Кулагыңарга куюп алгыла, журналисттер, министрлер, депутаттар!

Белгилүү публицист, сөз устаты Эсенбай Нурушев – кыргыз журналистикасынын өнүгүү жолундагы бараандуу авторлордун бири. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн. Чыгармачылык чыйры «Советтик Кыргызстан» (мурдагы “Эркин Тоо”, “Кызыл Кыргызстан”, азыркы “Кыргыз туусу”) гезитинен башталып, 1979-жылдан тартып бөлүм башчы, узак жылдар бою (1984-1991) аталган гезиттин редакторунун орунбасарлык милдеттерин аркалаган. Кыргызстан эгемен болгон алгачкы жылдары (1991-1994) Кыргызстан Жогорку Кеңешинин басмасөз, котормо жана коомдук байланыш бөлүмүн жетектеп келген. Кийин Эркин Европа/Азаттык радиосунда иштеп, аналитикалык макалалары менен коомдун алдыңкы өкүлү катары биртоп омоктуу ойлорун айтып келет. Өзгөчө тил жаатында айткан мерчемдүү ойлору азыркы журналистика жаатындагы кесиптештерибизге усулдук негизде зарылчылык жаратып тургансыйт. Биз ошол келемтеңи толуктаар ойлорунан айрым үзүндүлөрдү өз окурмандарыбыздын ой элегине салууну эп көрдүк…

***

Азыр кыргыз Түркияга барса – түркчө, Батышта болуп келсе – ангилисче сүйлөп келет, эки орус отурган жыйында орусча сүйлөйт. Бу ошол онтологиялык коопсуздук сезим бузулганы. Радловдун сөздүгү менен азыркы тилди салыштырсаң, бул оркоюп көрүнөт. Болбосо мына куранды, уланды мүчөлөрдү алалы, айрыкча –лык, – дык деген жалгама мүчөлөрдү чала сабат журналисттер ылайыгы келсе-келбесе деле көрүнгөн сөзгө жабыштырып, тилдин ишпалдасын чыгарып бүтүштү. Кайсы гезитти окуба, «орусиялык инвестиция», «орусиялык кредит», «кытайлык товарлар» дегендей айтымдар жайнайт. «Акаевдик режим», «Бакиевдик бийлик» дешет. Ыракматы Чыкенин мааракесине арналган макалаларда «Айтматовдук энциклопедия», «Айтматовдук аалам», «Айтматовдук кейипкерлер» дегендей бирдемелер өтө көп айтылды, болгондо да аларды жазуучулар, адабиятчылар, сынчылар, академик наамын алгандар айтып-жазышты. Мунун баары ошол онтологиялык коопсуздук бузулганын билдирет.

***

Дагы бир «өнөр» пайда болду: «мен ойлойм», «мен ойлоп атам», «мен ойлоп турам», «мен эсептейм». Бу баягы орусча сүйлөм башындагы «я думаю», «я считаю», «я полагаю» дегендин сөзмө-сөз көчүрмөсү. Мунун баарын кыргызча ойлоналбай калган саясатчылар, политологдор, өздөрүн эксперт эсептегендер айтууда. Аларды журналисттер жаңы табылгадан бетер жабыла кайталап, элге жайылтканы андан бетер күчөдү. Жыйынтыгында келип кыргызча сүйлөмдүн түзүлүшү, кыргызча сөз ыдыры бузулуп, энетилдин өзгөчөлүгү жоголуп, кайреле орусташып кетип атпайбы. Чындыгында кыргыз эки дүйнөдө да минтип сүйлөгөн эмес, анткени биздин тилде этиш дайыма сүйлөмдүн этегине түшөт.

***

Кыргызга жек көрүнүш оңой: болгону сөздүн туурасын айтып кой.

Театр кийим илгичтең башталса, сабаттуулук тыныш белгилерди туура пайдалануудан башталат.

***

Тыныш белгилерин Пушкин музыкадагы нотага салыштырган. Алар ойдун оролун бөлүп көрсөтөт, сөздөрдү ыраатка салат, сүйлөмгө ыргак берип, угумун арттырат, түшүнгөнгө жеңил кылат. Эң негизгиси – тыныш белгилери жазма тилде музыкадагы нотадай кызмат кылат: бүткүл текстти бекем туташтырып, логикалык бир көгөнгө байлайт, аларсыз сүйлөмдөгү сөздөр ыдырап-бытырап кетмек.

