Эрнис Асек уулу: “Мелис байкем чоң жазуучу болмок”

Мелис байке ” Жымжырттыкты жактырам” дечү. Азыр ошол өзү сүйгөн жымжырттык дүйнөсүндө. Ал эми тирүүлүк жашоосу баягыдай ызы-чуу, будуң-чаң, жетип-жетпей уланууда. Мелис байке арабызда болгондо ушул күздө элүүгө чыкмак. Бирок муңдуу, үнсүз элүү жаш жакындагансыйт. Ошол элүү жашты утурлай жакын адамдары тарабынан жакшы идеялар менен Мелис Эшимканов атындагы фонд уюштурулуп, ушул жылдын 9-июнунда ачылышы болгону турат. Биз бүгүн Мелис байкенин бир тууган иниси Эрнис Асек уулу менен маек куруп, алардын балалык күндөрүнө сапар алдык.

– Балалыгыңыздар кандай өттү? Мелис байке кичинекейинде эле шок бала беле?
– Байкем балалыкты эскергенде жети айлык, итий болуп төрөлүп, анан чоң атам ал мектепке барганча жайлоодо чоңойтконун гезитке жазып калчу. Чынында эле ошондой болгон. Аябай алсыз болуп төрөлөт. Атабыз ал убакта Тогуз-Тородо дарыгер болуп эмгектенчү экен. Мелис байкем ооруп жатканда атамдын агасы үйгө келип калып, байкемди көрүп: “Тоодо айран-сүт менен чоң апасы багып берсин. Силер иштеп да жатсаңар” – деп тоого алып кетет. Өзү айткандай, тоодон эле түшө калган бала эмес болчу. Кышкысын жакага түшүп, атамдардын жанында эле чоңойгон. Кийин апамдан сурасам, Мелис байкем бейбаш эмес, бирок абдан тынчы жок болуптур. Экөөбүздүн ортобуз сегиз жаш. Бала кезде сегиз жаш билинбегени менен, бир топ эле айырма экен. Мелис байкем мен билгенден эле үйгө жолочу эмес. Мектепте коомдук иштерге катышып, футболго, ийримге барып, КТРде алып баруучу болуп, айтор, үйгө жолочу эмес. Кечинде келип жатып калганын эле көрбөсөм, экөөбүз кечке көрүшчү эмеспиз. Мелис байкеме таң калганым: ошону менен өмүр бою үйгө жолобой өттү.

– Бала кезде дагы кандай кызыктуу күндөр өттү?
– Биз беш бир тууганбыз. Мелис байкем үйдүн улуусу болсо, мен кичүүсү, ортодо үч кыз бар. Мелис байкеме окшоп атам да тамашакөй киши эле. Балдарым концерт коет деп койсо, биз бир саатка жакын кадимкидей концерт берчүбүз. Коноктор залда олтурса, биз кире беришке парда тартып, мени столго чыгарып коюшчу. Мелис байкем: “Азыр Асек кызы Нурила ырдайт” деп, ырдын аталышын, композиторуна чейин айтып, өзү да ырдап, анекдот айтып күлдүрүп, кадимки чоң концерттерди алып баргандай алып баруучу болчу. Бала кезден калган элес катары анын окууга тапшырганы эсимде. Журналистика факультетине тапшырып өтпөй калды. Ал кезде атабыз тирүү, мен кичинекей элем. Атам-апамдар: “Мелис кызуу кандуу эле. Кайда кетти экен?” ,- деп эле кейип жатышты. Түн бир оокумда атам таап келди. Ызаланганынан жалгыз шаардын сыртына чыгып кетиптир. Кийин ошол окуяны айтып калчу. Оозеки жооп берип, мугалим экзамен баракчасына эки коюп коет. Айтканын бербеген байкем мугалим менен талашып-тартышып көнбөгөн да, баракты айрып туруп мугалимдин бетине ыргытып кетиптир. Кийинки жылы окууга өтүп кетти. Ошондо эле эч нерседен тайманбастыгы, көктүгү көрүнүп турбайбы. Атам Мелис байкемди аябай жакшы көрүп, ушул уулуман бир нерсе чыгат деп сыймыктанчу. Эсимде калганы: кечкурун бактын түбүнө олтуруп алып көпкө сырдашышчу. Ошондо эмне тууралуу сүйлөшүшкөндөрү али күнчө табышмак. Экөө сырдаш эле. Чынында Мелис байкем менен мен антип сүйлөшкөн жокмун.

– Мелис байке калем кармап жазууга кандайча кызыгып калды?
– Саманчиева деген кыргыз тили жана адабияттан берген жакшы эже бар эле. Кийин мага да сабак берип калды. Ал эже сочинение жаздырат. Анан байкеме айтпай эже сочинениесин “Кыргызстан пионери” гезитине салып жиберет. Ал гезитке чыгып калат. Анан эле гезитке чыккан сонун турбайбы деп жаза баштайт. Ошо бойдон колунан калем түшкөн жок. Ошолордун баары чогултулган, бир китеп чыгарса болот. Кызы Жылдыз Америкага алып кетти. Кичинекей кезинде жазса да абдан кызыктуу жазыптыр. Анын бир өзгөчөлүгү – жандуу жазчу, тимеле ар бир сөзгө жан киргизчү.

