2013-жылда ЮНЕСКО «Манас» үч илтигин материалдык эмес маданий мурас катары Кыргызстандын атынан кабыл алуу маселесин карайт

2013-жылда ЮНЕСКО «Манас» эпосунун үч илтигин материалдык эмес маданий мурастар катары Кыргызстандын атынан кабыл алуу маселесин карайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков билдирди.

Анын айтымында, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар комитетине «Манас» үчилтигин киргизүү боюнча талаптар аткарылып жатат.

“Каражаттын жоктугунан Кыргызстан өз маалында “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар катары тизмеге киргизүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Буга чейин Кыргызстан ЮНЕСКОнун Башкы Ассамблеясынын бир да жыйынына катышкан эмес. 2009-жылы Кытай “Манас” эпосун оозеки чыгармачылык  деп  СУАРдын  Кызыл-Суусунда  жашаган  кытайлык кыргыздардын атынан киргизген.

Көптөгөн ызы-чуулардан соң Кытай “Манас” эпосу Казакстанда, Өзбекстанда жана Кыргызстанда жашаган кыргыздарга да тиешелүү деген пункту киргизип койгон”, – деп айтты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар боюнча өкмөттөр аралык комитеттин вице-президенти Динара Чочунбаева.

Махабат Момуналиева, «Кабар» МА, 12.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.