Бешик түрк дүйнөсүнүн орток баалуулугу

Наристе-эне… Бул экөөнүнүн ортосундагы сезимдин, энелик мээримдин байланышын жүргүзүп турган баалуу нерселердин бири – бешик. Албетте бешик карт тарыхка ээ баалуулук катары түрк тилдүү элдердин арасында бүгүнкү күнгө чейин өз маанилүүлүгүн жана уникалдуулугун сактап келе жатат…

Алгачкы бешик…

Тарыхка көз чаптырсак, эң алгачкы бешик биздин замандын биринчи жүз жылдыгына таандык. Ал археологиялык казуулар учурунда Орто Азиянын Жети-Суу өрөөнүндө табылган. Демек, ата-бабаларыбыз байыртадан эле жаңы төрөлгөн наристеге өзгөчө кам көрүп, тарбиянын башатын бешиктен башташкан. Бешиктин пайда болуусуна таасир эткен бирден-бир тарыхый фактор көчмөн калктардын жер которуудагы наристеге түзгөн ыңгайлуулук жаратуу. Себеби көч учурунда уктап жаткан наристени аярлап, бешикке салып, атка же төөгө артып алып көчүп-конушкан. Ошондой эле руханий жактан алып караганда бешик эне менен баланын ортосундагы сыйкырдуу күчтү бекемдеп турган баалуулук дешет адистер.

“Алдей-алдей ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк”

Тарыхчы, этнограф Роза Абдалиеванын айтымында бешик эң биринчиден баланын ден-соолугу үчүн пайдалуу. Дененин тың, сөөктөрдүн түз калыптануусуна өбөлгө түзөт. Аны менен катар эле наристенин психологиясынын калыптануусуна чоң таасирин тийгизет. Себеби эне чүрпөсүн бешикке салып, эмизип жатканда энелик сүтү жана алдей ыры аркылуу өзүнүн мээримин, энелик сүйүүсүн, ой-толгоолорун, тилек-максаттарын бере алат. Мунун далили катары төмөндөгү эл ичинде ырдалып жүргөн мээримдүү мүнөздөгү, көшүлткөн ыргактарга бай, жүрөктүн түпкүрүнөн сызылып чыккан мукамдуу бешик ырларын айтсак болот:

“Алдей бөбөк ыйлаба,
Энекеңди кыйнаба.
Элди жоодон коргогон,
Баатыр болор бекенсиң.
Эл таалайын ырдаган,
Акын болор бекенсиң.
Алдей-алдей ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк.»

Ата-эненин ички тунук сезими, коомдук турмушка болгон көз карашы камтылган терең мазмундуу ырлардын ар бири наристе үчүн тарбиялык мааниси өтө зор. Демек, бешик эненин баланы тарбиялоодогу эң негизги мотивациялык каражаты.

Мураспы же сувенирби?

Бешиктин жасалуусу тууралуу Ош базарында бешик сатуучусу жана уста Баймурат Адылов: “Бешик негизинен арчадан, кара талдан, кайыңдан же болбосо суунун жээгинде өскөн теректен жасалат. Себеби суунун жээгинде өскөн дарак ийилчээк болот. Ал эми бешиктин эң баалуусу – арча бешик болуп саналат. Бирок учурда арчадан бешик жасаган усталар сейрек кездешет. Анткени арчадан жасалган бешиктин баасы кымбат жана базарда суроо-талап жокко эсе. Учурда наристелерибиз дээрлик бешикке салынбагандыктан бешик сатып алууда да сапатына көп маани беришпейт. Бешик тойдун символу катары каралган сувенирдик буюмга айланып бараткандыгы өкүнүчтүү. Ошол себептен бешикти мурастык баалуулук катары карабагандыктан, анын сапатына эмес арзандыгына кызыгышат,” – деди.

Бешиктин жабдуулары

Бешиктердин базардагы баалары жөнүндө айтсак, орточо 1000 сомдон 5000 сомго чейин. Ал эми арча бешик 10 миң сомдон жогору турат. Бешиктин жабдуулары миң сомдон өйдө. Учурда жабууларына, борткосуна ар түрдүү оймо-чиймелер түшүрүлүп, ал эми күлтүктөрү айнек, желимден да жасалат. Бешиктин жабдуулары жана бешик тойдогу каада-салттар тууралуу маалымат алуу максатында бешик тойго катышып, тойдун улуу байбичеси Багдагүл апаны кепке тарттык.