***

Константин Паустовский жаш кезинде аңгеме жазып, каратып алганы редакторго берет. Бир аптадан кийин окуп көрүп, өз текстине өзү ишенбейт: аңгемеде бир да сөз оңдолбоптур, алып-кошкон да эчтеме жок экен, бирок арбир сүйлөмү тартылган сүрөт өңдөнүп ушунчалык таамай, так… Таза таң калган жазуучу: «Бу шумдукту кантип жасадыңыз?!» десе, редактор: «…болгону үтүр-чекитин ордуна коюп чыктым» – дептир.

***

Гегель менен Толстойдо бир сүйлөмү жарым, атүгүл бүтүндөй бир бетке созулуп кеткен жерлери бар. Алардын тексттеринен тыныш белгилеринин мүрөл үлгүлөрүн көрсө болот. Мындан тышкары сүйлөм башында, ортосунда же этегинде көп чекит койгонду жакшы көргөн авторлор да аз эмес. Көп чекитти В.Набоков шыбыш чыгарбай, «бутунун учу менен басып кеткен сөздөрдүн изи» деп эсептеген…

***

Тыныш белгилерин сүйлөм тутумунда каалагандай калчай билген зергерлер да үтүргө келгенде батылдык кылалышкан эмес, анын алдында баары тайсалдап, «таксыр» деп турушкан. Көөнө алиппелерде «сүйлөмдүн сүйкүмү үтүргө жараша болору» айтылганын белгилеп, Иван Бунин өз ордунда турбай калган үтүр «бүтүндөй бир сүйлөмдү жыдытып саларын» эскерткен.

***

Башкасын айтпайлы, баягы жылы бир шайлоодо мыйзамдагы тикенектей бир үтүрдөн улам улуттук масштабдагы жаңжал чыкканы эсибизде. Дегеле туура эмес коюлган үтүр бир сөздү теңирден тескери мааниге өткөрүп жиберет. Мисалы, «келе бер» (приходи) дегенди «келе, бер» (ну-ка, дай), «ой токтот» (поразмыслить) айтымын «ой, токтот» (ну-ка, останови; хватит, перестань) кылып сала алат. Буга окшогон мисалдар толтура…

***

Онтологиялык коопсуздугу бузулган эл өзүнүн урух-уркун, дүйнө таанымын, тилин, маданиятын, тарыхын, салт-санаасын аңдап, ажыратып тааный албай калат.

***

Анткени, себеби, бирок, жана, менен, андыктан, ошондуктан деген байламталардан кийин үтүр белгиси коюлбайт.

***

Машине сүзүшпөйт, себеби анын мүйүзү жок. Машине кагышат.

***

Юдахин сөздүгүндө машина деген сөздүн котормосу – машине деп жазылган. Кыргыздар «кир жуугуч машине» деп айтат. Аны«кир жуугуч унаа» деп айтууга болбойт. Эл «унаа базар» эмес,«машине базар» деп айтып көнгөн.

***

«Отставка» – деген сөздү кызматтан чегинүү деп которуп атышат. «Түзүлгөн жагдай президентти кызматынан чегинүүгө мажбур кылды». Туурасы – «Түзүлгөн жагдай президентти кызматын тапшырууга мажбур кылды». «Отставка» – «оставил» деген сөздөн келип чыккан. Демек, кызматтан бошонот, кетет, тапшырат, түшөт. Бирок кызматтан чегинбейт.

***

«Суд был отложен» – «Сот артка жылдырылды» деп которушат. Бул туура эмес, себеби сотту кечээги күнгө жылдыруу мүмкүн эмес. Артка жылбайт – күзгө калат, жазга калат, эмки жылга калат.

***

«Талапкерлигин жылдырды» деген сөз айкашы кыргыз тилинде кадыресе көрүнүш болуп калды. «Выдвинул кандидатуру» – деген сөз айкашын сөзмө сөз которуп алышкан. Кыргыздар «талапкерлигин коет» деп айтышат.

«24.kg» MA, 08.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.