Азия элдеринин жомоктору, мифтери жана эпосторунун негизиндеги мыкты сценарийге эл аралык адабий сынак


Корей Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлиги азия элдеринин жомоктору, мифтери жана эпосторунун негизиндеги мыкты сценарийге эл аралык адабий сынак жарыялайт.

Сынактын шарты боюнча, ага каалаган адам катыша алат. Адамдын жарандыгы, жашы боюнча чектөөлөр жок. Сынакка жеке адам же болбосо чыгармачыл топ катыша алат.

Сынакка көркөм тасмага, мультфильмге, сериалга, комикске жана мюзиклга сценарийлер кабыл алынат. Алар уюштуруучулар тандап алган Түштүк Кореянын жана Борбордук Азиянын 23 фольклордук чыгармаларынын негизинде жазылышы керек.

Сынакка автордук сунуш (2 баракка чейин), синопсис (3 баракка чейин) жана сценарийдин өзү (20 баракка чейин) кабыл алынат.

Аталган материалдар 6-июлга чейин жөнөтүлүшү керек.

Сыйлыктар:

1-орун – 20 млн. вон (800 миң сом)!

3 млн вондон (120 миң сомдон) 5 атайы сыйлык.

Байланыш дареги: tanyaleer@yahoo.com

Сынактын сайты: http://asiastoryroad.com/

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.