Улуу сөздөр

* * *
– Кызганычы жок сүйүү – жарым жартылай сүйүү.

* * *
– Кудай бизге ийгиликти убада кылбайт, бирок ал дайыма аракет кылып көргөнгө мүмкүнчүлүк берет.

* * *
– Жүрөктө жараатты эң жакын адамың гана пайда кылат. Анткени башкалар ал жакка кирчү жолду билишпейт.

* * *
– Ар бир адам бакыт тартуулай алат. – Айрымдар өзүнүн жөн эле жаныңда жүргөнү менен, көбүнчөсү өзүнүн көзүңө көрүнбөгөнү менен.

* * *
– Суунун тереңдигин эки бутуң менен текшербе.

* * *
– Адамдын эки сүйүктүү оюнчугу бар. Бири өзүнүн тагдыры, экинчиси бирөөнүн сезими.

* * *
– Сүйүү убакытты унутууга жардам берет. Ал эми убакыт сүйүүнү унутууга жардам берет.

* * *
– Адамды ылайдан алып чыкса болот, бирок ылайды адамдан алып чыгууга мүмкүн эмес.

* * *
– Алмашылгыс адам болбойт, унутулбас адам болот.

* * *
– Баарынан да сүйүү сүрөттө жакшы сакталат.

* * *
– Сүйүү бул оюн. Ким биринчи сүйөм деп айтса, ал утулган болот.

* * *
– Каракчылар же акчаңды, же өмүрүңдү алышат. А аялдар экөөнү тең.

* * *
– Эгер сизге бакыт такыр келе элек болсо, демек ал өтө чоң дагы, кыбыраган кадамдары менен келе жаткан болот.

* * *
– Тагдыр – бул биздин чечимдерибиздин жыйынтыгы.

* * *
“Адам биринен бири акылдуу, алдуу келгендиктен теңдик болууга мүмкүн эмес дешет. Теңдиктин укугу кайра дал ушундай учурда керек. Акыл менен алдын теңсиздигине укуктун теңсиздиги кошулса акылдуусу акылсызын, алдуусу алсызын биротоло тепсеп салмак”.

Кристоф ЛИХТЕНБЕРГ. Көрүнүктүү немис окумуштуусу, публицист.

* * *
Бир жолу Далай-Ламадан “Сизди эң көбүрөөк бушайман кылган эмне?” деп сурашканда ага ал мындай жооп бериптир:
– Адам баласы! Алгач ал көбүрөөк акча табыш үчүн болгон ден-соолугунан ажырайт. Анан ал ошол акчасын кайра эле ден-соолугун калыбына келтирүү үчүн жумшайт. Ошол эле учурда ал байкуш өзүнүн келечеги үчүн ушунчалык тынчсызданат экен, ушунчалыгы ушу, учурдагы жашоосуна эч бир алымсынып койбойт десең. Эң кызыгы, эч качан өлбөчүүдөй жашайт, а өлүп баратканда “өмүрүм текке кетти” деп өрөпкүп, өкүнгөнүн айт.

Биз, ар кимибиз өсөбүз, жашарабыз жана карыйбыз – бул боло турган, табигый көрүнүш. Убакыт учкан куштай зымырап, секунд артынан секунд кетип, эч качан токтобойт. Анын арышын кыскартып, токтотуу эч кимдин колунан да келбейт, күчү да жетпейт. А бирок акыл калчап үйрөнүү, аны аздектеп пайдаланып калуу албетте ар бирибиздин өз колубузда. Кандайдыр бир духовный каада салтты карманабызбы же жокпу, кандай болгон күндө да ар бир мүнөттү пайдалуу ишке жумшоо зарыл. Эгер биз бир күндү, жуманы, айды, жылды аздектеп, акылдуулук менен пайдаланууга үйрөнүп, жетише алсак, ошондо гана акыркы күн келгенде, ага узаарда, аны армансыз, эч өкүнбөй тособуз, ошондо гана өзүбүздү өтө бактылуу сезебиз.

Далай-ЛАМА. Тибеттердин Улук-Бакшысы

Соц тармактар:

One thought on “Улуу сөздөр

  • 09.02.2024 at 08:49
    Permalink

    Ар бир адам ката кетирет, бирок ошол катаны ондоо онойго турбайт.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.