Кыяктын күүсүн сактап келаткан карыя

Элетте комуз, кыякта кол ойнотуп, ооз комуз, чоор жасагандар, улуттук музыкалык аспаптарды чапкандар азайып баратат.

Жалал-Абаддын Шыдыр айылында жашаган Барамшаа Абдрахманов кыякта чоң күүлөрдү аткарат, бирок ал жараткан күүлөрдү жаздырып алган адам жок. 93 жаштагы кыякчы жаштардын бул аспапка кызыкпаганына капа.

Жалал-Абаддын Шыдыр айылында жашаган Барамшаа Абдрахмановдун дасыккан кыякчы экени “Бекарстан тайчы”, ”Аксаткын менен Мырзауул”, “Эсимде” сындуу улуу күүлөрдү бериле тартканынан баамдалууда. Карыя кыяк тартууну бозой кезинде жергиликтүү өнөрпоздун “кыяк тартуу сенин колуңдан келбейт”, – деген намысына тийген сөзүнөн кийин өз алдынча үйрөнүптүр:
Арапбай деген кыякчы болоор эле. Бир күнү ойноп барсак “сен жигит эмессиң, же комуз билбесең, же комуз чертпесең”, – деди. Ал кыяк тартат, мен азыраак комуз дыңгыратам. Мен “тартам, үйрөнөм”, – дедим. Ал “үйрөнө албайсың” деди. Анан бир күнү үйүнө барсам өзү жок. Аялынан сурап, кыягын алып кетип калдым. Ошентип талаада кыякты үч күн кыйкылдатып жүрүп үйрөнүп алдым.

Ал Дүйнөлүк экинчи согуштан кайткан соң Өзбекстанда иштеп жүрүп кыяк чабат.
Бир чоң өрүктү жыгылтышкан экен. Андан бир тарашаны алып, кыяк чаптым. Анан ага эчкинин терисин каптасам тепке тешип койду. Тунуке каптасам дагы болбоду. Жылкынын куйругу болгону менен тери жок. Анан үйгө келгенден кийин кыяк чаап алдым.

Чоңойгон балдары өнөрүн жактырбаганда кыйла жыл бою кыяк кармабай да коет. 70-жылдары Базар-Коргондо өткөн элдик таланттардын сынагына катышып, “Перизат” күүсүн аткаруу менен калыстар тобунун сынына толот. Ошондо алар сунуштаган маданият тармагында иштөөгө Барамшаа аксакал көнбөй койгон экен.

Эң кызыгы – көп жыл бою колуна албай койгонгобу, бир кыйла кыяк күүлөрүн араң эстегени менен ушул тапта талашка түшүп жаткан “Манас” дастанынын көөнө вариантын ошол калыбында унутпаганында.

Барамшаа карыянын өнөрү ар түрдүү. Ал кезегинде өрүктөн кыяк, комуз чаап, үзөңгү-куюшкан өңдүү ат жабдыктары менен талаа жумушуна жарачу кетмен-күрөк жана башка шаймандарды өз устаканасында темирден жасачу.

Жин даарыган адамдарды окуп, айыктырмай касиеттен да кур эмес. Карыя азыркы кыякчылардын айрым күүлөрдү ойногонуна ичи чыкпайт:
Кыякчылар “Кер өзөндү” колун ойнотуп тартат. Мындай бөлөк тарткан адам жок. Оң кайрык, кош кайрык деген болот.

Кыякчы бир канча күүлөрдү жараткан, бирок ал чыгармалары жазылып алынбай, өзү ойноп жүрөт.

Элетте комуз-кыяк чаап, чоор, ооз комуз жасап, аларда ойногон адамдар сейректөөдө. “Бул аспаптарга жаштардын кызыгуусу аз”, – дейт ал:
Кызыккан жаштар жок десе болот. Күүлөрүмдү жаздырган адам деле жок. Үйрөнөм дегендер болгон. Бирок үйрөндүбү, же жокпу – аны билбейм. Бир кезде менден кыяк алып кеткендер болгон. Эсимден деле чыгып калды. Эсиме түшкөн күүлөрдү ойноп бердим. Ушул неберем комуз кармайт. Ушуга үйрөтүп коем.

Ырысбай Абдыраимов, «Азаттык», 25.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.