– Китепканадагы эски тиркемелерди карап олтурсам, гезит бети да Мелис байке журналистикага келгенден тартып тирилиптир…
– Мелис байке чоң жазуучу болом дечү. Чынында эле чоң жазуучу болмок. Журналистикага, андан ары саясатка аралашып кетти. Ошо менен жазуучулук өнөрү калып калды. Болбосо, студенттик кезде жазган новеллалары, аңгемелери шумдук болчу. Көбү жоголуп кетти. Мен жакында эле киноповестин, эки-үч новелласын таап алдым. Бирок аяк жактары жок экен. Анын студент кезинде жазгандарын окуп калдым. Ошолору чыкпай да калды. Жашоосун жалаң жазуучулукка арнаса, балким, башкача тагдыр күтмөк. Стиль десе, стили, сөз байлыгы десе, сөз байлыгы бар эле. Былтыркы жылдары “Чыгарма жазбайсызбы” десем, “Жакшы идеялар бар, байкап көрөм го” деп койду. Тилекке каршы, жазылбай, айтылбай өзү менен кошо кетти.

– Калемден тышкары кинону дагы жакшы көрчү ээ?
– Бала кезден кино менен да “ооруду”. Режиссер болом деген тилеги бар эле. Журналистикага кирип кетип, ошону менен бошобой калды. Кийинчерээк “сценарийин экөөлөп жазып кино тартпайлыбы” деп калчу. Бала кезинен кино “­оорусу” болчу. Шукшиндин фильмдерин жата калып көрчү. Мен көп нерсени Мелис байке аркылуу тааныдым. Жазгандарын окуп, достору менен сүйлөшкөнүн угуп чонойдум.

– Ага-инилик мамилеңиздер кандай эле?
– Чын-чынына келгенде экөөбүз сүйлөшчү эмеспиз. Бири-бирибизди көз карашыбыздан эле түшүнчүбүз. Керектүү учурда бир ооз кеп-кеңешин айтып койчу. Калганын өзүм айттырбай билчүмүн. Бул жашоодо Мелис байкемен бөлөк эч ким менен анчалык алыстан түшүнүшө албайм. Дарыгер болгонго кызыгып жүрүп, кийин ыр жазып, макала жазып – мен дагы калем менен ооруп калдым. Айылдамын, апамдар дарыгердин окуусун оку дешет. Бир күнү Мелис байкеме: “Дарыгер болом дечү элем. Мен дарыгер боло албайм. Сизге окшоп журналист болгум келет. Апамдарга айталбай жатам” деп кат жазып жибердим. Кайра көлөмдүү жазылган жооп келди. Катка: “Кеп сенин дарыгер болушуңда эмес. Кеп адам болушуңда. Атаңды тарткың келсе, абийири таза адам бол. Атабыз ошондой адам болчу” деп жазыптыр. Ошол сөзү өмүр бою жүрөгүмдө калды. Кийин өзү айылга келип, “журналист болгуң келсе, гезитке жазбайсыңбы” деп багыт берип кетти. Орус гезиттерин, журналдарды, китептерди сен окуй турган нерсе экен деп алдыма таштап койчу. Бала кезден китепти көп окучумун. Ар кайсыны окуй бергенге деле болбойт да. Мелис байкем китеп тандоодо мага багыт көрсөтчү. Ошол багыт аркылуу дүйнөлүк адабиятты окуп кеттим.

Бири-бирибизди жакшы көрчүбүз. Бирок камыр-жумур болуп аябай эзилишпей, аралыкта гана ошол нерсени сезчүбүз. Үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү талкуулачу деле эмеспиз. Сүйлөшкөндө эле эмне проблемаң бар дечү. Айтсам, дароо чечип койчу. Мага мамилеси ошол бойдон калды. Мен үйлөнөөрдө да биринчи апама эмес, Мелис байкеме айттым. Башымды оорутпай дароо эле “алып кел” деди. Үч күн өтүп-өтпөй эле үйлөнүп калдым. Кандай маселе болбосун, ойлонуп олтурбай маселени дароо чеччү. Акчасы жок болсо, таап койчу.

– Дүйнөлүк дөө-шаалар тууралуу талкуулачу белеңер? Кимдерди казып окуду?
– Андай деле көп талкуулачу эмеспиз. Айтматовду көп окуду. Жаш кезинен Фолкнер менен катуу ооруду. Студент кезинде Фолкнерди казып окуду. Хэмингуэйди окуду. Студент кезинде новеллаларын жоготуп алып, жогорку курс­тун студенттери Султан Раевдер таап алып, “Сен Кубат Жусубалиевди туурап жазат турбайсыңбы. Өз стилиңди таппайсыңбы” дешиптир. Анда Кубат Жусубалиев ким экенин билчү эмесмин дейт. Атамдан ажырап, сегиз айлык баласы чарчап – турмуштан ушундай кыйналып жүргөндө Кубат акеге жолугуп, рухий дем-күч болуп экөө табышкан экен. Ошо бойдон байкемдин көзү өткөнчө экөө жакын адамдардан болуп жүрүштү.

– Мелис байке менен акыркы күндөрүндө эмне тууралуу сүйлөшчү элеңиз?
– Акыркы бир жылда бир үйдө чогуу жашадык. Эки-үч саат сейилдеп келчүбүз. “Мелис байке бүтүрө албай кеткен иштерди сен улант” дешет. Өзү да: “Сен бошсуң, менин иштеримди улант. Кубат акенин этегинен кармап чыгармачылык жолунда болушуң керек”,- деп айтчу. Бирок бул анын ички рухий турмушу. Тагдыры. Акыркы күндөрү “Шайлоо тынч өтүп кетсе, чыгармачылык менен гана алпурушуп, рухий акыйкат жолунда болом, мындан аркы өмүрүмдү тынч өткөрөм, саясатка кирбейм” деген тилеги бар эле…

«Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий