияз – 1-2 даана
Болгар калемпири – 1-2 даана
Сабиз – 1 даана
Өсүмдүк майы – 400 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Кызытылган казанга май куюп, тууралган этти салып кууруйбуз.
2. Ага болгар калемпири, сабиз кошулуп дагы куурулат.
3. Этти көмгөндөй суу куюп бышыруу керек.
4. Эми камырды жука жайып, аны ичке кылып кесме кескичтин жардамы менен же колго кесүү кажет. Айрымдар камыр жайылган соң бетине май сыйпап, анан кесишет экен.
5. Эт жумшарып, бышууга аз калган маалда камырды касканга салып, эттин үстүнө коёбуз.
6. Эми казандын капкагын бекем жаап, 15 мүнөт демдөө абзел.
7. Камыр бууга бышканда аны табакка чыгарып, үстүнө эттүү чык куюлат.
8. Аралаштырып, дасторконго койсоңуз болот.

Эскертүү:

Каскандын ордуна таза чыбыктарды кайчылаштырып, эттин үстүнө тизип, анын үстүнө камырды коюп бышырса да болот.
Томат кошуу сунушталбайт. Бирок табитке жараша бир аз кошуп коюуга мүмкүн.
Мурчту арбыныраак кошсоңуз даамына чыгат.
Айрымдар эт бышып калган маалда бир аз картошка да кошуп бышырып жүрүшөт.

«Сары-Кол» сайты

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.