Бишкектик жазуучунун китеби жалпы Россиялык адабий “Улуттук бестселлер” конкурсунун “фавориттери” тизмесине кирди

Владимир Михайловдун (Лидский) “Русский садизм” романы калыстардын өтө чоң кызыгуусун жана көптөгөн талаштарды жаратты. Сынчылардын айрымдары китеп биринчи орунду алууга бардык мүмкүнчүлүгү бар деп эсептеген болучу.

Бирок, жарыя кылынгандай 2011-жылдын “Улуттук бестселлеринин” (Нацбест) жеңүүчүсү болуп москвалык чиновниктердин турмушунан алынган Александр Тереховдун “Немцы” китеби аталды. В.Михайловдун (Лидскийдин) китеби кыска тизмеге (шорт-лист) кирген.

Ошондой эле, бул китеп дагы бир россиялык атактуу Андрей Белый сыйлыгынын кыска-тизмесине да киргенин айта кетүү керек.

Учурда “Русский садизм” китеби россиялык китеп дүкөндөрүнө сатыкка түшүп, бестселлерлер тизмесинин алдында келе жатат. Романдын Бишкектин китеп дүкөндөрүнө келип түшүүсү ушул жайда күтүлүүдө.

Автор тууралуу:

Владимир Лидский (Михайлов Владимир Леонидович) – кыргызстандык прозаик, акын, кино тарыхчысы, культуролог.1

1957-жылы Москвада туулган. ВГИКти (Бүткүлсоюздук Мамлекеттик кинематографтар институту) бүтүргөн. 1984-жылдан бери Бишкекте жашайт.

КР кинематографисттер Союзунун мүчөсү. Кыргыз ССРнын кинематографисттер союзунун сыйлыгынын эки жолку (1985 жана 1988) жеңүүчүсү, Жалпыкытайлык телефильмдер фестивалынын дмпломанты, Эл аралык “Золотая строфа” (Алтын сап) поэзия конкурсунун жеңүүчүсү.

“Кыргызстандын жаңы адабияты”, 06.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.