Жабуулары – бешикти сыртынан жабуучу кездеме. Жайкы жабуу тордон тигилет жана баланы чымын-чиркейден сактайт. Кышкы жабуу балага жылуу болуш үчүн калың кездеме – баркыттан тигилет.

Бортко – баланы байлоо үчүн жумшак кездемеден тигилген жазы курлар. Бала муну менен эки жеринен: тизесинен жана төшүнөн таңылат. Төшүн таңуучу бортко узунураак жана кененирээк, ал эми бутун таңуучу бортко кыска жана ичке болот.

Олпоктору – күлтүктүн орду оюлган үч кабат төшөк болот. Эң астыңкы олпоктун ичине арчадан салып тигишет. Бул баланы курт-кумурскадан сактайт. Анын үстүнө баланын асты калың болуусу үчүн эки катар төшөк салынат.

Шимек – заара агып, күлтүккө түшүүгө ыңгайлашкан буюм. Жыгачтан жасалган жаңы шимекти кызып турган майга салып күйгүзүп алуу керек. Андан соң күнгө жакшылап кургатат. Ошондо жыгачтын майда таарындылары жоголуп, сыйда болот. Шимек эркек балага өзүнчө, кыз балага өзүнчө жасалат.

Күлтүк – баланын заарасы менен заңы түшүүчү идиш. Адатта бул идиш чоподон же жыгачтан жасалат. Бирок азыркы күндө айнектен, пластмассадан жасалган идиштерди да колдонуп жүрүшөт. Заара ары-бери чайпалып, чачырабаш үчүн күлтүккө топурак же күл салып коюшат.

Жаздык – баланын башына коюлат.

Бут ороосу – баланын бутунан белине чейин жабуучу жууркан.

“Бешик боо бек болсун!”

Бешик жалпы эле түрк дүйнөсүнө: кыргыз, өзбек, түркмөн, түрк, казак жана улуттарга таандык. Бирок бешик берүү салты ар улутта ар башкача. Кыргыздардагы бешик берүү салтына токтоло кетсек, баланы бешикке салуу ырымы кыргыздарда кадимки чоң той менен коштолот. Салт боюнча бешикти төрөлгөн наристенин таенеси алып келет. Ал эми наристенин бешикке салынган күнүн бешик той деп аталат. Бешик наристени бакканга, таза кармаганга, уктатканга бир топ ыңгайлуу. Бешик тойдо керектүү даярдыктар көрүлүп, эки мал союлуп (малдын бирөөсүн тайлары алып келет), айыл-апа, куда-сөөк, тууган-уруктар, тааныштар чакырылат. Конокторго сый көрсөтүлүп, андан соң баланы бешикке салуу жөрөлгөсү башталат. Баланы бешикке көптү көрүп, көп жашаган, көп төрөгөн, дөөлөттүү байбичеге салдырышат. Эгер ымыркай кыз болсо чоңойгондо уз болсун деп бешикке кайчы, сөйкө, шуру салынат. Эркек болсо уста, эр жүрөк баатыр болсун деп чүкө, камчы, балта салынып ырымдалат. Баланы бешикке салаардын астында бешиктитин ичи-сыртын арча менен аласташат. Бөлөп жаткан учурда ыйлаак болбосун жана ырыскылуу, берекелүү болсун деп оозуна боорсок тиштеп алат. Аягында байбичелер бата тилеп, чачыла (тыйын, момпосуй) чачып, бешиктеги ымыркайды апасына беришет.

Учурда бешик менен кошо анын ордун заманбап бешиктер (манеждер) ээлеп жаткандыгы баарыбызга маалым. Айыл-кыштактарда өз маанилүүлүгүн сактаган бешик тилекке каршы шаарларда колдонуудан чыгып баратат. Муну менен катар эле бешик ырлары да ырдалбай унутта калууда. Бирок мындан кийин да ата-бабалардан белек болгон бешикти кийинки урпактарга мурас катары сактап калуу керек. Себеби бешик канча кылымды карытып келген түрк дүйнөсүнүн орток баалуулугу экенин адистер баса белгилешет.

Гүлзат Каримова, Орозгүл Арстанова, “Манас” гезити

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.