Эрнис Турсунов, Кыргыз эл акыны: “Дөө-шааларыбыздын артында тукум калбаптыр”

“Триумф жана трагедия” аттуу искусство адамдарына арналган жаңы китептин ачылыш аземи 13-июнь күнү Опера жана балет театрында болуп өттү. Китептин авторлору – Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов жана кыргыз эл артисти Дариха Жалгасынова. Китепте жүздөн ашык өткөн кылымдын отузунчу, кыркынчы, элүүнчү жылдарындагы сейрек фотосүрөттөр жана кыргыз искусствосунун жүзү болгон атактуу адамдар тууралуу иллюстрациялар жарык көргөн. Китеп төрт бөлүктөн турат. Опера жана балет, драма театры, филармония жана акын-жазуучулар. Китепке “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков демөөрчүлүк кылып, “Турар” басмаканасынан жарыкка чыкты.

Китептин жазылышы тууралуу кечээ Эрнис Турсунов агайдын өзүнө кайрылганыбызда төмөндөгүлөргө токтолду: “1939-жылкы кыргыз адабияты менен искусствосунун жүзүн Москвага, бүткүл союзга тааныткан кыргыз декадасы өткөн. Ошол декадада “Айчүрөк”, “Ажал ордуна”, “Алтын кыз” деген музыкалык драмалар, опералар коюлуп, москвалыктар абдан таңгалган. Андан тышкары Карамолдо, Ы.Туманов, П.Шубин баштаган эл аспаптар оркестри концерт коюп, кыргыз искусствосунун жүзү, ажары дүйнөгө таанылган. Бул китепте мына ошолор баяндалып, биринчи бөлүгү опера-балет театрына, анда иштеген атактуу аткаруучуларга арналат: Абдылас Малдыбаев, Анвар Куттубаева, Ашыраалы Боталиев, Мариам Махмутова, Кыдырбек Чодронов, Артык Мырзабаев, Сейдакмат Токтаналиев, Салима Бекмуратова, Болот Миңжылкиев, Хусейин Муктаров, балет бийчилери Бүбүсара Бейшеналиева, Айсулуу Токомбаева, Чолпонбек Базарбаев, Улан Сарбагышев, кийинки ырчылар Токтонаалы Сейталиев, Кайыргүл Сартбаева, Дариха Жалгасынова. Экинчи бөлүмгө филармония кирет. Андагы атактуу Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы, Сагынбай, Саякбай, Ыбырай, Карамолдо, дастанчы Актан, Атай, Шекербек, Асылбек комузчулар, Мыскал Өмүрканова, Муса Баетов, Жумамүдүн Шералиев, Жапар Чабалдаев ж.б. толгон-токой аткаруучулардын баскан жолу бар. Үчүнчү бөлүктө – драма театры. Алгачкы карлыгачтары Ашыраалы Боталиев, Аманкул Куттубаевден тартып, Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Сыдыкбек Жаманов, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Сатыбалды Далбаев, Мираида Далбаева,Таттыбүбү Турсунбаева ж.б. бар. Төртүнчү бөлүгүндө сахнадагы чыгармаларды жараткан акын-жазуучулар Жоомарт Бөкөнбаев, Жусуп Турусбеков, Касымаалы Жантөшев, Токтоболот Абдымомунов, Чыңгыз Айтматов баштаган көптөгөн акын-жазуучулар жазылды. Искусство адамдарынын аткарган чыгармалары менен бирге, чыгармачылык жолу, ага тийген кедергилер, атаандаштык, көралбастыктын адамзаттын өмүрүндө коштоп жүргөнү жазылат. Триумф деген бул салтанат, трагедия – кайгы-муң. Искусствонун дөө-шаалары жалаң салтанаттын үстүндө жүргөн менен, көпчүлүгүнүн тагдырлары трагедиялуу. Мен искусствонун, эл каймактарынын артында калган тукумдарын изилдеп жүрөгүм ооруду. Көпчүлүгүнүн артында тукум жок. Калса да, турмуштары начар, улуу адамдардын учугун улантчу уул-кыздары жокко эсе”.

Жамиля Таштанбеков

P.S. “Де-факто” гезити мындан ары сан сайын ушул китептен алып, көзү өтүп кеткен улуу адамдардын тагдырларын четинен бере баштамакчыбыз. Ушундай укукту тандап туруп биздин гезитке бергени үчүн авторлорго ыраазычылык билдиребиз.

«Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.06.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Эрнис Турсунов, Кыргыз эл акыны: “Дөө-шааларыбыздын артында тукум калбаптыр”

  • 20.06.2012 at 04:53
    Permalink

    Триумф жана трагедия,аты айтып тургандай сонун китеп болсо керек.Болсо азыр эле окугум келип турат.Уулу, таланттуу адамдардын баскан жолдорун окуп билүү мага абдан кызык.Авторлор,Эрнис Турсунов жана Дариха жалгасынова,сиздерге терең раазычылыгымы билдирем.Бар болуңуздар!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.